Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Жаңы конуштарда спорт аянттары курулат


"Топ ойноюн десем аянт жок"
"Топ ойноюн десем аянт жок"

Бишкектин тегерегинде жаңы конуштардын саны 47ге жетти. Бирок шаарды чептей курчап турган конуштарда спорттук аянтчалар, имараттар жокко эсе.

Кыргызстан эгемендигине тушташ башталган жаңы конуштарды түптөө азыр да уланууда. Башкалаа чеги кеңейип, этеги жайылып баратканы менен жаңы айылдардын көйгөйлөрүнүн көбү чечилбей келүүдө.

Бишкектеги 47 жаңы конушта спорттук аянтчаларды, имараттарды курууга мурдагы бийлик өкүлдөрү кайдыгер мамиле кылып келгенин Бишкек мэри Иса Өмүркулов белгиледи. Мэрдин айтымында, жаңы конуштарда дене тарбиясына жана спортко көңүл бурулбаса жаштар арасында кылмышкерлер, ууру-кескилер, баңги колдонгондор көбөйөт.

Оюнга тойбой турган чак
- Массалык спортту өнүктүрүү учур талабы. Анда спорт чеберлерин иргеп алууга, таланттарды тандоого да жеңил болот. Жаңы конуштарга көңүл бурсак чемпиондордун саны да көбөйөт. Балдар да дене тарбиясына ыктап, ичимдик ичип, тамеки тарткандар аз болот эле. Ошон үчүн жаңы конуштар көңүлдүн төрүндө турат. Бул жерлерде спорт аянттары да, машыктыруучулар да жетишсиз. Ал жактарга спорт аянтчаларын кура баштадык. Жаңы жылдан баштап жаңы конуштарга спорт аянтчаларын, имараттарын, жайларын курууну дагы колго алабыз.

Чынында эле жаңы конуштарда жашаган жаштардын көпчүлүгү спорт имараттарын, аянттарын куруп берүүнү талап кылышууда. Себеби алардын балдары шаардагы спорт мектептерине барып-келүүсү кыйын.

Быйыл Бишкек шаарынын мыкты спортчусу аталган самбо күрөш чебери Анара Эстебесова да жаңы конуштардын биринде турат. Ал самбо күрөшү менен 7 жылдан бери машыгып, быйыл дүйнө чемпионатында күмүш, Азия чемпионатына коло байге утуп алган.

Жаңы конуштардын биринде курулган аянтчада өткөн футбол мелдеши
Көлмө конушунун жашоочусу Жаныбек Кулукеев жыйырма жылдан ашуун мезгил ичинде, жол курулуп, электр жарыгы толук жеткирилгени менен спорт аянтчаларын куруу маселелери чечилбей келатканын сынга алды.

- Жашаганыбызга жыйырма жыл болуп калды. Спорт аянтчаларынын, имараттарынын эч нерсенин дайыны жок. Бизде жаштар, балдар спорт менен машыкканга эч кандай шарт жок. Бекерпоз жаштар ууру кылышат же ичкилик ичип, тамеки тартып ден соолугун деле карабайт.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов жаңы конуштарда спортко шыктуу жаштар, балдар арбын экенин айтып, аларга көңүл бурулбай келатканын ырастады.

- Ак-Босого, Теңдик, Калыс-Ордо, Ак-Бата деген ылдыйкы жакта жаңы конуштар бар. Анан Энесай да бар. Аларда балдар футбол ойной турган аянты да жок. Бул аймактарга спорт аянтчаларын куруу учур талабы.

Максат көп, каражат жок

Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштарда спорт имараттарын куруу көйгөйүн чечүү үчүн шаар бийлиги кийинки жылга мамлекеттик бюджеттен 100 миллион сом суроодо. Адистердин айтымында, жыл сайын жаңы конуштардын социалдык шарттарын жакшыртууга 1 миллиарддан ашуун сом чегерилип турса кыйла маселелер чечилип калар эле.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Шейшенкул Бакировдун айтымында, быйылкы экономикалык кыйынчылыктарга карабай жаңы конуштарга спорт аянтчаларын куруу үчүн 5 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Шарт түзүлсө жеңиш да болот
- Натыйжада "Арис" долбоорунун алкагында 7 конушта спорт аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген. Быйыл ар бир районго Мэрия тарабынан бир жарым миллион сомдон бөлүнгөн. Жаңы жылда дагы спорт аянтчалары курулат.

Бүтүндөй борбор шаардын төрттөн бир болүгүн түзгөн бул конуштарда спорт жайларын куруу маселесин бир-эки жылда эле чече коюга мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө 47 конушта 300 миңдей эл жашайт. Алар жалпы шаар калкынын төрттөн бирине барабар.

Кыргыз жаштары 1989-жылы Бишкектин четиндеги ээн турган жерлерди басып алып, “баскынчы” аталышкан. Себеби ошол учурда борбордо окуган студенттер, завод, фабрикада иштеген менен үйү жоктор жана айылдагы кыргыз жаштары цивилизациянын бир тепкичине көтөрүлүп, шаарга көчүп келе башташкан. Бирок кеңеш доорунда мамлекеттин алардын турак-жай маселесин чечүү мындай турсун, аларды кабыл алууга шарты да, ниети да жок болчу. Ага карабай жаштар шаар четиндеги бош жерлерди үй куруу үчүн бөлүп берүүнү өкмөттөн талап кылышкан.
XS
SM
MD
LG