Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

22-мартта өлкө тарыхында биринчи ирет бильярддан дүйнө чемпионаты Бишкекте башталды. Ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.

22-мартта Бишкектеги “Тагай-Бий” жана “Кондор” бильярд клубдарында дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталды.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземинде президент Алмазбек Атамбаев спорт - тынчтыктын тиреги, достуктун данакери экенин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалады.

- Спорт айрым адамдарды гана эмес, бүтүндөй өлкөлөрдү бириктирет, биз муну олимпиада оюндарынын үлгүсүндө көрүп жүрөбүз. Илгери Олимпиада оюндары жүрүп жатканда согуштар токтоп турчу. Спорт - достуктун данакери болуп келет.

Дүйнө чемпионатында биринчи сокку жасоо мүмкүнчүлүгүн президент Алмазбек Атамбаевге беришти.

Федерациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу, дүйнөнүн көп жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев бул дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө аракет кылаарын "Азаттыкка" айтты.

- Менин максатым – жеңүү, бул үчүн мен бардык күчүмдү жумшайм, биздин жигиттерибиз да аракет кылышат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин айтымында, дүйнө чемпионатына 16 өлкөдөн тандалган жүздөн ашуун спортчу келишти.

24-мартка чейин мыктыларды иргеп алуу таймашуулары Бишкектеги "Кондор" жана "Тагай-Бий" бильярд клубдарында өтүп, финалдык беттешүүлөрү 25-мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда болмокчу.

Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда алгач ирет өткөрүлгөнү турат. 2008-жылы Евразия гран-при мелдеши гана Бишкекте болгон.

Кыргызстанда өтүп жаткан бильярд боюнча дүйнө чемпионатына дүйнө биринчиликтеринин жеңүүчүлөрү, орус бильярдынын жылдыздары катышууда. Мисалы, Европанын 3 жолку чемпиону Александр Паламарь жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Ярослав Винокур, дүйнөнүн көп жолку чемпиондору Каныбек Сагындыков, Каныбек Сагынбаев жана башкалар бар.

16 бильярд чебери өлкө намысын коргоп жатышканын, негизги атаандаштары орусиялык, украиналык, беларус спортчулар болоорун команданын мүчөсү Сапарбек Алымкулов айтты.

Казакстандын курама командасы да мыкты даярдык менен келишкенин Серик Соутов “Азаттыкка” маалымдады.

Дүйнө чемпионатынын байге кору 30 миң долларды түзүп, чемпион болгон спортчу 8 миң доллар акчалай сыйлыктын ээси болот. Кыргызстандын намысын Каныбек Сагынбаев баштаган 16 спортчу коргоп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG