Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Дарыга эмес, спортко ынак бол!


Статистикалык маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү кыргызстандыктардын 7% гана дене тарбиясы жана спорт менен машыгат.

"Арай көз чарай" талкуусуна кыргыз өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин спорт, массалык иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев катышып, угармандардын суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда спорт жана дене тарбиясы менен машыккан адамдар болгону 7% болуп жатышына эмне себеп?

Арпачиев: Бул маалымат туура болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө спорт, дене тарбиясы менен машыгуу элдин 50% түзөт. Бул көрсөткүч 15% аз болсо, мамлекеттеги генофонд коопсуздугунун босогосу болуп эсептелет. Ошондуктан биз 2016-жылга чейинки Кыргызстанда дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө артыкчылык берүү концепциясында элди спортко тартуу башкы маселеге алып чыктык.

Таалай Усубалиев, Бишкек: Спортко кызыгуу, машыгууну мамлекеттин колдоосу жок эле өзүбүз колго алалы десек, жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүк бербей келатат. Биз кадимки эле футбол аянтчасын куруу тууралуу өтүнүч менен Бишкектеги Октябрь райондук акимчилигине кайрылып, мына бүгүнкүгө чейин натыйжа жок. Бир жерден уруксат алыш керек, андан кийин аукционго коюлуш керек жана башка деген эле шылтоолор айтылып келе жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстандагы мектептердин 70% спорт залдарындагы жабдыктар дээрлик жыйырма жылдан бери жаңыланбаптыр. Мисалы, бүгүнкү күнү мектептердеги спорт залдар 16% жабдыктар менен жабдылыптыр, ал эми бассейн менен камсыз болгон мектептер болгону 1% түзөт экен. Бул кенемтени качан, кантип толтурууга болот?

Арпачиев: Бул маселени чечүүдө комплекстүү аракеттер керек. Билим берүү министрлиги да бир жагын көтөрсө, биздин агенттик колдон келген жардамды берүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле ошол мектептерди бүтүп кеткен жаштар мектептеги спорт жабдыктарын жаңылоого жардам беришсе, бул көйгөй чечилет эле.

Үсөн Жумабаев, Баткен: Ар бир айыл өкмөттө стадион, машыктыруучулар бар-жок экенине өкмөт кызыгып койсо болот эле. Азыр айыл өкмөттөрдө спорт таптакыр жок десем жаңылышпайм. Мен Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 35 жылдан бери спорт инструктору болуп иштегем, он жыл мурда аны жоюп жиберишкен. Ошентсе да АРИСтин жардамы менен айыл өкмөттө стадион куруп, спорттук аянтчаларды куруп бердик. Бирок ошого бир “рахмат” деген киши жок. Баткенде ипподром жок, ошону өзүмдүн чөнтөгүмдөн каражат жумшап, ат майдан курууга аракет кылып жатам.

Кубан, Бишкек: Спорт, дене тарбиясы менен машыгуу - ар бир адамдын өзүнүн кызыкчылыгында болушу керек. Анткени спорт – бул ден соолук. Байыркы замандарда гректер ташка чегип жазган экен: “Эгер сен ден соолугуң чың болушун кааласаң, эгер сен бактылуулукту эңсесең, эгер сен акылдуу болгуң келсе, анда –чурка” деп. Мен дагы бардык жаштарга күнүгө эртең менен чуркоону сунуш кылам.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG