Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Эл аралык "Ысык-Көл оюндары" 5-сентябрда “Кыргыз деңизи” эс алуу жайында башталат. Быйылкы мелдештерге 200дөй спортчу катышат.

"Ысык-Көл оюндарынын" салтанатуу ачылышы 5-сентябрда Чолпон-Атадагы “Рух ордо” маданий комплексинде болот. Көгүлтүр көл жээгинде 12-сентябрга чейин өтө турган эл аралык "Ысык-Көл оюндарынын" башкы катчысы Канатбек Арпачиев “Азаттыкка” мындай деди.

- Кытай, Орусия, Түркмөнстан, Азербайжан, Тажикистан жана Украинадан спортчулар "Ысык-Көл оюндарына" келишти . Мындан тышкары Өзбекстан жана Түркиядан да спортчулары катышаары күтүлүүдө. Жалпысынан чет өлкөлөрдөн 200гө жакын спортчу келе турган болду.

Эл аралык "Ысык-Көл оюндарында" 16 спорттун түрү боюнча таймаш өтөт. Мелдешти өткөрүү демилгесин Борис Рогатин башында турган Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясы да ар тараптан колдоп, көмөк көрсөтүп келүүдө.

Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында, эл достугуна данакер болгон "Ысык-Көл оюндары" жылдан жылга кеңейүүдө.

- Алгач "Ысык Көл оюндары" спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлсө, быйыл спорттун 16 түрүнөн таймашууларга эки миңден ашуун спортчу катышканы камылгалар көрүлүүдө. Оюндар эки тайпада өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер болмокчу.

Алгачкы мелдештер «XXI кылым - улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталса, беш жылдан бери “Азия- кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” деп аталып келет.

Өлкөнүн “Жаштык” спорт борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин пикиринде, бул мелдештердин келечеги кең жана Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот.



-Кыргыз жергесинде, айрыкча керемет Ысык-Көлдө мындай оюндарды жыл сайын өтүшү туристтердин көп келишине өбөлгө болмокчу. Ошондой эле улуттар арасында ынтымак ыдырабай, "Ысык-Көл оюндары" достукту ширетип турат. Меймандар мелдешке дагы катышып, көлгө түшүп, абдан жакшы эс алууга ыңгайлуу. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алынуучу иш- чара.


Мелдештин баш байге "сыры"
Өлкөнүн дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында, эреже боюнча өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү бул мелдештерге катышууга укугу жок. Бирок мындай шартты орусиялыктар менен казакстандыктар аткарбай жүрүшөт.

Андыктан эл аралык "Ысык-Көл оюндарынын" баш байгесин жыл сайын орусиялыктар колдон чыгарбай келет. Алар мындай жол менен Орусия спорттук күч- кубаты, даярдыгы жогору экенин далилдеп жүрүшөт.

Ал эми коңшу Кытай "Ысык-Көл оюндарына" анча маани бербей, Синзян-Уйгур автономиялуу республикасынан гана чакан делегацияны мелдешке катышууга жиберет.

"Ысык-Көл оюндары" ар жыл сайын Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында өтүп, алардын спорт имараттары, аянтчалары эл аралык талаптарга жооп бербестиги сынга алынып келген. Бул жагдайды жетекчилер эске алып, быйылкы мелдештер Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” эс алуу жайында өткөрүлөт.

"Көпчүлүк жергиликтүү калк мелдештер өтүп жатканы тууралуу да билбей калып жүрүшөт. Себеби маалымат булактарында "Ысык-Көл оюндары" тууралуу аз кеп болуп, жарнамалар да аз илинип калууда",- дейт жергиликтүү күйөрман Бакыт Асанбаев.

"Ысык-Көл оюндарынын" баркы жана баасы
Учурунда дүйнөгө таанылган орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Игорь Бугров, Сергей Мерзляков жана Андрей Полан өз учурунда Чолпон-Атага мелдештерге келип, оюндун кадыр-баркын арттырган.


Орусиянын экс-президенти Борис Елцин, 2004-жыл

Ысык-Көлдөгү IV оюндардын ачылыш аземине Орусиянын экс-президенти, маркум Борис Ельцин дагы катышкан.

Кеңеш доорунда казак спортунун сыймыгына айланган Райым Идирисов, Рустам Максимов жана Төлөндү Ахмеджановдун "Ысык-Көл оюндарына" келиши анын таасирин дагы арттырган.

Быйылкы "Ысык-Көл оюндарын" өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 2 млн. сомдон ашуун каражат бөлдү. Айрым спорт тармагындагы адистер эл аралык ири мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга спортчуларга каражат жетпей жатканда мынча акча кортуунун зарылчылыгы жок болчу деген пикирде. "2012-жылы өтчү Лондон олимпиадасына жолдомо алуучу мелдештерге спортчулар барууга каражат тартыш болуп жатса, Ысык-Көл оюндарына ири каражат чыгымдоонун зарылчылыгы жок эле", - дейт спорт ардагери Алмаз Кудайбергенов.

"Ысык-Көл оюндарынын" статусун өзгөртүп, спорт ардагерлери, эмгекчилер менен кошо жаштар арасында өткөрсө натыйжалуу болмок" -деген пикирин Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов "Азаттыкка" айтты.

Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, эл аралык "Ысык-Көл оюндарынын" деңгээлин көтөрүү үчүн Кытай, Түркия, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран баштаган Азия мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса анын баркы көтөрүлмөк деген пикирлер да арбын.
XS
SM
MD
LG