Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Футбол - өлкө деңгээлинин көрсөткүчү


Кыргыз футболчулары Кытай командасы менен таймашууда, Гуанжоу, 2010-жылдын 10-ноябры.
Кыргыз футболчулары Кытай командасы менен таймашууда, Гуанжоу, 2010-жылдын 10-ноябры.

Дүйнөдө футболдун таасири артып баратканы жалпыга маалым. Бирок экономикалык жагдайдан улам кыргыз футболунун деңгээли жылдан жылга төмөндөөдө.

Кыргызстандын футболдон 20-чемпионаты жекшембиде Бишкекте жана Кочкор-Атада башталды. Түндүк аймагында мелдеш Бишкектин «Дордой» жана «Алга», түштүк аймагында Оштун «Алай» менен Кочкор-Атанын «Нефтчи» командалары ортосунда болду. «Дордой» жана «Алганын» беттешүүсү 5:2 эсебинде аяктаса, былтыркы чемпион «Нефтчи» жана «Алайды» 2:1 эсеби менен утуп алды.

Кыргызстандын футбол федерациясынын мелдештерди өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Дастан Конокбаевдин айтымында, быйылкы таймашууларга жаңы уюшулган “Ысык-Көл” командасы гана кошулду.

- Өлкөнүн быйылкы футболдук 20-чемпионатына 6 команда катышып жаткандыктан алар өз ара 20 беттешүү өткөрүшөт.

Түндүк аймагынан Бишкектин “Дордой” жана “Алга” клубу, Канттын “Абдыш-Ата”, Караколдун “Ысык-Көл” командалары жогорку лигада мөрөй талашууда.

Түштүктөн мурдакы жылдары да төрт-беш команда жогорку лигада ойноп келсе, быйыл Кочкор-Атанын “Нефтчи” жана Ош шаарынын “Алай” командалары гана таймашка катышууда. “Нефтчи” клубу нигериялык футболчуларды кабыл алып, катарын күчтөп, былтыркы чемпиондук наамын сактоого аракет кыла баштады.

Кыргызстанда көзгө көрүнгөн мыкты командадан ар жыл сайын 7-8 оюнчу жакынкы чет өлкөлөргө кетүүсү адатка айланып баратат. Бул дүйнөлүк футбол тармагындагы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Израилде, Казакстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын футбол клубдарында кыргызстандык жигиттер ойноп жүрөт. Ошентип алар чет жакта чеберчилигин жогорулатып келишпесе, Кыргызстанда аларга атаандашчулар чыкпай калды.

Былтыр келишимди бузуп, Тажикстанга кетип калган “Дордойдун” эки жалданма оюнчусу Эл аралык футбол федерациясынын эскертүүсү менен кайра Бишкекке кайрылып келүүгө аргасыз болгон.

“Заман-Кыргызстан” гезитинин баяндамачысы Табылды Асыгалиев Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп кеткенин, футбол боюнча улуттук долбоордун зарылдыгын белгиледи:

-Кыргызстандын футбол чемпионатында жогорку лигада мурда 12-14 командалар ат салышып келсе , быйыл 6 команда гана араң чогулду. Мурда кыргыз футболунун сыймыгы болуп келген «Химик» , «Алай -Гүлчө» , «Семетей» , «Спартак», «Ротор», «Достук» жана башка командалардын аты да, заты да жоголду. «Алга» командасы кыргыз футболунун башаты, булагы болуп келсе, кийин тарап жок болгон. Былтыр гана ардагерлердин демилгеси менен кайрадан “Алга” командасы түзүлүп, Бишкек шаарынын намысын коргоп жатат. Жаш балдарга гана көңүл бурулбаса, чоң футболдун деңгээли төмөн. Чемпионаттын ачылышында эки жүзгө жетпеген күйөрман болду. Реклама, үгүт, уюштуруу иштери начар.

Мурда ири завод-фабрика, ишканалар каржылап келген «Химик», «Инструментальшик», «Сельмашевец» , «Шахтер» командаларынын кендири эбак кесилген.

Эки-үч жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган «Кант-Ойл» дагы тарап , мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанга кетүүгө аргасыз болгон. Алардан кийин лидер болгон «А и К» командасы да алыска узабады.

Кыргыз футболунда Кадамжайдын «Металлургу» үмүт жандырганы менен 2 жылдан кийин жоюлду. Кыргыз дене тарбия академиясынын «Шумкар» аттуу командасы дагы канатын кайрып алып алыска уча албады.

3 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев ички иштер министрлигинен кеткенден бери баш көтөрө албай, өз алдынча команда боло албай турат.

Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы да жок болду. Ошентип кыргыз футболунун азыркы абалы өлкөнүн экономикасынын, саясый кырдаалынын көрсөткүчү болуп турат.

Бул боюнча футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикири мындай:

-Быйылкы чемпионатта кайсыл команда утат деген божомол көңүлдө турат. Көп жылдан бери Чүй облусунун намысын коргоп келаткан Канттын «Абдыш-Ата» футбол командасы быйыл чемпиондук үчүн катуу аракет кылчудай. Себеби бул команданы үч жылдан бери голландиялык машыктыруучу даярдап, жаштарды тарбиялап жаңылык киргизип жатат. Канттык жаш жигиттер келечегинен үмүткөр кылып койду. Жаш таланттуу балдардан куралган Бишкектин айтылуу “Алга” командасы да жогорку лигада ат салышып, чоңдор менен теңтайлашып, тажырыйба топтой баштады. Бардык маселе каражатка байланыштуу болгондуктан жогорку лигада аз команда гана ойноп, айрымдары чемпионаттын аягына чейин чыга албай калууда. Футболду өкмөт колдоого чамасы жетпейт. Ошондуктан жеке ишкерлер, футбол фанаттары гана команданы каржылоого аргасыз болууда.

Жогорку лигадагы экинчи беттешүү 28-апрелде Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен Оштун “Алайы”, быйыл жаңы уюшулган Караколдун “Ысык-Көл” командасы менен Бишкектин “Алга” жана өлкөнүн 6 жолку чемпиону “Дордой” менен былтыркы жеңүүчү “Нефтчи” командалары мөрөй талашат.

1-Майда “Абдыш-Ата” менен “Нефтчи”, “Алга” менен “Алай” жана “Ысык-Көл менен “Дордой” командалары күч сынашмакчы.
XS
SM
MD
LG