Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Жалал-Абад: КСДП партиясынын тизмеси жокко чыгарылды


Электрондук урна
Электрондук урна

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Насыйкат Калымбетова “Азаттыкка” билдирди. Комиссия 2-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, “Ата-Журт”, “Өнүгүү”, жана “Ата Мекен” партияларынан келген доо арызды кароого алышкан. Анда партиялар “КСДП партиясы гендердик балансты сактаган эмес жана айрым талапкерлердин документтери туура топтолгон эмес” деген доо арыз жазышкан.

Насыйкат Калымбетова кошумчалагандай, кезексиз жыйында Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиева кеткен кемчиликтерди моюнуна алып, мыйзам бузуучулук бар экен жокко чыгарган эмес.

- Бул документтердин көпчүлүгүн КСДП партиясын каттап атканда төрайым жоопкерчиликти өзүнө алган. Эгерде башында эле биз дагы тизмени карап, документтерин кошо текшеришкенде мындай катага жол бербейт болчубуз. Эми төрайым бардыгын моюнуна алып жаткандан кийин комиссиянын бардык мүчөлөрү тең, партиянын тизмесин жокко чыгарууга макул болдук.

Учурда Жалал-Абад шаарык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими БШКга жөнөтүлдү. Боршайком чечимдин мыйзамдуулугу боюнча өз баасын берери күтүлүүдө.

11-декабрда өтө турган Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосуна жети партия ат салышууда. Шаардык кеңеште 31 депутаттык орун бар. (SDz\RsK)

XS
SM
MD
LG