Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Ардагер балбан Чынарбек Изабеков экинчи жолу дүйнө чемпиону болду


Чынарбек Изабеков
Чынарбек Изабеков

Кыргызстандык Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 7-октябрда Польшада башталган мелдеште Изабеков 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Чейрек финалда Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Петер Федерикону 6:1 эсебинде утту. Жарым финалда польшалык Иренеузс Пепловскини 7:0 эсебинде жеңди. Финалда молдовалык Валериян Заболотный менен таймашып, 8:0 эсебинде таза жеңишке ээ болду. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайты кабарлады.

Изабеков ушуну менен экинчи жолу ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 2015-жылы Грекияда 40 жаштан 45 жашка чейинки курактагы балбандар арасында 85 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, уткан.

46 жаштагы Чынарбек Изабеков учурунда СССРдин чемпиону болгон. 18 жашында дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынган. 21 жашында ден-соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын токтоткон.

Ошондой эле Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев коло медаль тагынды. (ECh)

XS
SM
MD
LG