Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкекте кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды


Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгына арналган эл аралык конференция өттү. Анда ымаланы бекемдөө жана өнүктүрүү маселесинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу да талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Орусия-Кыргызстан: өнөктөштүк, келечекке умтулуу (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык)” деп аталган жыйынга эки өлкөнүн парламенттеринен түзүлгөн комиссия мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү жана адистер катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү багытында “Говорит Москва” радиосунун башкы директору, “Комсомольская правда” гезитинин директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Мамонтов баяндама жасады.

XS
SM
MD
LG