Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кыргыз спортундагы жаңы бурулуш


Кыргызстан-Австралия футбол командаларынын Бишкекте өткөн таймашы. 16-июнь, 2015-жыл
Кыргызстан-Австралия футбол командаларынын Бишкекте өткөн таймашы. 16-июнь, 2015-жыл

"Азаттык" 2015-жылдагы кыргыз спортундагы жетишкендиктер жана оор жоготуулар тууралуу сөз кылат.

2015-жылда кыргыз спортунда бир катар орчундуу окуялар орун алды Кыргыз спортчулары дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондуктарында 100дөн ашуун медаль тагынып, ошондой эле бир катар эл аралык мелдештерде байге утушкан. Төрт спортчу олимп оюндарына жолдомо алды.

Азат Үсөналиев дүйнө мыктысы

Эл аралык Бокс бирикмеси (AIBA) кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиевди “Январь айындагы мыкты боксчу” деп атады.

Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Азия чемпиону Азат Үсөналиевге бул наам Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы алгачкы беттешинде британиялык Эндрю Селбини уткандыгы үчүн ыйгарылды.

Азат Үсөналиев
Азат Үсөналиев

23-январда Киев шаарында болгон беттеште Азат Үсөналиев жарым профессионалдык “Украина атамандары” командасынын намысын коргоп чыккан. Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2011), Европанын чемпиону (2011) Эндрю Селби “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасынын курамында рингге чыккан эле.

52 килограмм салмак ченинде болгон күч сынашуу британиялык мушкердин жаракат алгандыгына байланыштуу 5-раундга жеткенде токтотулуп, мелдеш калыстары жеңишти Азатка ыйгарышкан.

Азат Үсөналиев 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонунда "Украина атамандарынын" курамында алты жолу беттешке чыгып, үч жолу жеңишке ээ болуп, үч жолу утулду.

Кыргыз спортуна 90 жыл

2015-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандагы дене тарбия жана спорт тармагы түптөлгөндүгүнө 90 жыл болду. ​

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена
Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена

Кара Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеш 1925-жылы 8-апрелде иштей баштаган. ​Бул күнү кеңештин алгачкы жыйыны болгон. Анын төрагалыгына облустук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. Дүйнөдө согуштук аракеттер байкала баштагандыктан 1936-жылы совет өкмөтү Дене тарбия кеңешин Республикалык комитет деп кайра түзгөн. Ошол жылы кыргызстандык эң мыкты 150 спортсмен Москвада Кызыл аянтта советтик дене тарбиячыларынын биринчи парадына катышкан экен.

1948-жылдан баштап өлкөдө спорттук ийримдер, спорттук аянтчалар арбын курулуп, калк саламаттыгына өзгөчө көңүл бурула баштаган. 1950-жылдардан кийин кыргыз спортчулары союздук спартакиадаларга, 1960-жылдан баштап Олимпиада оюндарына катыша баштаган. 1960-70-жылдары спортсмендердин жаңы тобу алдыга суурулуп чыккан.

Азамат Алымбек уулу дүйнөлүк төрт рекордду жаңыртты

Кыргызстандык Азамат Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Мелдеш 9-июнь күнү Финляндиянын Сало шаарында өттү.​

Пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Азамат Алымбек уулу
Пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Азамат Алымбек уулу

Азамат Алымбек уулу 59 килограмм салмакта дүйнөнүн 10 спортчусу менен таймашкан. Спортчулар штанганы жатып түртүү, отуруп көтөрүү жана полдон тартып көтөрүү боюнча көнүгүүлөрдү жасашкан.

Кыргыз спортчусу Азамат Алымбек уулу отуруп көтөрүүдө 165 килограмм, жатып көтөрүүдө 125 килограмм салмакты багындырган.

Полдон тартып көтөрүүдө алгач 222.5 килограмм салмакты көтөрүп рекорд койгон. Кийин экинчи аракетинде 236 килограмм жана үчүнчү аракетинде 240.5 килограмм салмакты көтөрүп, өзү койгон рекордду жаңыртып, алтын байгенин ээси болуп, чемпион аталды. Ага таандык 3 көнүгүүнүн жыйынтыгындагы 530.5 килограмм салмак (165 – 125 – 240.5 ) дагы дүйнөлүк рекорд болуп саналат. Ошентип жаштар арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунда штанганы жатып көтөрүүдө кичи күмүш, жана жалпы көнүгүүлөрдөгү эсеп менен төрт дүйнөлүк рекордду коюп алтын байге алып Азамат Алымбек уулу мелдештерин жыйынтыктады.

Универсиада: кыргыз спортчуларынын жалгыз медалы

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында 3-июлдан 14-июлга чейин Бүткүл дүйнөлүк 28-жайкы Универсиада оюндары өттү. Ага 272 топтом медаль үчүн спорттун 21 түрүнөн дүйнөнүн 146 мамлекетинен 10 миңден ашуун спортчу катышты. Кыргызстандан бул мелдешке спорттун төрт түрү боюнча 22 спортчу барган.​

Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясынын ректору Токтобек Иманалиев 28-жайкы Универсиаданын коло байгесин жеңил атлетчи Дарья Масловага тапшырууда
Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясынын ректору Токтобек Иманалиев 28-жайкы Универсиаданын коло байгесин жеңил атлетчи Дарья Масловага тапшырууда

Алардын арасынан жеңил атлетчи Дарья Маслова 5 миң метрге чуркоодо 3-орунду ээлеп, Кыргызстанга таандык жалгыз коло медалдын ээси болду.

Дартка моюн сунбаган балбандын ийгилиги

Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 13-18-октябрь күндөрү 35тен 70 жашка чейинки ардагерлердин ортосунда Грецияда өткөн мелдешке 70 өлкөдөн спортчулар катышты.​

Чынарбек Изабеков
Чынарбек Изабеков

Чынарбек Изабеков 45 жашта. Ал 40тан 45 жашка чейинкилер арасында С категориясында салмагы 85 килограммга жетпегендер менен күч сынашып, төрт беттеш өткөргөн. Бул салмакта 15 балбан килемге чыккан. Алгачкы беттешинде грециялык Десколидис Парадосту, чейрек финалда венгриялык Сипеки Каролини артыкчылык менен уткан.

Финалга чыгуу үчүн беттеште орусиялык Георгий Петровго туш келип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Чечүүчү беттеште ирандык Салехи Реза менен таймашып, 4:2 эсебинде утуп дүйнө чемпиону аталды. “Бул беттеш күчтүү атаандаштыкта өттү”,- дейт дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков.

Чынарбек Изабеков жаштар арасында СССРдин чемпиондугун утуп, СССР курамасынын катарында бир катар союздук мелдештерде жеңишке жеткен. 18 жашында (1988-жылы) жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медалды тагынган. Чоңдор арасында дүйнө чемпиондугуна, олимпиада оюндарына даярданып күчкө толуп турган кезинде, 21 жашында ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын жыйынтыктоого туура келген. Дээрлик 20 жылга жакын тыныгуудан кийин дартка чалдыгып, оорудан айыгуу үчүн кайрадан килемге чыгып, машыгуусун улантып, ардагер спортчуларга үлгү көрсөтө алды.

Кыргыз бильярдынын жаш жылдызы

Кыргызстандык 18 жаштагы Дастан Лепшаков Финляндияда бильярддын “Динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда беларустук Евгений Салтовскийди 7:1 эсебинде утуп, бул сыймыкка татыды. ​

Дастан Лепшаков
Дастан Лепшаков

Финляндиянын Иматра шаарында 22-октябрда башталып, 25-октябрда аяктаган бильярддын “Динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпиондугуна 14 өлкөдөн 61 спортчу катышты.

Дастан Лепшаков 18 жашта. Былтыр Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында бильярддын “Кураштырма пирамида” түрүнөн жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Эл аралык класстагы спорттун чебери. 2015-жылы бильярддын эркин пирамида түрүнөн Казакстанда болгон Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Июль айында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярддын «Эркин пирамида» түрүнөн командалык дүйнө чемпиондугунда “Динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку жана “Эркин пирамида” боюнча дүйнөнүн бир жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев менен кошо 3-орунду ээлешкен.

Мелентьев кыргыз спортунун жылдызы эле

16-февралда Москва олимпиадасынын чемпиону Мелентьев Александр Реммович оорудан улам 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Ал тапанчадан ок атуу боюнча 1980-жылдагы Москва олимпиадасында алтын медал тагынган. Командалык мелдештерде 8 жолу дүйнөнүн, жети жолу Европанын чемпиону болгон. Эки ирет Европа чемпиондугунун күмүш медалын алган. СССР чемпиондугун 13 жолу жеңген.​

Александр Мелентьев Москва Олимпиадасында. 1980-ж.
Александр Мелентьев Москва Олимпиадасында. 1980-ж.

href="http://www.azattyk.org/content/olympic_champion_aleksandr_melentyev_/26852796.html" target="_blank">Александр Мелентьев ок атуу боюнча жеке жана командалык эсепте СССРдин, Европанын жана дүйнөлүк рекорддордун ээси болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпиада оюндарында 50 метр аралыктан тапанчадан ок атууда мүмкүн болгон 600 упайдан 581 упай топтогон. Ага таандык Москва олимпиадасындагы рекорд 34 жылдан кийин гана жаңырды. 2014-жылы ок атуу боюнча дүйнө чемпиондугунда Түштүк Кореялык Жинг Жонг О мүмкүн болгон 600 упайдан 583 упай алып жаңы рекорддун чегин белгиледи.

Кыргыз спорту Саралиновду жоктоп турат

13-мартта мамлекеттик, спорт жана коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов 54 жашында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды.​

Мурат Саралинов
Мурат Саралинов

Мурат Саралинов ​СССРдин спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу. Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгон жана эл аралык, бүткүл союздук мелдештердин жеңүүчүсү. Ал Эркин күрөш жана Спорттук күрөш федерацияларынын президенти болуп эмгектенген.

Саралинов 2006-жылы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланып бул кызматта өмүрүнүн акырына чейин иштеди. Ал ошондой эле Олимпиадалык комитетти жетектеген учурда 2013-жылдын апрель айында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалып, бир жылга жетпей эле өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берген эле.

Кыргызстанда алгачкы жолу спорттук телеканал ачылды

Коомдук телерадио компаниясынын Спорт каналы 15-декабрдан баштап иштеп баштады. Аталган телеканалды 24 саат бою бардык кабелдик жана Кыргызстандын аймагында санариптик ТВдан көрүүгө мүмкүн болот.​

КТРК Спорт телеканалынын студиясы
КТРК Спорт телеканалынын студиясы

Телеканал өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө салым кошуу жана коомчулукту дени сак жашоого үндөө максатында ачылган.

Кыргыз футболу өнүгүү жолунда

2015-жылы кыргыз футболунда бир катар өсүштөр болду. Кыргыз футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарына катышып, улуттук курама команда бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 152-орундан 108-орунга чейин көтөрүлө алды. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында В тайпасында Тажикстан, Иордания, Бангладеш жана Австралия өлкөлөрүнүн улуттук курама командалары менен беттешти.​

Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 17.11.2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 17.11.2015-ж. Бишкек.

Кыргыз футболчулары тандоо оюндарынын жети беттешинде эки жолу тең чыгып, эки сапар жеңилип жана үч жолу жеңишке жетишти. Тактап айтканда, Бангладеш курамасында конокто болуп 3:1 эсеби менен уткандан кийин Бишкекте австралиялыктарга 2:1 эсебинде утулушкан. Андан соң Иорданияда конокто ойноп талаа кожоюндары менен 0:0 эсебинде тең чыккан. 8-октябрда тажик футболчуларын Бишкекте кабыл алып 2:2 эсебинде тең ойношкон. Андан соң 13-октябрда Бишкекте Бангладеш оюнчуларын 2:0 эсебинде утушса, 12-ноябрда Канберрада австралиялыктарга 3:0 эсебинде утулушту. 17-ноябрда кайрадан Бишкекте Иордания курамасын кабыл алып 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жети оюндан кийин Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 упай менен В тайпасында 3-орунда келе жатат. 13 упай менен Иордания экинчи, 14 упай топтогон Австралия биринчи катарда. Кыргызстан тайпалык тандоо оюндарынын экинчи баскычындагы акыркы оюнун 2016-жылы 29-мартта Дүйшөмбү шаарында Тажикстан курамасына каршы өткөрөт.

Иорданиялыктардын чыры

17-ноябрда Бишкекте өткөн таймашта Кыргызстандын футбол командасына жеңилген Иордания оюнчулары оюн аяктаганда чыр чыгарып, алгач мелдеш калысына жулунуп, кийин аны токтотууга аракет кылган кыргыз футболчулары менен тирешип, дарбазачы Амер Шафи Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиевди бөйрөк тушка чаап жиберди. Дагы бир нече оюнчу оюн талаасында жүргөн топ ташыгыч өспүрүмгө, медициналык кызматкерге тап берип чагым салууга аракеттеништи. ​

Иорданиялык оюнчулар чыр чыгарган учур. 17.11.2015-ж. Бишкек.
Иорданиялык оюнчулар чыр чыгарган учур. 17.11.2015-ж. Бишкек.

Бирок кыргыз тарап чагымга алдырбай күйөрмандарга ыраазычылык билдирүү үчүн стадионду айланып кетишкенде кырдаалга көзөмөл кылган милиция кызматкерлери иорданиялыктарды стадиондон алып чыгып кетишти. Иорданиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу шакирттеринин кылыгына түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, чыр чыккан учурда оюн аянтчасында болбогонун, эки тараптын тирешин көрбөгөнүн айтты. Ал эми Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов оюндун комиссары иорданиялыктардын чыр чыгарууга кылган аракетине чара көрүп, жаза колдонууга үмүт кыларын билдирди. Ал ошондой эле дисциплинардык чара колдонула турган болсо, иорданиялык футболчулар үч оюнга чейин дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринен четтетилип же акчалай айыпка жыгылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG