Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Ысык-Көл - парус спортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу


21-апрелде Анталияда кыз-келиндердин бокстан дүйнө чемпионаты башталат. Президент Роза Отунбаева өлкөдө парус спортунун өнүгүшүнө кызыкты.

Рингде кыздар согушат

21-апрелден 1-майга чейин Анталия шаарында бокс боюнча кыз-келиндер дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашат. Мында Кыргызстандын намысын 4 кыз коргойт. 16 жаштагы кыздар таймашына Альбина Мамбетова (46 кг.) жана Ажар Жамгырчиева (63 кг.) катышып, рингге чыгат.

18 жаштагы Жаннат Талантбек кызы (48 кг.) менен Бактыгүл Усупбаева (51 кг.) дүйнө чемпионатына алгач ирет катышууда. Түркияга боксчу кыздарды машыктыруучулар Рустам Бегалиев менен Мирлан Жээнбаев баштап барышты.

Дене тарбия жана спорт агентигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, кыздардын тажрыйбасы жетишсиз болгондуктан байгелүү орундарга жетүүсү күмөн.

Калкылдайт көлдө жел кайык...

20-апрелде президент Роза Отунбаева өлкөнүн парус федерациясынын жетекчиси, орусиялык ишкер Владимир Кирикти кабыл алып, бул спортту өнүктүрүү маселелерин талкууга алды. Жолугушууда федерация жетекчиси Орусия, Тайланд, Кытай, Пакистан, Катар өлкөлөрү менен кызматташуу келишимдери түзүлүп, Ысык-Көлдө парус спортун өнүктүрүү долбоору каралып жаткандыгын билдирди.

Ал быйыл жайында парус регаты боюнча өлкө президентинин Кубогуна арналган эл аралык турнир уюштуруу сунушун да айтты:

- Парус спорту Ысык-Көлдө туризмдин өнүгүшүнө да өбөлгө болот. Учур талабына ылайык спорт базаларын салууга жаңы инвестиция тартууга ыңгайлуу, - деди Владимир Кирик.

Өлкө жетекчиси Роза Отунбаева дагы Кыргызстанда парус спортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт бар экенин белгилеп, Ысык-Көлдө атайын жаштар лагерин түзүүнүн зарылдыгын билдирди.
Чынында өлкөдө яхта, парус спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл абдан ыңгайлуу. Бирок бул спорт тармагына анча көңүл бурулбай келген.

Совет доорунда Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Кажысай жана Балыкчы шаарларында парус, яхта спорт клубдары болсо, учурда Балыкчыда гана бар. Олимпиадалык оюндардын программасында парус, яхтанын 12 түрү боюнча мөрөй талашуулар өткөрүлүп жүрсө, Кыргызстанда болгону үч түрүнөн команда сакталып калган. Балыкчыда бир кишилик “Оптимис” жана “Луч” , эки кишилик “Кадет” түрлөрү боюнча гана мелдеш өтүп жүрөт.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Насирдин Акылбековдун айтымында кыргызстандык парусчулар кийинки он жылдан бери Азия чемпионатына катышпай калышкан. Гребле кайык жарышына гана көңүл бурулуп, былтыр Азия оюндарында Александр Пароль коло байгелүү болгон.

- Яхта, парус боюнча эл аралык мелдештерди Ысык-Көлдө өткөрүүгө мезгил жетти. Чет жактан парустуу яхталарды сатып, алып келүү кымбатка турууда. Казактар менен өзбектер Ысык-Көлдө жайы-кышы машыгууларын өткөрүп, командаларын даярдап жатышат. Кыргызстандыктар көлдүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жатабыз. Туристтердин көлүбүзгө көп келүүсүнө да өбөлгө болмокчу.

Союз ырдырагандан кийин Ысык-Көлдөгү яхта, парустар да менчиктештирилип, айрымдары эскилиги жетип, керектен чыгып калган. Кээсинин тетиги табылбай, токтоп, каралбай калган. Ошондуктан келечекте Ысык-Көлгө туристтерди тартуу, эс алууну эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн яхталарды жаңыртуу, куруу маселеси пайда болгон.

«Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Эркинбек Салымбековдун айтымында, алар «Шаршенбай» аталышындагы узундугу 16 метр 20-25 кишилик яхтаны жана дагы 4 парус яхтасын куруп, Ысык-Көлгө жеткирген:

- Учурда алар туристтерди тейлеп жүрөт. Бул яхтанын өзгөчөлүктөрү: бир жума бою көл үстүндө жээкке келбей саякаттап жүрүүгө ыңгайлуу. Мындан сырткары “Дордой” фирмасы 7-8 метрлик спорттук 4 яхта куруп, туристтер түшүп, сейилдеп жүрүшөт. Парус спорт ийримдери жок. Яхталарды тейлөөчү, оңдоочу борбор болсо дурус болмок.

Ысык-Көлгө орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык ишкерлер да өздөрүнүн чакан яхталарын алып келишип, парус спорту менен машыгууларды өткөрүп жүрөт.

Жылына бир-эки гана яхта, парус жарыштары болоорун, учурда парустун орточо баасы 500 доллардан 2 миң долларга чейин жетээрин парус спорт федерациясынын мурдакы жетекчиси Райкан Алканов айтып, куру убада берген жетекчилерды сынга алды.

- Бизде мыкты машыктыруучулар, адистер бар эле. Алар дагы чет өлкөлөргө кетип калышты. Чынында эле яхта- парус спортуна көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт. Техникалык жабдуу жагынан жана каражат маселеси гана кендирди кесип турат. Жылына бир жолу парустуу яхталар менен бир гана мелдеш өткөрүлүп жүрөт. Биздин жигиттер Пакистан, Индиядагы жарыштарга да барып келишкен. Спорт чиновниктери иш кылбай эле, мактанганды жактырат. Өзүбүз дагы жалкоо болуп, баарын бирөө даярдап берүүсүн гана талап кылабыз.

Борбор Азиядан жалгыз Андрей ат ойнотот

Кыргызстандык ат спорт чебери Андрей Шалохин Германиянын Лейпциг шаарына аттанып кетти. Ал Борбор Азиядан ат спорту дүйнө Кубогуна катышуу укугуна ээ болгон жалгыз спортчу. Андрей “Чарлиз” аттуу аргымак менен 25-апрелде өнөрүн көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG