Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстандык Азамат Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Мелдеш 9-июнь күнү Финляндиянын Сало шаарында өттү.

Азамат Алымбек уулу 59 кг салмакта күч сынашып чемпион болуудан сырткары дүйнөлүк 4 рекорд коюп, дүйнө спортчуларына жаңы чекти белгилей алган. Дүйнө чемпиону Азамат Алымбек уулу жана Кыргызстандын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков "Азаттыктын" студиясына келип, аталган жеңиш тууралуу айтып беришти. ​

Азамат Алымбек уулу: Мелдеш күчтүү атаандаштыкта өттү. Жалпысынан 60ка жакын мамлекеттин спортчулары катышты. Мен чыккан 59 кг салмакта 11 спортчу таймашты. Спортчулар байге алуу үчүн пауэрлифтингдин 3 түрүнөн күчтөрүн сынашты. Алгач штанганы отуруп, желкеге коюп туруп көтөрүү ыкмасынан 165 кг салмакты көтөрүп 4-орунга жайгаштым. Андан соң жатып түртүүдөн 125 кг салмакты багынтып, 2-орунду алдым. Жогоруда аталган эки салмак тең планымда бар болчу. Акыркы жерден тартып көтөрүү түрүнөн биринчи аракетте эле 222.5 кг салмакты так көтөрүп, рекорддук көрсөткүчтөн аштым. Буга чейинки дүйнөлүк рекорд 220 кг болчу.

Анан көп өтпөй эле сингапурлук атаандашым - Яп Зе Мьян Маркус экинчи мүмкүнчүлүгүндө 223 кг салмактагы оор темир чоюнду полдон тартып көтөрүп, мен койгон рекордду жаңыртып салды. Жерден тартып көтөрүү көнүгүүсүн ал 210 кг салмакты көтөрүү менен баштаган болчу. Анан экинчи аракетте мен 236 кг салмакты көтөрүп сингапурлуктан аштым.

Мени менен тең тайлашып келаткан сингапурлук спортчу үчүнчү аракетинде 230 кг салмакты көтөрүүгө аракет кылып, бирок көтөрө албай калды. Ал көтөрө албай калгандан кийин мен ага чейин көтөргөн 236 кг салмак менен автоматтык түрдө биринчи орунга жайгаштым. Ошол жетишкендигим менен эле токтоп калып биринчи орунду алсам болмок. Бирок мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай дагы бир рекорд коюуну чечтим.

Үчүнчү аракетте 240.5 кг салмакты көтөрүп дүйнө чемпиондугундагы 3-рекордду койдум. Ага кошумча 3 түрдө көтөргөн салмактардын жалпы суммасында (165-125-240.5) 530.5 кг салмак дагы рекорддук көрсөткүч саналып, 4-рекорд эсебиме жазылды. Буга чейинки рекорд 530 кг салмак көтөргөн орусиялык спортчуга таандык болчу.

"Азаттык": Оор салмактарды көтөрүп жаракат алып калган жоксуңбу? Учурдагы ден соолугуң кандай?

Азамат Алымбек уулу: Жок, жаракат алган жокмун. Кудай буюрса, ден соолугум жакшы. Ошол учурда оор салмактарды кайра көтөргүм келе берди. Анткени 240.5 кг салмак мага абдан жеңил сезилди. Кошумча мүмкүнчүлүк болсо оор салмакты дагы көтөрмөк болчумун. Дагы салмак жетишпей калды (күлүп).

"Азаттык": Мелдеш учурунда тартылган тасманы көрсөк күч сынашууга чыкканда сени казакстандык машыктыруучу Владимир Новоселов коштоп жүрдү. Чемпиондукка жалгыз бардың беле?

Азамат Алымбек уулу: Ооба, жалгыз эле баргам. Ошондуктан мага казакстандык машыктыруучу колдоо көрсөтүп, өзүнүн шакиртине жан тарткандай мага да өзгөчө көңүл буруп, кеңештерин айтып, жанымда жүрдү. Ага ыраазычылыгымды билдирем.

"Азаттык": Азаматтын мелдешке жалгыз баруусуна эмне себеп болду? Адатта машыктыруучу коштоп барчу эле?

Азамат Алымбек уулу жана Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков "Азаттыктын" студиясында

Азамат Алымбек уулу жана Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков "Азаттыктын" студиясында

Бакыт Керимбеков: Финляндиядагы дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан төртөөбүз барууга даярданып жүргөнбүз. Чакыруу бир ай мурда келген. Ардагерлер арасында мен катышмакмын.

Азаматтын атасы Алымбек Рахимов машыктыруучу болуп, ал эми Азаматтын иниси Акжол 53 кг салмакта күч сынашууга бармак. Тилекке каршы Финляндияга баруу үчүн Германия элчилигинен бир ай күтүп, виза ала албай койдук. Айла кеткенде 3-июнда элчиликтин алдында митинг өткөрсөк, консул чыгып виза ачууга мүмкүн эмес деп койду. Эки ай кезекке туруп виза алыш керек экен.

Анан Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчиси Арсланбек Үмөталиев Астанадагы консулдуктарга чалып, Норвегия элчилигинен виза ачтырууга уруксат алып берди. Ошентип бир күндө эле Азаматка виза ачылып, жалгыз барып калды. Буга чейин топтолгон акча каражаты Астанага барууга кеткен жол киреге сарпталып калгандыктан Азаматты жалгыз эле мелдешке жиберүүгө аргасыз болдук. Дал ушундай визанын айынан мындан бир-эки ай мурда Швецияда боло турган жатып штанга көтөрүү боюнча эл аралык мелдешке эки спортчубуз барбай калышкан эле.

4-июнда виза алгандан кийин Астанадан Бишкекке келип, пландуу машыгууларды өткөргөндөн кийин мелдеш башталарына бир күн калганда 8-июнда Финляндияга жөнөп кетти. Кыйынчылыктарга карабай жеңишти багындырып, максатына жеткенине кубанычтамын.

"Азаттык": Азамат, оор темирлерди канча жашыңан көтөрө баштадың эле?

Азамат Алымбек уулу: Азыр 23 жаштамын. 13 жашыман пауэрлифтинг менен машыгам. 10 жылдан бери жыл сайын пландуу машыгуулар болуп келет. Ошол кезден бери дүйнө чемпиону болууну кыялданчумун. Былтыр дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду алып калгам. Быйыл максатыма жеттим. Буюрса, дагы машыгууларды токтотпой бир нече эл аралык мелдештерди утуу ниетим бар. Жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугуна 23 жашка чейинки спортчулар катышат. Эмдиги жылдан тартып чоңдор арасында күч сынашам. Буюрса дагы ийгиликтер болот деп ишенем.

"Азаттык": Машыгууларды көпчүлүк убакта кайсы аймакта өткөрөсүң? Өзүң кайсы шаарда жашайсың?

Азамат Алымбек уулу: Баткен шаарында жашайм, ошол жакта машыгабыз. Атам Алымбек Рахимов - биздин машыктыруучу. Биздин спорт залда 15ке жакын спортчу машыгат. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондору, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү, 3 спорт чебери биздин залда машыгат. Биз менен бирге машыккан иним Акжол Алымбек уулу былтыр 53 кг салмакта дүйнө чемпиону болду.

Бакыт Керимбеков: Булардын үй-бүлөсүн мен эл аралык даражадагы спорт чеберлеринин үй-бүлөсү деп атайм. Анткени Кыргызстанда пауэрлифтинг боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери наамына татыган үч спортчу болсо, үчөө тең ушул үй-бүлөдөн. Атасы Алымбек Рахимов 49 жашка чейинки ардагерлер арасында эки жолу дүйнө чемпиондугунда коло байге утуп, эл аралык даражадагы спорт чебери болгон.

Акжол Түштүк Африка Республикасында болгон дүйнө чемпиондугунда алтын байге алып, атасынын жолун жолдоду. Азамат дагы ошол дүйнө чепиондугунда нормативди толтуруп эл аралык даражадагы спорт чебери болду. Пауэрлифтинг спортунда жаш куракка карабай бардык категорияда бирдей норматив бар. Жаштар арасында да, чоңдор арасында да бирдиктүү нормативди толтуруп, спорт чеберлигин алууга болот.

"Азаттык": Жетишкен ийгилигиңди көрүп, сага окшоп пауэрлифтинг спорту менен машыгууну каалаган жаштарга эмне кеңеш айтаар элең?

Азамат Алымбек уулу: Ар бир машыгууну калтырбаш керек. Кокус бирөөнү калтырсаң жасаган аракетиң бир айга артка кетет. Ар бир күн таасирин берет. Ошондуктан машыгууну калтырбай, талыкпай эмгектениш керек.

Пауэрлифтинг (англ. powerlifting; power — «күч» + lift — «көтөрүү) таймашы учурунда спортчулар “штанганы желкеге коюп отуруп туруу”, “жатып түртүү” жана “полдон тартып көтөрүү” деп аталган 3 көнүгүүнү аткарышат. Бул көнүгүүлөрдүн жыйындысы спортчунун квалификациясын аныктайт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG