Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

Бээжин олимпиадасы, Гуанчжоудагы Азия оюндарынан кийин айрым балдардын грек-рим күрөшүнө кызыгуусу арткан. Бирок балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча өкмөттүк программа жок.

Спорт күйөрманы Аскар Бекболотов Кыргызстанда балдарды спортко тартуу, ден соолугун чыңдоо маселесине маани берилбей жатканына кейиди.

- Деги эле спортко болгон балдардын кызыгуусу төмөн болуп кетти. Башка өлкөлөрдө балдардын ден соолугун чыңдоо биринчи орунда турса, кыргыз өкмөтү бул маселеге көңүл кош мамиле кылууда.

Бизде айрыкча айыл жергесинде спортко шыктуу балдардын багы ачылбай калууда. Ал түгүл айрым айылдагы мектептерде дене тарбия мугалимдери да жок. Мурда ГТО комплексин тапшырып, ден соолук чың болсо, азыркы балдардын муун-жүүнү бош. Алар кантип мекенди коргойт? Ошондуктан кыргыз спортун реформалоо зарыл.

Өзү кикбоксинг менен машыккан 8-класстын окуучусу Самат курбулары спортко кызыкпай, бош убактыларында компьютер оюндарын ойноп, жашырынып тамеки тартышаарын айтты.

Капчыкты каккан ийримдер

Өлкөдө болжол менен балдар үчүн 95тен ашуун спорт мектеп бар. 40-50 миңдей улан-кыз күрөш ийримдерине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев айтып, балдардын спортко болгон кызыгуусу төмөн, ден соолугу чабал экенин ачыктады.

Балдардын спортко кызыкпаганынын дагы бир себеби, спорт ийримдерге баруу акылары да жогору. Мисалы бир саатка бассейнге сүзүү наркы 100-200 сом. Айрым спорт ийримдерине катышуу үчүн балдар 300 сомдон 2 миң сомго чейин төлөйт. Жеке менчик спорт клубдарынын баасы мындан да жогору.

Мындан сырткары спорттук кийимдерди, жабдууларды да сатып алуу зарыл. Жакшы, сапаттуу спорт кийиминин баасы 2-3 миң сомго барабар. Ушундай жагдайлардан улам карапайым үй-бүлөнүн балдары спортко тартылбай, кызыкпай келүүдө.

Зарыл болгон спорт мектеби

Бишкектеги “Чемпиондор бешиги” аталган мурдагы Н.Крупская атындагы спорт жатак мектеби учурда Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы деп аталат. Учурда бул окуу жайда спорттун 9 түрү боюнча 375 бала таалим-тарбия алууда.

Окуу жайдын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиевдин айтымында, быйылкы жаңы окуу жылына өлкө аймагынан тандалган 60 бала гана сынактын негизинде кабыл алынат.

- Чемпиондордун дээрлик баары айылдагы балдардан тандалып, биздин окуу жайдан чыккан.

Учурда айылдык спортко көңүл аз бурулуп, таланттуу, шыктуу жигиттердин багы ачылбай калып жатканы өкүндүрөт. Себеби Кыргызстандын шартында быйыл айыл, шаарлардан 60 бала гана кабыл алуу өтө аз жана чектелүү болуп жатат.


Спорт адистердин пикиринде, мурдагы Н.Крупская атындагы спорт жатак мектебин калыбына келтирбесе, натыйжасы дурус болмок. Себеби азыркы учурда жогоруда айтылган олимпиадалык резерв окуу жайы балдарды 8-класстан баштап кабыл алып калган. Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов:

- Кеңеш доорунда жатак спорт мектебине таланттуу жеткинчектер иргелип, 2-3-класстан баштап кабыл алынчу. Анда 500дөн ашуун улан-кыз окуп, алардан мыкты спортчулар өсүп чыккан. Ошондой болсо спортко гана басым жасабай, билим-илим алууга, интеллект жагынан да секирик болоор эле.

Учурда Бишкекте балдар үчүн 12 спорт мектеби жана 12 спорт клубу иштейт. Айрым спорт ийримдери көп балалуу үй-бүлөдөгү балдар үчүн бекер. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров:

- Балдар кесипкөй спортчу болбосо да, ден соолугун чындоо максатында спортко маани берип, машыгып турса дурус болоор эле.

Спорттун тамыры, башаты болгон айылга, балдарга көп көңүл буруубуз зарыл дешет адистер. Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү Каныбек Осмоналиев, Мария Кулчунова, Сатымкул Жуманазаров, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев айылдан чыккан спортчулар. Ошондуктан балдарды спортко тартуу - улут ден соолугуна, келечегине камкордук көрүү менен барабар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG