Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Машыктыруучу сабаган жетекчи ооруканада


Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров учурда ооруканада.
Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров учурда ооруканада.

Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров катуу сабалып, ооруканада дарыланууда. Ага эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов кайым айтышуудан кийин кол көтөргөн. Ушул тапта Майназаровдун абалы оор жана жакшы сүйлөй албай жатканы айтылууда.

Оор атлетика боюнча өспүрүмдөрдүн адистештирилген Олимпиадалык резерв мектебинин директору, оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда окуя 31-март күнү түшкө маал, иш учурунда болгон. Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровго иш бөлмөсүндө эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов кайым айтышуудан кийин кол көтөргөн.

- Окуяга өзүм күбө болгон жокмун. Агайым Үсөнкан Майназаровдун айтымында, Руслан Мажинов бир документке кол коюп бер деген экен. "Болбойт, бул иш мыйзамсыз" деген сөздү уккандан кийин ортодо кайым айтышуу болуп, байкабай турган учурда алгач ээк тушка, анан тумшукка муштум менен уруп жибериптир. Азыр агай ооруканада дарыланууда. Эки күндөн бери кусуп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей жатат. Бул окуя жазасыз калбашы керек. Мажинов мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш.

Улан Молдодосов башкы машыктыруучу менен Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчисинин чыры Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин туура эмес жүргүзгөн иш-аракетинин натыйжасы болушу мүмкүн экендигин, каржы маселелери убагында чечилбегендиктен пикир келишпестик орун алып жаткандыгын кошумчалады.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кадырбек Эргешов.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кадырбек Эргешов.

Бирок Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешов эки спорт өкүлүнүн чырын атайын комиссия териштирип жатканын, урушка каржы маселеси себеп эместигин айтты:

- Маселе акча каражатына байланыштуу эмес. Маселе алардын тарбиясы, маданиятында. Майназаров жетекчи катары кызматкери менен сүйлөшкөндү билиши керек эле. Ал эми Мажинов тарбиясыздыгын көрсөттү. Бири 60 жашка чыгып калды. Экөө тең жаш эмес. Улуттук курама командаларды Олимпиадага даярдоо борборуна календарлык планга ылайык тийиштүү каражаттарды Каржы министрлиги тарыхта алгачкы жолу биринчи кварталга убагында бөлүп берди. Мамлекет спортко жакшы көңүл буруп жатат.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов:

- Бул Майназаров экөөбүздүн жеке ишибиз. Эч кандай пикир айта албайм,- деп ашыкча комментарий берүүдөн карманды.

Улуттук курама командаларды Олимпиадага даярдоо борбору Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында 1996-жылы түзүлгөн. Борбор улуттук курамга кирген спортчулардын Олимпиада, Азия оюндарына, Дүйнөнүн, Азиянын чемпиондуктарына, эл аралык расмий мелдештерге даярдыгына жана ийгиликтүү күч сынашуусуна жооптуу. Өз кезегинде каржылоо бул мекеме тараптан болгондуктан улуттук курама командалардын машыктыруучулары борборго аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу отчет берип, айлык акыны ушул борбор аркылуу алышат.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов.

СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Олимпиадага даярдоо борборунун, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов Үсөнкан Майназаровдун сабалышы спорт коомчулугуна көө жапкан терс көрүнүш болду деди:

- Буга чейин жетекчини кол алдындагы кызматкер сабап койду деген көрүнүш болгон эмес. Окуяны териштирип көрүү керек. Балким Майназаров чын эле орой жооп берип койгондуктан башкы машыктыруучу ачууга алдырып сабап койгондур. Бирок кандай болгон күндө да бул терс көрүнүш болуп калды. Мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес эле. Чырдын чыгышына жетекчинин тажрыйбасыздыгы да себеп болушу мүмкүн. Анткени Майназаров бул кызматка машыктыруучу болуп жүрүп эле келип калды. Жетекчи болгондон кийин ар кандай мүнөздөгү машыктыруучулар менен тил табышууну билиши керек эле.

Үсөнкан Майназаров 2014-жылдын 20-ноябрында Олимпиадага даярдоо борборунун директору болуп дайындалган. Буга чейин бул кызматта Назирдин Акылбеков иштеп келген. Акылбеков жетекчи болгон эки жарым жыл аралыгында аткарган ишинде спортчуларга бөлүнгөн акчаны максатсыз сарптоого жол берген деген негиз менен жумуштан бошотулган эле. Үсөнкан Майназаров Олимпиадага даярдоо борборунун директору болгонго чейин оор атлетика боюнча улуттук курама команданын дагы башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG