Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Таза бассейн издеп...


Жайдын ысыгынан Бишкек шаар тургундарын бассейндер, көлмөлөр алакчылап турган кез. Бассейндердин санитардык абалы кандай, учур талабына жооп береби?

Бишкекте бир нече жеке менчик жана өкмөттүк бассейн бар. Алардын бири да эл аралык талаптарга жооп бербестигин президент Роза Отунбаева 15-августта сууда сүзүү мелдешинин ачылышында айтты. Президент сууда сүзүү спортун массалык түргө айландыруунун, ал ден соолукка өбөлгө түзөөрүн да белгиледи.

Кожомкул атындагы спорт ордосундагы 50 метрлик жалгыз бассейн да 20 жылдан бери иштебей, чалдыбары чыгып турат. Ошондуктан Бишкектеги бассейндердин абалына, тейлөө кызматына кызыгып көрдүк.

Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Сулайманбековдун пикиринде, өкмөттүк бассейндерге караганда менчик бассейндердин шарты, санитардык абалы дурус.

- Көлмөлөргө бир-эки жолу эле баргам. Таза эмес экен. Ошондуктан бассейнге эле барып жүрөм. Баалары абалына жараша болот. Баасы арзан бассейндер санитардык талапка толук жооп бербейт. Ал эми баасы кымбат бассейндердин абалы талаптагыдай.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Ырысбек Мааткабыловдун айтымында, жеке менчик бассейндердин ээлери деле пайда көздөп, санитардык талаптарга жооп бербеген учурлары кезигет.

Түштүк-2 кичи районундагы ачык асман алдындагы чакан бассейнге барсак суусун төгүп, жаңыдан суу куюп, балдар күтүп жаткан экен.

Алардын айрымдары былтыр ушул бассейнге түшүп, денелерине жара чыгып кеткенин айтып беришти.

Эрлан: Бул бассейн санитардык талапка жооп бербейт. Ал эми ушул бассейндин баасы арзан болгондуктан айла жок келип түшүп жүрөбүз. Душунун суусу да аябай муздак. Бишкектеги эң жакшы бассейн ДСКда.

Санжар: Ачык асман алдындагы бассейндерде тазалык болбогондуктан ал жакка түшүүдөн корком. Ал эми 7-кичирайондогу ДСК жана Жаш Гвардия көчөсүндөгү бассейндердин абалы башкаларга караганда бир топ жакшы.

Мына ушундай балдардын пикиринен кийин Түштүк-2 кичи районундагы чакан бассейндин кызматкери Венера Наржигитова сууну 4-5 күндө бир жолу алмаштырып, жууп-тазалап турушарын, саатына балдарга 40 сом, чоңдорго 60 сом акы алышарын айтты.

Жогоруда чакан бассейндердин баалары арзан болсо, эң кымбаты 500 сомдон 1000 сомго чейин тейлөө акысын алышат. Балдар үчүн 50 пайыз арзан болот. Бассейндердин орточо баасы саатына 100 сомдон 500 сомго чейин чектелген.

Бишкек шаардык санитардык эпидемиялык станциясынын турак-жай гигиена бөлүм башчысы Айгүл Бейшеналиева шаардагы бардык бассейндердин сууларынын сапаты көзөмөлгө алынып турарын, айрымдарына эскертүү берилип, айып салынарын “Азаттыкка” айтып берди.

Коомдук ишмер, саяпкер Кемелбек Ашыралиев:

-
Жасалма бассейнге түшүүгө караганда ар күнү муздак сууга чумкуган ден соолукка өтө пайдалуу.

Бассейндин кыскача тарыхынан

Жашоонун керемет ыңгайын издеген байыркы Римдин айрым тургундары бассейнди биринчилерден болуп ойлоп табышкан. Бирок мындай ырахат ошол доордун эң бай адамдарына гана тиешелүү болгон. Алар дайыма сууга роза гүлүнүн желекчелерин таштап коюп түшүшкөн.

Кийин Италияда жашыл чөптөр менен кооздолгон бассейндер пайда боло баштаган. Ал эми көпчүлүккө арналган акы төлөнүүчү бассейндер Германиянын Бремен шаарында алгач пайда болуп, фонтандар менен коштолуп турган.

Бассейнге түшүүнүн пайдасы

Бассейнге түшүү, биринчиден, күндүн ысыгынан коргонуп, сергип алуунун айла-амалы. Экинчиден, салмактан арылууну каалагандарга да жардам берет.

Сууда сүзүү көп кыймыл талап кылгандыктан энергия сарпталып, арыктоого алып келет. Андан тышкары организмде зат алмашуу жакшырат.

Ошондой эле психикалык жактан чарчоону заматта калыптандырса, физикалык жактан жараат алгандар болсо, булчуңдардын тез-тез кыймылдап турушу менен жараат бат айыгат.

БАССЕЙНГЕ ЭМНЕЛЕРДИ АЛЫП БАРУУ КЕРЕК?

• Атайын сууга түшүү үчүн резина баш кийим
• Купальник
• Бутка илип алма бут кийимдер
• Сүлгү, самын, жышынгыч
• Сууга түшүүгө ылайыкташкан көз айнек
• Абонемент алган кардарлардан кээ бир бассейндер медициналык аныктама сурашат.

БАССЕЙНГЕ ТҮШҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

• Биринчиден, териңизде карттанган же сырты ачык жаракат болбошу керек. Мындай кардарларга кандай гана бассейн болбосун эшигин жабат.
• Алдын ала душка бир чайканып чыкмайын, бассейндеги сууга түшпөңүз (ошол себептен самын менен жышынгыч керек).
• Бассейндин алдында өтө тоюп албаш керек. Азыраак тамактанып баруу жетиштүү, ачка барууга да болбойт (ачкалыктан сууда эсин жоготуп койгондор болот).
XS
SM
MD
LG