Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Өлкө боюнча биометриканы аныктоочу алты миң жабдык иштеп жатат


Добушканада.
Добушканада.

Мунун ичинен 47 гана жабдык иштебей калган, анын 17си Бишкек шаарында. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, тизмелердеги так эместиктер боюнча шайлоочулар кайрылган:

-Бизге эртеден бери өзүн тизмеден таппай калган жарандардан 1200 кайрылуу түштү. Бул өткөн жылкы парламенттик шайлоо учурундагы көрсөткүчтөн үч эсеге аз. Ушундай эле көрсөткүч тизмеге да байланыштуу. Быйылкы шайлоо, референдумга даярдык мурдагыга салыштырмалуу мыкты болгон. Айрым адамдар эски паспорттору менен, биометриканы тапшырбай туруп келип, добуш берем деп талап кылгандар бар.

Мелис Эржигитов шайлоочулардын тизмеси быйыл такталып, андан 27 миң киши чыгарылганын, анын ичинен 25 миңи каза болушканын, эки миң киши кыргыз жарандыгынан чыгып кетишкенин ырастады. Ал эми тизмеге жаңыдан 91 миң киши кошулду. Алардын 71 миңи 18 жашка толгондор, калгандары биометрикасын тапшыргандар.

Мамлекеттик каттоо кызматы 11-декабрдагы шайлоо жана референдумдагы мүчүлүштүктөр массалык эмес деп белгилөөдө.(AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG