Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

2012-жылы жайында боло турган Лондон Олимп оюндарына азырынча үч гана кыргызстандык спортчу жолдомо алышты.

Грек-рим, эркин күрөш, бокс, оор атлетика, ок атуу жана башка спорт түрлөрүнөн кыргызстандыктар дүйнөлүк мелдешке жолдомо алаар-албасы арсар.

Ошол эле кезде спорттун ар кайсы түрү боюнча Казакстан 40тан ашуун, Өзбекстан 29, ал эми Тажикстан 4 жолдомого ээ болгон. "Азаттыктын" кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов, спорттук баяндамачы Кубан Атабеков.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Лондон Олимпиадасына чейин дагы жарым жыл убакыт болгону менен мурдагыдан аз спортчу барары белгилүү болуп калды окшойт. Мунун себеби эмнеде?

Канат Аманкулов

Канат Аманкулов

Канат Аманкулов: Улуттук олимпиада комитети, Дене тарбия жана спорт агенттиги, федерациялар менен биргеликте алдыңкы спортчуларга олимпиадага карата былтыр жакшы шарттар түзүлүп берилген. Тилекке каршы ойдогудай болбой калат экен.

Биздин жаңы жылга чейин 7-8 жолдомо алабыз деген үмүтүбүз чоң болчу. Тилекке каршы биздин алдыңкы балбандар албай калышты.

Алдыда дагы 7-8 ай мөөнөтүбүз бар. Бул убакытта жалпысынан 15-20га чейин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Спорт деген спорт экен, бирде утат, бирде утулат. Бирок акыркы убакытта чоң спортко эле көңүл буруп, жалпы спортко, өспүрүмдөргө көңүл бурулбай жүрөт.

Кубан Атабеков

Кубан Атабеков

Кубан Атабеков: Спорт бүгүнкү күндө жөн гана спорт эмес, дүйнө жүзүндө түздөн түз бизнеске айланып, саясат да болуп кетти.

Өнүккөн өлкөлөр бизден ат чабым алыс кетип калды.

Спорт деген карандай эле кара күч менен эмес, медицина, социалдык шарт, экономика менен байланышкан нерсе. Мисалы, ар бир спортчуну биз башка өлкөлөрдөй кыйнап машыктыра алабыз. Бирок кайра калыбына келүү деген жагдай бар да.

Ошол жагынан алганда башка өлкөлөр бизден медицинанын арты менен жаңы технологияларды колдонуп жатышат. Эгер биз ошол процессти ойдогудай аткара алсак эртеңки күндө жакшы көрсөткүч бере алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG