Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Кыргыздан чыгаан шахматчы чыгабы?


Шахматчы Бактыгүл Тиленбаева "Азаттыктын" студиясында.
Шахматчы Бактыгүл Тиленбаева "Азаттыктын" студиясында.

Кыргызстандан чыккан чыгаан шахматчылардын алды башка мамлекеттерге кетип калып жатат. Анткени, көпчүлүгүнүн эл аралык турнирлерге чыгууга каражаты жок.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын сегиз жолку катышуучусу, спорт чебери Бактыгүл Тиленбаева шахматка шыктуу өспүрүмдөр колдоо жоктугунан баралына жеткенде аны таштап коюп жатканын айтат.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кандайча шахматты үйрөнүп калдыңыз?

Бактыгүл Тиленбаева: Менин бала чагым Нарын облусунун Эмгекчил колхозунда өттү. Ал учурда атам партиялык кызматкер болгондуктан, ар кайсы жерге жумушу менен которо берер эле. Атам ошол колхоздо башкарма болуп иштечү. Мага шахматты агам үйрөткөн. Кийин экинчи класска көчкөндө биз Нарынга көчүп келдик. Нарында шаарында мектепте Эдил Алымбеков деген агайыбыз мектептин биринчилигин өткөрүп, мен тогузунчу класста окуган кыздан кийин экинчи орунду алдым. Ошондон баштап шахмат боюнча турнирлерге катышып, шахмат чөйрөсүнө аралашып калдым.

“Азаттык”: Шахмат сизге эмнеси менен кызык?

Бактыгүл Тиленбаева: Негизи шахматты өзгөчө кичине балдарга “шахматчы болсун” деп эмес, алардын ой жүгүртүүсүн, логикасын өстүрүү үчүн үйрөткөн жакшы. Шахматты гана үйрөтүп кой, башка эч нерсенинин кереги жок. Анткени мен ноябрь айында жаңы бир группа ачтым. Алар 5-6 жаштагы балдар. Арасында төрт жаштагысы да бар, бирок ага кичине эртелик кылып коёт. Балага мисалы “сууну кечпе” десең, ал кайра атайын кечет. Ал эми шахмат ойногондо бала жүрүштөрдүн баарын үйрөнүп алып, атаандаштын бир пешкасын жеш керек болот. Ошол беш жаштагы бала тур менен ошол пешкага жетүү жолун издей баштайт. Бул жерде анын ой жүгүртүүсүнө шарт түзүлүп жатат.

“Азаттык”: Шахмат бул акыл оюну. Айрымдар бул оюн улуттук бир кулк-мүнөзгө да байланыштуу деп калышат. Мисалы, жөөттөр, индустар жакшы ойнойт деп угуп эле жүрөбүз. Чын эле ошондойбу?

Бактыгүл Тиленбаева: Чындыгында биз канча турнирлерге барып жүрөбүз, мен бул ойго кошулат элем. Негизи “Манас” эпосун окуп көрсөңүздөр, “Төрөм, сен бул жерде кол салуу болуп жатса, чатыраш ойноп отуруп алдың” деген саптарды кезиктирдим эле. Азыр да так эстей албай жатам. Ошол убакта эле шахмат болсо керек. Бирок кийинчерээк шахматка көңүл бурулбай калса керек.

Ал эми жөөттөр болсо негизи укмуштай кыйын эл экен да. Бирок менимче, кыргыз балдарына көбүрөөк көңүл бурсак, биз алардан кем болбойбуз. Мына мен үч баланын энесимин. Мен өзүм физикмин, Илимдер академиясында иштедим. Анан үч баламды ар кайсы кружокторго ташый баштадым. Аял киши үчүн негизи тренердик жумуш абдан жакшы нерсе экен. Каалагандай убактысын коюп алып, баарына жетишип жүрдүм. Ошондо мен балдар менен иштеп жүрүп бир нерсени көрдүм. Биздин балдар кайсы олимпиадага барбасын, медалы жок куру кол кайткан жок. Биздин балдарга колдоо жок болуп жатат. Эгерде турнирлерге көп катыша турган болсо, биз алардан кем болбойбуз.

“Азаттык”:
Кыргызстанда Инаркиев деген шахматчы жигит чыккан эле. Ага сиз айткандай мамлекеттен колдоо болбой калдыбы же демөөрчү табылбай калдыбы, Кыргызстандан кетип калды. Азыр ал кайда, сизде маалымат барбы?

Бактыгүл Тиленбаева: Азыр ал Москвада аспирантурада окуйт. Эки жыл мурда мен Москвага шахматтан мектептерде сабак берүү боюнча семинар өткөрүлгөндө баргам. Эрнестке ошондо жолуккам. Ал Кыргызстанда жүргөндө Азиянын чемпиону болгон, эң жакшы көрсөткүчтөрдү бере баштаган. Эми бизде балдар кичине кезинен өзүнүн таланты, күчү менен бир жыйынтыктарды көрсөтүшөт да. Андан кийин алар жашы жеткенде эле алсырап калып жатат. Бул тренерлердин жетишсиздигинен болуп жатат.

“Азаттык”: Совет доорунда Кыргызстанда бир топ шахматчылар чыккан. Ал эми азыр Кыргызстандын дүйнөлүк шахмат рейтингиндеги орду кандай?

Бактыгүл Тиленбаева: Негизи рейтингди алыш үчүн дүйнөлүк аренага катышыш керек. Ал эми биздин балдар болгону эки жылда бир олимпиадалык турнирге катышат. Эл аралык опен турнирлерге катыша албайт. Бирок дүйнөлүк рейтингде деңгээлибиз төмөн болгону менен, биздин балдар сентябрда Ханты-Мансыдагы олимпиада жакшы ойношту. Аялдар командасы акча тартыштыгынан барбай калышты. Гуанжоуга барганда алар укмуш ойношту. Эң күчтүүлөрдүн бири деген Въетнамдын командасын 4:0 менен утушту. Гуанжоуда сегизинчи орунду алды. Баары таң калышпадыбы!

“Азаттык”: Шахматка жөндөмдүү балдарга өзгөчө мамиле керек болсо керек?

Бактыгүл Тиленбаева: Негизи атайын азыр көрсөтмөлүү китептер бар. Ар бир нерседе система керек да. Биз болсо ар кайсы жактан олуп-чолуп үйрөтөбүз да. Бир калыпта үйрөтүү керек. Ноябрь айында мен эксперименталдык топту ачтым. Алар жазып дагы үйрөнүп жатышат. Быйыл март айындагы республиканын турниринде алар ортодо жүрүштү.

“Азаттык”: Негизи шахматчыларды уникалдуу кишилер деп коюшат. Кээде адаттан тышкары бир жоруктарын айтып калышат. Сизде дагы шахмат таржымалыңызда ошондой бир учурлар болду беле?

Бактыгүл Тиленбаева: Андай деле окуя болгон эмес. Бирок мен шахматты ушунча жакшы көрөм. Анан мен Илимдер академиясында иштеп жүргөндө бир жылда бир ойноор элек. Ошондо ушунчалык бир сонун партияны алып келип, мына эми мат кылам деп туруп эле, бир туура эмес жүрүш жасап алып, жеңилип, анан үйгө келип алып ыйлаган күндөрүм болгон. Кыздарым “апа, ыйлаба эми” деп соороткон учурлар болгон.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG