Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Самбо: Артур Тө дүйнөдө эң кыйын


18-октябрда Латвияда өткөн самбо боюнча чемпионатта Артур Тө дүйнө чемпиону болду. Тегеранда Азия чемпионатындагы кайык жарыштарында кыргызстандыктар 4 медал утту.

Латвиянын борбору Рига шаарында самбо күрөшүнөн улан-кыздар арасында дүйнө биринчилигинин таймашуулары жыйынтыкталды. Мында 24 өлкөнүн төрт жүзгө жакын спортчусу күч сынашты.

65 кило салмакта кыргызстандык Артур Тө бардык атаандаштарын утуп, финалда грузиялык Бек Тугушту жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Баш байге үчүн 56 кило салмактагы Эламан Касымбаев орусиялык Савва Каракизидеге аз упай менен утулуп, күмүш байгелүү болду.

Зымырайт кайык марага

Тегеранда өткөн Азия чемпионатынын кайык жарыштарында кыргызстандыктар 4 медал утушту. Уландар арасында 200 метрге кайык жарышында бишкектик Руслан Молтаев марага экинчи келип, күмүш медал тагынды. Молтаев үч секунда айырма менен алтын байгеге жетпей калды.

Мындан сырткары Руслан Молтаев эки кишилик кайык жарышында өнөгү Кирилл Терехин менен коло байгелүү да болушту. 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль баштаган төрт жигит 1000 метр аралыкка жарышта үчүнчү орунду ээлешти. Эр-азаматтардын 500 метрлик кайык жарышында Игорь Дорофеев коло медал тагынды.

"Тегерандагы Азия чемпионатында 19 өлкөнүн кайыкчыларынан кыргызстандыктар тогузунчу орунга илинди",- деди Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Канат Арпачиев.

Бийле жигит, бийле кыз

19-октябрда Бээжинден кыргызстандык спорт бий чеберлери олжолуу келишти.

Кытайдын борборунда спорт бийлери боюнча Азия чемпионаты өттү. Мында 15 өлкөнүн бийчилеринин катарында кыргызстандык 6 спортчу өнөрүн көрсөттү.

Натыйжада кыргызстандык Алексей Кибкало менен Виктория Качалко латынамерикалык бийлер боюнча экинчи орунду ээледи.

АКШда кыргыздар биринчи орунду ээледи

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын улук лейтананты Нурстан Толтоев АКШнын Филадельфия штатында өткөн эрендердин эр кармашы боюнча дүйнөлүк кубогунда коло байге утуп келди. Ал 90 кило салмакта күч сынашып, үчүнчү орунду ээледи.

Нурстан Толтоев быйыл дүйнө чемпионатында да жеңүүчү болуп, самбо күрөшүнөн Азия чемпионатында да күмүш байге уткан. Ал эл аралык турнирлердин да жеңүүчүсү аталган.

Мындан сырткары кыргыз жигиттери дүйнө кубогунда 3 күмүш, 6 коло медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылышты.
Керимбек Кушубаков (60 кг), Адилет Айманбетов (65 кг) жана Жайыл Жакшылык уулу экинчи орундарды ээледи. Коло байгени Мирбек Сагынбеков (60 кг), Улан Эралиев (65 кг), Алтынбек Аматов (75 кг), Адилет Чаликов (80 кг), Болот Абдукеев (85 кг) жана Нурстан Толтоев (90 кг) утуп алышты.

- Эрежесиз кармаштын дүйнө кубогунда 27 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашты. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Эми ноябрда Казакстандын Актөбө шаарында Азия чемпионаты болмокчу,- дейт башкы устат Бек Тотошев.

Аганы көрүп, ини өсөт

Казакстандын Караганда шаарында панкратион боюнча уландардын эл аралык турниринде кыргызстандыктар 6 медал утуп келишти.

Баш байгеге Батыр Насыров менен Роберт Шингараев ээ болуп, баалуу сыйлыктарга арзыды.

Каныбек Сагынбаев чемпиондук наамын сактай алабы?

19-октябрда Киев шаарында бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи болду. Мында Кыргызстандын намысын 5 спортчу коргоп жатат. Алар: дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, өлкө чемпиону Кубанычбек Сагындыков, вице-чемпион Ызатбек Ратбеков жана эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүргөн Антон Нетесов менен Камолиддин Есиддинов.

Бул дүйнө чемпионаты тууралуу бильярд федерациясынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков билдирди.

Талыкпаган Ваккер

20-октябрда Кытайдын Хайнан аралында велоспорт боюнча эл аралык турнир башталат.

Мында өлкө намысын Азиянын үч жолку чемпиону Евгений Ваккер коргойт. Азиядагы эң таасирдүү веложарышка 22 өлкөнүн эки жүзгө жакын тандалган спортчусу катышат.

Бул 9 этаптан турган көп күндүк жарыш 1400 км. аралыкка созулуп, 29-октябрда жыйынтыкталат.

Дүйнө кубогунан 19 алтын байге

Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандыктар 23 медал утуп келишти.

Алардын 19у алтын, үчөө күмүш жана бирөө коло байге болуп саналат. Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рекордду төрт ирет жаңыртты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG