Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Трамп АКШнын президенттик кызматына киришүүгө ант берет


АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп.

Жүз миңдеген адамдар АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трапмтын ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго чогулушту. Алардын айрымдары баш калаага Трамптын бийликке келишине каршы массалык акцияга чыгуу үчүн топтолушту.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенттери жана биринчи айымдар, анын ичинде Билл Клинтон жана жубайы, президенттик шайлоодогу Трамптын атаандашы Хиллари да ант берүү аземине катышары күтүлүүдө.

Салтанатка конгрессмендер да катышат. Демократиялык партиянын Конгресстеги мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү инаугурацияга бойкот жарыяларын билдиришкен.

Вашингтондо коопсуздукту камсыздоо үчүн 28 миңдей адам тартылган.

70 жаштагы Дональд Трамп өткөн жылдын 8-ноябрында өткөн президенттик шайлоодо жеңип алган. 19-январдын кечинде жасаган кайрылуусунда республикачыл Трамп “Американы кайрадан улуу мамлекет кылууга” убада берди.

Ал эми Нью-Йоркто атактуу киножылдыздар жана саясатчылар Трампка каршылыгын билдирүү үчүн нааразылыкка чыккан миңдеген адамдарга кошулду.

XS
SM
MD
LG