Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Спорт: жылдын мыктылары аныкталды


Президент Р.Отунбаева спортчу Данияр Көбөновго сыйлык тапшырууда, 8-декабрь, 2010-жыл
Президент Р.Отунбаева спортчу Данияр Көбөновго сыйлык тапшырууда, 8-декабрь, 2010-жыл

25-февралда былтыркы жылдын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты спортчу, устаттар жана журналисттер аныкталды. Негедир улуттук оюндардын өкүлдөрү мыкты таанылгандардын арасында азыраак болду.

2010-жылы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Данияр Көбөнов коло медаль тагынып, Кытайда (Гуанчжоуда) өткөн 16-Азия оюндарынын чемпиону аталган. Алдыдагы максаттары тууралуу Азиянын эки жолку чемпиону, жылдын мыкты спортчусу Данияр Көбөнов мындай деди:

- Мен өзүмдүн алдыма койгон максатым - Лондон олимпиадасына жолдомо алып, олимпиада чемпиону болуу. Эми жаштарга жол бошотуп, дүйнө чемпионаттарына барууга даярдык көрүп жатам. Ысык-Көлдө машыгууда болуп келдик. Жазга чейин бир аз эс алып жатабыз.

Жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн Азия жана дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков өткөн жылы Азия оюндарында күмүш байгелүү болуп, мыкты спортчу аталды.

Өткөн жылдын мыкты спортчулары деп Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов, коло байге алган Шадыбек Сулайманов менен Болот Токтогонов да аталып, сый-урматка татыды.

Кыргыз спорт тарыхында беш ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган, Азиянын үч жолку чемпиону велоспортчу Евгений Ваккер былтыркы жылдын мыкты спортчусу деп аталды. Бирок ал учурда чет өлкөдө машыгууда жүргөндүктөн сыйлыгын устаты Эркин Акрамов алды.

Жылдын 10 мыкты спортчуларынын катарына былтыр 16-Азия оюндарында коло байгелүү болгон балбан Жанарбек Кенжеев, кайык спорт чебери Александр Пароль, жеңил атлетикадан Азия чемпиону аталган Виктория Полюдина, самбо күрөшүнөн Азиянын эки жолку чемпиону Анара Эстебесова, билльярдчы Каныбек Сагынбаев, тай бокс боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко, кол күрөш боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Ольга Ярославцева да кошулду.

2010-жылы өспүрүмдөр арасында каратэден дүйнө чемпиону болгон 13 жаштагы Айбек Ибраимов жылдын мыкты спортчусу аталып, жаш болсо да өлкөнү тааныткан. Ал быйыл да Москвада өтүүчү дүйнө биринчилигинде чемпиондук наамын сактап калууга аракет кыларын “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жылдын эң мыкты башкы машыктыруучусу деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы устаты Эмил Алыкулов бешинчи ирет татыктуу болду. Сыйлык дагы жоопкерчиликти жүктөп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирерин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов “Азаттыкка” айтып, каржы маселеси чечилбей, балбандар мелдештерге баралбай жатканына кейиди.

2010-жылдын мыкты машыктыруучулары деген сый-урматка Мейрамбек Ахметов, Раатбек Мамбетов, Эркин Акрамов, Сергей Пароль, Павел Федотов, Жээнбек Мукамбетов татыктуу болушту.

Улуттук спорт түрлөрү боюнча 2010-жылдын мыкты спортчусу аталган ордочу Мыктыбек Асылбеков спорттун олимпиадалык түрлөрүнө көп көңүл бурулуп, элдик оюндар эстен чыгып баратканы “Азаттыкка” айтты.

Спорт тармагындагы жаңылыктарды чагылдырып жүргөн 10 журналистке да Ардак грамота, эстелик сыйлыктар тапшырылды.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, быйыл 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомону көп алууга аракет жасоо зарыл.

- Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын десек, быйыл жана кийинки жылы дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл. Бардык маселе каражатка келип такалууда.

Спорт салтанаты ыр-күү менен коштолуп, майрамдык маанайда өттү.
XS
SM
MD
LG