Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Данияр Көбөнов: Жеңиш үчүн баратам


Азия оюндарынын жана Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасына даярдык көрүүдө.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Данияр Көбөнов быйыл күздө 30 жашка чыгат. Учурда каруу-күчкө толуп турган убагы.

Ал бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Грек-рим күрөшү менен 20 жылдан бери машыгып келет. 74 килограмм салмакта күрөшөт.

Пусан жана Доха шаарларында өткөн Азия оюндарында байгелүү, Гуанчжоу шаарындагы 16-Азия оюндарында алтын медалга татыктуу болгон.

Лондон Данияр Көбөнов үчүн экинчи олимпиадалык таймаш болот. 2004-жылы Афина олимпиадасында ийгиликке жетпей калган. 2008-жылкы Бээжин олимпиадасына жолдомо алган эмес.

Саруу айылынан башталган сапар

Данияр Көбөнов Кыргызстанын эң кооз өрөөндөрүнүн бири деп эсептелген Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулуп, өскөн. Төрт эркек, эки кыздан Данияр бир туугандардын экинчиси.

Данияр Көбөновдун спортко шыктуу болушуна атасынын таасири зор экенин грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов “Азаттыкка” айтып берди:

- Даниярдын спортко жакын өсүшүнө атасы Өмүрбектин таасири зор. Ал өзү ушул күнгө чейин спорттун бир нече түрү менен алектенип келет. Учурда иниси Бектияр агасынын жолун жолдоп, күрөш менен машыгып келет. Аталаш инилери да грек-рим күрөшү менен алектенишет.

Аскар Сартовдун табыласы

1995-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Аскар Сартов грек-рим күрөш ийримин ачкан. Ошондуктан Данияр Көбөновдун чоң спортко келишине маркум Аскар агайынын салымы зор. Көбөнов он жашынан бери грек-рим күрөшү менен машыгып, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып келет. Алгач бокс, кийин эркин күрөш менен машыккан.

Көбөнов 1997-жылы Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайына кабыл алынат.

"Бир топ балдар чыдай албай кайра айылдарына кетип калды. Мен деле аз жерден кетип калайын дегем. Чыдамкайлыгымдан эле калып калдым. Ал жерде тартип катуу, көзөмөл күчтүү болгондуктан таалим-тарбияны жакшы эле алдым", - деп эскерет балалык күндөрүн Данияр Көбөнов.

Даниярдын ийгилигинин башаты - Москва шаарында өткөн өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк оюндарында коло медалды утканы болду.

Спорттогу ийгиликтери

2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында күмүш медалды утуу менен спорттогу чоң ийгиликтери башталган.

2003-жылы Данияр Борбор Азия оюндарда биринчи орунду ээлеген. 2004-жылы Ташкентте өткөн олимпиадалык тандоо турнирде күмүш байгелүү болуп, Афинада өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Бул анын алгачкы Олимпиадасы эле. Бирок жаштык кылып, ийгилик жарата алган эмес.

2005-жылы Данияр Көбөнов Азия чемпиону аталган. Ага "Мыкты техникалык чеберчилиги үчүн" кубогу тапшырылып, андан соң 2006-жылы Дохадагы (Катар) 15-Азия оюндарында коло медалдын ээси болгон.

Бишкекте 2007-жылы өткөн Азия чемпионатында алтын медал жеңип алып, Данияр Көбөновдун баркы көтөрүлдү.

2010-жылы Даниярдын жылдызы жанды. Ал Москвада өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп, 16-Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Башкы машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында, учурда Көбөновдой болууну максат кылган жаштар арбын.

- Данияр спорт жаатында абдан тартиптүү жана сабаттуу спортчу. Кармаш учурунда кырдаалга жараша чабуулду бат өзгөртүп кетүүгө шыктуу. Даниярдай спортчулар кыргыз спортунун жүзүнө айланып турганда эл аралык деңгээлдеги күч сынашууда кыргыз спортчуларын жеңишти оңой алдырып койчу "курмандык" катары эсептеген мезгил артта калды десек болот.

Алдыда чоң сыноо

Грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошевдин айтымында, Данияр Көбөнов март айында Астанадагы Азиялык олимпиадалык тандоо турниринде күмүш байге утуп, Лондонго жолдомо алды.

- Учурда олимпиадалык таймашууларга даярдык көрүп жатат. Данияр Көбөнов күйөрмандардын үмүтүн жандырып турат. Лондон олимпиадасында байгелүү орунду жеңип алууга күч-кудурети жетет деп ишенип турабыз.

Даниярдын машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Раатбек Мамбетовдун пикиринде, ал адам катары ичине эч нерсе сактабаган, ачык маанай, мекенчил жигит.

"Достору Даниярдын куйкум, тамаша сөздөрүнө көбүрөөк кызыгышат. Лондон олимпиадасына даярдык көрүп жатабыз", – дейт устаты Раатбек Мамбетов.

Юрист спортчу

Көптөр Данияр кесиби боюнча юрист экенин биле беришпейт. Бирок ал кесиби менен иштөөнү эмес, спортту жашоосундагы башкы максат катары тандап алган:

- Спорт жеңил эмес. Бирде кубанычтан маңдайың жарыла сүйүнсөң, бирде кайгырасың. Ошентсе да грек-рим күрөшүн тандап алдым жана буга эч качан өкүнбөйм.

Данияр Көбөновдун ата-энеси азыр шаарда турушат. Атасы шахмат боюнча машыктыруучу, апасы медайым болуп иштеген. Данияр азырынча бойдок. Лондон олимпиадасынан кийин үйлөнөйүн деген ниети бар.

Данияр бош убактысында бассейнде сүзүүнү жактырат. Достору менен футбол ойнойт. Чарчаганда кинотеатрга барып, тарыхый тасмаларды көргөндү каалайт.
"Айылга барганда ат мингенди жактырам", - дейт спортчу.

Данияр Көбөновдун чоң атасы Көбөн аксакал жогорку билимдүү болбосо да абдан дасыккан мал доктур болгон экен. Атүгүл билимдүү адистер да андан кеңеш сурап турган дешет. Анан калса, ал киши абдан жамакчы болгон экен. Безге сайгандай таап сүйлөчү деп айтышат аны көрүп билгендер.

"Алтын үчүн баратам"

Көбөнов “Азаттыкка” курган маегинде "мен Лондонго жөн гана оюндарга катышуу үчүн эмес, алтын медал алуу үчүн баратам", - деп агынан жарылды.

Лондонго жөн эле катышуучу катары баргым келбейт. Себеби ал жолду басып өткөм. Азыртадан өзүмдү күүгө, тапка келтирип атам. Ал жакка барганга жараша жеңүүчү болуп кайткым келет. Жолдомо алуу менен жоопкерчилик мага көбөйдү. Анткени Олимпиадага катышып гана койбостон, баш байгени алууга да аракет кылыш керек.

Учурда спортчу Лондондо өтө турган Олимпиадага даярданып турган маалы.

Маалымат үчүн: Көбөнов Данияр Өмүрбекович
Туулган жылы – 1982-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Саруу айылы
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 74 килограмм
Грек-рим күрөшү боюнча 2 жолку Азия чемпиону (“Кытай-2005”, “Кыргызстан-2007”), Кореяда өткөн Азия оюндарынын күмүш жана Катарда өткөн Азия оюндарынын коло медаль, Дүйнө чемпионатынын (“Орусия-2010”) коло медалынын ээси.
Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Бактияр деген агасы, Бектияр, Элдияр деген инилери жана Гүлжан аттуу карындашы бар.
ЖОЖду юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG