Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Акаев спортту өнүктүрүүгө көмөктөшкөн ишкерлерди колдоону сунуштоодо


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев мындай сунуш менен жакын арада өкмөткө кайрыла турганын билдирди. Ал Нарын облусунун Кочкор районундагы балбан Айсулуу Тыныбекова окуучу кезинде машыккан спорт залдын абалы өтө эле начар экенин, андыктан аларды оңдоп же жаңыларын куруу менен алектенген, керектүү шаймандарды сатып берген ишкерлер колдоого алынышы керектигин айтууда. Акаев өкмөттү, ишкерлерди спортко жапа тырмак көңүл бурууга чакырды. Кыргызстанда айылдардагы дээрлик бардык спорт залдарынын эскилиги жеткени айтылып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG