Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Сагынбаев: Бильярддан миллиард тапса болот


Бильярд боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев июнь айында Ысык-Көлдө чоң турнир өткөрүүгө камынууда. Ал 20-апрелде кезектеги эл аралык таймашка катышуу үчүн Орусияга аттанды. Сагынбаев сапар алдында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


“Азаттык”: Каныбек мырза, сизди чемпион болду деген сөздөрдү эле угуп калабыз, өзүңүздүн таржымалыңызды кыскача айта кетсеңиз?

Сагынбаев: Сегиз жашымдан бери бильярд ойноп келе жатам. Спорттун башка түрлөрүнө деле кызыгуу болгон, футбол ойночумун, бирок кудай ушул бильярдды буйруптур. Учурда Кыргызстандын намысын коргоп жүргөнүмө сыймыктанам.

“Азаттык”: Эмнеден бул оюнга кызыгып калдыңыз эле?

Сагынбаев: Бишкектеги автовокзалдын жанындагы бильярд клубуна достор менен кирип ойноп жүрүп эле кызыгуум күчөп кетти. Ошол күндөрдөн тарта бильярдды жактырып, сүйүп калдым десем болот.

“Азаттык”: Спорттун башка түрлөрү көп го, элиталык деген теннис бар, футбол бар...

Сагынбаев: Аны өзүм деле түшүнбөйм, айтып коюшат эмеспи адамда 10 пайыз талант анан 90 пайыз мээнет болуш керек деп, балким, башка спорттун түрүн тандасам деле ушундай ийгиликтерге жетишмекмин.

“Азаттык”: Бильярддын кандай түрлөрү бар?

Сагынбаев: Бильярддын негизги үч түрү бар: орус бильярды, орус пирамидасы деп коёт, анан дагы англиялык снукер жана америкалык пул бар, снукер менен пул эми гана Азияга кирип келе жатат. Ушул бильярддын үч түрүн тең олимпиадалык оюндарга киргизип койсо, абдан жакшы болмок.

“Азаттык”: Снукер деп айтып калдыңыз, бул оюн учурда дүйнө жүзүндө көпчүлуктүн ышкысын алууда. Элиталык, интеллектуалдык жана татаал оюн экен. Снукердин биздин өлкөдө келечеги барбы?

Сагынбаев: Снукердин келечеги бар, атайын снукер жана пул үчүн жакында эле мектеп ачылды, ал жакта жалаң гана снукердин столдору турат.

“Азаттык”: Байкасак сиз кээде чечүүчү учурларда уттуруп коёсуз. Эмоцияга алдырып жибересизби, же трюктарды көрсөтөм деп ушундай болуп калабы?

Сагынбаев: Ар кандай болуп калат, башта жүз вариант болот, кээде ойлогонубуздай болбой, таптакыр башкача болуп кетет. Айрым учурда ийгиликтүү болот, эмоцияга алдырып жиберген учурларыбыз да сөзсүз болот.

“Азаттык”: Бишкекте, башка шаарларда бильярд клубдары абдан көп, бильярд бул - көңүл ачуубу же спортпу?

Сагынбаев: Менин оюмча, бул экөөнө тең кирет, анткени адамдар бильярд ойноодон кадимкидей эс алышат, күнүмдүк турмуштагы маселелерди бир аз унутушуп, көңүл ачышат. Ошол эле учурда бул - олуттуу мамилени талап кылган оюн.

“Азаттык”: Сизди мелдештерден көргөндөр маңдайы жарык жигит экен деп тамшанып калышат, көз арткан кыздар көп болсо керек?

Сагынбаев: Эми билбейм, бар го... Андай учурлар деле болот.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG