Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Мааткабылов: Спорт өнүксө, дарыкана азаят


Ырысбек Мааткабылов
Ырысбек Мааткабылов

Кыргызстанда олимпиада оюндарына катыша турган күчтүү оюнчуларды даярдоо үчүн массалык спортту өнүктүрүп, спорт базасына кеңири шарт түзүү милдети турат.

“Клей жыттаган, тамеки тартып, спирт ичимдигин таткан жана компьютердик оюндарга каныккан балдардан мыкты спортчу түгүл, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү муунду күтүүгө мүмкүн эмес”, – деп билдирди “Азаттыкка” курган маегинде Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Ырысбек Мааткабылов.

“Олимпиадалык резервди даярдоо – алыстан башталат”

“Азаттык”: Спорттун олимптик түрлөрү боюнча Бишкекте спортсмендерди даярдоонун абалы кандай? Бул багытта акыркы кезде кандай жылыштар бар?

Ырысбек Мааткабылов​: Бразилиянын Рио-Де-Жанейро шаарында жайкы 31-Олимп оюндары болгону жатпайбы. Анан эми мурдагы Пекин Олимп оюндарына караганда бул жолку жайкы Олимп оюндарына катышуу үчүн биздин спортчулар азыраак жолдомо алып калышты. Анын негизги себеби эле мыкты спортчуларды даярдоого байланыштуу да. Мыкты спортчуну даярдоо үчүн жакшы спорттук база керек экени эч кимге жашыруун эмес.

Олимп оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын атынан жөнөгөн спортчулардын дээрлик көпчүлүгү Бишкекте тарбияланган. Анткени өлкөбүздө Бишкек менен Ош шаарында гана кичине спорттук база бар. Анан эми анын деңгээли эл аралык талаптарга ылайык келип, бардык шарттары толук канааттандырат дегенден алысмын. Мурда Бишкекте “Ленин”, “Фрунзе” жана ЭВМ сыяктуу чоң заводдор бар эмес беле. Мына ошол заводдордун базасында чоң-чоң спорт комплекстери болор эле. Бирок алардын көпчүлүгү кийин жок болуп кеткен.

“Фрунзе” заводунун аймагында эле бир чоң спорт комплекси бар болчу. Анда футбол ойногон аянтчасы, сууда сүзүүчү бассейндери, жеңил атлетика үчүн машыгуу жайлары бардык шарттары менен түзүлгөн эле. “Ленин” заводунун базасында “Инструментальщик” деген стадион бар болчу. Мына ошол жакка шаардыктар барып машыгып, балдарын алып барышып, бир топ жогорку деңгээлдеги спорт маданияты калыптанганы эсибизде. Ошондой спорттук инфраструктура, тилекке каршы, жок болуп кетти.

Ырысбек Мааткабылов (биринчи катарда солдо) жаш спортчулар менен
Ырысбек Мааткабылов (биринчи катарда солдо) жаш спортчулар менен

Спортчуларды жогорку деңгээлде даярдоодо көп кыйынчылыктар болду. Негизи биз спорт менен ынак мамиледе болуп, спорт маданиятын каныбызга сиңиришибиз зарыл. Анткени спорт – бул чоң тарбия. Биз мына ошого ылайык шарт түзүшүбүз керек. Азыр эми бул тармакта бир топ жылыш бар. “Газпром” компаниясы Арча-Бешик жаңы конушунда чоң спорт комплексин бүтүрүп, август айынын аягында ишке берилгени турат. Мына ошондой спорт комплекстери Бишкекте көбөйүшү керек. Мына ошондо идиректүү балдарды тандап алууга мүмкүнчүлүк болот. Сандан сапатка дегендей, жүз баладан кантип бир мыкты спортчу чыкпасын.

Кыргызстанда эмнеге дарыканалар көп?

“Азаттык”: Спорт инфраструктурасын калыбына келтирүүдө жана спорт маданиятын калыптандырууда жеке тараптардын кызыгуусу күчөгөнү байкалат. Бирок мында мамлекеттин негизги ролу кандай болууга тийиш?

Ырысбек Мааткабылов: Мурдагы спорт объектилердин жеке колдорго кетип калганына бушайман болуп, кайрадан заңгыратып спорт имараттарын салыштын деле кажети жок. Чоң имараттарды кармоо үчүн чоң чыгым талап кылынат. Ар бир спорттук мекеме өзүн-өзү акташы керек. Актабаса, бир күнү ал баары бир токтоп калат. Бирок биз мектептердин базасындагы эле чакан спорттук комплекстерди калыбына келтирип алсак чоң олжо болот эле.

Жаш муунду спортко тартып, сергек жашоо образын жайылтпасак, абал көңүл жубатарлык эмес. Анткени азыр жаш балдар планшет менен сотка көтөрүп жүрөт. Алардын арасында ордунан козголуп, турникке тартылып, футбол ойноп, кросско чуркайын дегендер аз. Жанын кыйнап, спорт менен машыгып, ден-соолугуна кам көргүсү келбеген балдар көбөйдү. Анын кесепети оор болуп жатат.

Бир эле мисал, биздин шаарда ар бир кадам сайын дарыканалар ачылган. Эмне үчүн? Анткени чынында эле бизде оорукчандар көп. Дарыны пирожкидей эле сатып калышты. Анан мына ошол дары-дармек сатып алууга эле канча чыгым кетип жатат. Андан көрө мына ошол дарыга кете турган акчадан азыраагын балдардын машыгуусуна төлөп, алардын саламаттыгына кам көрсөк, бир топ арзан түшөрүн чынында көпчүлүк ата-энелер түшүнбөйт.

Башталат баары майдадан...

“Азаттык”: Массалык спортту өнүктүрүп, аны калк арасында жайылтууда буга чейинкиден айырмаланган бир конкреттүү саясат барбы?

Ырысбек Мааткабылов: Биз массалык спортту өнүктүрүш үчүн шаардагы мектептер менен тыгыз иштеп, алар менен макулдашып иш алып баруу ниетин көздөп жатабыз. Ар бир машыктыруучунун билим деңгээлин көтөрүп, анан ар бир мектептеги спорт инвентарларын жаңылоо жагын пландаштырып жатабыз. Азыр мектептерде жыйырма бала футбол же волейбол боюнча болгону бир топ менен машыгып жүрүшөт. Аа негизи андай болбошу керек. Мына ушундай шартта кантип анан мыкты спорт чеберлерин даярдап чыгара алабыз? Азыр жанагы массалык спортту колдоо жана жайылтуу максатында “мектеп лигасы” деген долбоорду күздөн баштап ишке ашырганы турабыз. Анда спорттун бардык түрлөрүн камтыган мелдештерди өткөрүүнү көздөп турабыз.

Президент Атамбаев Бразилиядагы Олимп оюндарына жөнөп жаткан спортчулар менен
Президент Атамбаев Бразилиядагы Олимп оюндарына жөнөп жаткан спортчулар менен

Мектептер арасындагы спорттук мелдештер күздө башталып, эмдиги жылы жазында май айында жыйынтыкталат. Анан мына ошол мелдештерден утуп чыккан мектеп командаларын Европада же Азияда өтүп жаткан турнирлерге алып барып келип, кызыктыралы деген ойдобуз. Быйыл, мисалы үчүн, “Дордой” академиясынын 13 жаштагы балдарын Миланга чемпиондор лигасынын финалдык оюнуна алып барып келдик. Балдарды мына ушундай спортко кызыктыра турган жагдайлар болушу керек экен. Мына ошол жаш жеткинчектер арасындагы мелдештерди кийин жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттер арасында өтө турган лигага чейин өсүп жеткирүү планыбызда бар.

Аз акчага чоң иш жасоого мүмкүнбү?

"Азаттык": Мына ошондой шаардагы мектептер арасындагы же болбосо жогорку окуу жайларынын ортосундагы спорттук мелдештерди кеңири шартта уюштуруу үчүн шаардык бюджеттен каржылоону көбөйтүү жагы чечилип жатабы?

Ырысбек Мааткабылов: Мында каржылоодо маселе жок. Анткени бизге каралган бюджеттин азыркы көлөмү менен деле азыр мен айтып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ага акча кенен эле жетет. Болгону каражатты туура пайдаланып, туура нукка буруп, аны сарамжалдуу чыгымдоону көзөмөлдөп алсак эле, каржы жагынан деле жетишпей калды деген көйгөй болбойт. Анткени мына ошол мелдештерди жөн эле өткөзүп койбой, жөн эле көңүл сыртынан грамота, медалдарын таратып берип койбой, аларды кылдат карап чыгып, жыйынтыгы боло тургандай кылып уюштуруу маселеси турат. Анткени балдарды спортко кызыктырып, алардын арасынан жөндөмдүү балдарды иргеп алып, алардын келечегине кам көрүү – бул биздин бардыгыбыздын жоопкерчилигибиздеги иш.

Анан эми өкмөттүн акчасын кумга сиңген суудай сарптап, чачып жибергенден оңой иш жок да. Ошол үчүн буга биз абдан кылдат мамиле кылышыбыз зарыл. Биздин максат - “балдарга олимпиада чемпиону болосуң, сен өзүңдү эле эмес, спорттук жеңиштериң менен өлкөңдү даңкка бөлөйсүң, тарыхта каласың, сен тууралуу кийинки муундар билет”, деген сыяктуу акыл-насаат айтып, аларга жол көргөзүш.

Таза атаандаштыкка карай жол...

“Азаттык”: Азыр эми шаарда мектептер арасындагы спорттук атаандаштыкка караганда кайсы бир жеке ишкерлерибиз каржылаган спорттук клубдар ортосундагы атаандаштык чоң экенин байкайбыз. Бирок мына ошол атаандаштык ишкерлерибиздин жеке кызыкчылыгына байланып калгандай. Мына ошону жалпы коомдук кызыкчылыктын нугуна буруп, спортту колдоодогу ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилигин көтөрүүдө жылыш барбы?

Ырысбек Мааткабылов: Чынында эле силер айткандай, кандай гана меценат болбосун өзүнүн кызыкчылыгына карата ишмердигин жүргүзөт. Анан кандай мелдеш уюштурушпасын, алардын эмне ой-максат менен уюштуруп жатканын биле албайсың да. Анткен менен ишкерлерибиздин арасында “балдарга тарбия берип калайын, аларды туура жолго багыттоого көмөк көргөзөйүн” деген адамдар деле аз эмес.

Кыргызс спортчулары жана Атамбаев
Кыргызс спортчулары жана Атамбаев

Мен бул жакка келе электе эле ишкерлер менен биргелешип алып, бир катар турнирлерди өткөзчү элек. Анан эми бул жакка келген соң, мен мектептерди кыдырып чыгып, ал жакта спорттун өнүгүшүнө көп көңүл бурулбай калган учурларды байкадым. Мына ошондуктан ишкер байкелерди чогултуп, айрым мектептердеги спорт аянтчаларын оңдоого жана спорт залдарын жаңылоого жардам көрсөткүлө деп айтып жатам. Мен деле өзүмдүн эсебимден көп спорт залдарын салып бердим. Анан эми мына ошолордун арасынан 5 -10 жылда бир “Марадона” чыгып калса, жалгыз мен эле эмес, бүтүн кыргыз эли сыймыктанат. Мына ошондуктан бул иштерди аткарууда “меники-сеники” деп кызганбай, чогуу чаран иш алып барсак туура болот эле.

“Сергек жашоо, таза улуттун кепилдиги”

“Азаттык”: Жакында Бишкек шаарындагы спорттук объектилерди кыдырып чыккан экенсиз. Алардын канчасы жарактуу, канчасы жарактан чыкканы боюнча жалпы бир анализ жасасаңыздар керек?

Ырысбек Мааткабылов: Азыр эми шаардагы эң чоң “Дельфин” деген бассейнди оңдоп-түздөө иштери көптөн бери кечеңдеп келген эле. Ага мага чейин эле каражаты бөлүнүп берилген экен. Учурда оңдоо иштери аяктап калды. Кудай буюрса, октябрь айында аталган бассейн шаардыктар үчүн пайдаланууга берилет. Ал жерде биздин сууда сүзүүчү спортчуларыбыз дагы машыкса боло тургандай шарттар түзүлөт. Мындан сырткары биздин шаардагы мектептердин спорт аянтчаларын жана спорт залдарын оңдоого акча бөлүнүп жатат. Ата-эне катары баланы спортко берип жатканда ал жактын шарттарын карайсың. Коопсуздугун, тазалыгын жана душка түшө тургандай шарттарын карап, ошого жараша баланы спорт мекемесине тапшырат эмеспи. Машыктыруучунун деңгээли кандай деген дагы маселе бар.

Күзүндө шаардагы машыктыруучулардын бардыгын аттестациялоодон өткөзөлү деп жатабыз. Анткени көпчүлүк машыктыруучулардын билим деңгээли талапка жооп бербейт деген даттануулар бар. Билими жок машыктыруучу, балага жардам бермек турсун, кайра терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала жаракат алып, андан ары спортко жакындагысы келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан машыктыруучунун психологиялык абалын жана билим деңгээлин текшерүү өтө маанилүү.

Спорт залдарында талаптагыдай бардык шарттарды түзүүгө кам көрүү жагын чечип жатабыз. Душу, кийим чече турган жайы дайын болуп, дарыгердин көзөмөлү болушу шарт. Буюрса, мына ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Таза жерде, спорт менен машыксаң, таза ойлор келе баштайт. Айрым балдарыбыз спорт залга бармак турсун, көчөдө клей жыттап, тамеки чегип, спирт ичимдигин татып көрүп, анан бара-бара маңзатын колдонууга өтүп кетип жатса, анан каяктагы келечек тууралуу айта алабыз.

“Азаттык”: Балдарды сергек жашоого тарбиялоодогу ата-эненин, коомдун жана мамлекеттин жоопкерчилигин көтөрүү эмнеден башталууга тийиш?

Ырысбек Мааткабылов: Биз биринчи кезекте баланын тарбиясы үчүн ата-эненин жоопкерчилигин көтөрүү маселесин ойлошубуз керек. Андан кийин биздин коом жана мамлекет бизге кандай улут керек, анын сандык жана сапаттык курамы кандай болушу керек деген көйгөйдүн үстүндө иш алып барышы зарыл. Бир эле мисал. Бизди атабыз эрте менен ойготуп алып чуркатып, көнүгүүлөрдү жасатып, кышкысында муздак сууга сүртүнтүп, сууга сүзүүгө алып барып бизди кызыктырып, тарбия берди. Анан эми эртең менен “балам, кыйналбай, уктай бер” деп аталар баласын аяса, анан кантип сергек жана жашоого жөндөмдүү балдар өсүп жетилсин. Ошол үчүн бул жерде ата-эненин тарбиясы жана аны баласы үчүн өзүнө алган жоопкерчилиги абдан маанилүү.

XS
SM
MD
LG