Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

25-мартта Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Мында кыргызстандык Канат Сыдыков үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнөлүк таймашка 16 өлкөдөн жүздөн ашуун спортчу катышты.

22-марттан 25-мартка чейин Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрү болду. Мында өлкө намысын коргогон кыргызстандык 18 спортчудан мурда белгисиз спорт чебердигине талапкер Канат Сыдыков үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Канат Сыдыков дүйнө чемпионатынын таймаштары, жарым финалдагы беттешүүсү жети саатка созулганын, акырында чарчап калганын, болбосо орусиялык Александр Чепиковду жеңип алууга дарамети жетээрин, дүйнөлүк таймашуулар чоң сабак, өрнөк, үлгү болгонун, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевдин жеңилүү себептерин, өзү жөнүндө жана алдыдагы максаттары тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG