Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Саралинов: Спорт ордо эл аралык стандартка жатпайт


Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жаңы заманбап спорт сарайдын зарылчылдыгы тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Азыркы Кожомкул атындагы Спорт ордону эмнеге жаратпай жатасыздар? Ал жакта такай концерттер өтүп калган үчүнбү?

Мурат Саралинов: Жок, кеп анда эмес. Биз дүйнө жүзүн кыдырып жүрөбүз да, биздин спортчулар дүйнөгө көп чыгышат. Мурда биз Спорт сарайда Азия биринчилигин өткөргөнбүз. Мына эмдиги жылы да күрөш боюнча Азия биринчилигин өткөргөнү жатабыз. Бизге келген эксперттердин баары Спорт сарайдын абалы боюнча нааразычылык билдирип жатышат. Алар бизге акыркы жолу уруксат берип жатат. Анткени биздин Спорт сарай эл аралык стандарттарга жооп бербейт деп бизге улам-улам каттарын жөнөтүп, нааразы болуп жатышат.
Азыр Лондон олимпиадасына эки жолдомобуз бар. Биздин анализ боюнча алдыдагы турнирлерде 12-15 жолдомо алабыз.

Биздеги спорт федерациялардын көпчүлүгү жогорку деңгээлде иш жүргүзүп, мисалы быйыл бел күрөш боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүштү. Азия чемпионаттарын да алабыз деп атышат. Бирок биздин Спорт сарай эл аралык стандарттарга жооп бербей жатат. Ошондуктан жок дегенде Бишкекте заманбап Спорт сарай салынышы керек.

“Азаттык”: Сиздер эсептеп чыктыңыздарбы жаңы Спорт ордо куруу үчүн канча каражат керек экен? Өлкөнүн бюджети көтөрө алабы?

Мурат Саралинов: Демөөрчү табалыбы, же инвестиция тарталыбы деген ар кандай ойлор болгон, депутаттар менен да сүйлөшкөнбүз. Бирок мен кайсы өлкөгө барбайын, баары менен кеңешип чыктым. Алардын баары Спорт сарай салуу өкмөттүн милдети, анткени бул өзүн көп жылда актаган объект болот деп айтышты.

Заманбап Спорт сарай керек, ошондуктан жок дегенде Бишкекке салышыбыз керек. Ал эми имаратты курууга кеткен акчаны имарат салуу боюнча адистер санап чыгышы керек. Үч миңдик орунбу, же беш миңдик орунбу аны караш керек. Бирок эл аралык стандарт боюнча беш миңден кем болбош керек.

“Азаттык”: Соңку учурда кыргызстандык спортчулардын ийгилиги анча эмес деп жатышат. Лондон олимпиадасына канча жолдомо алынды? Грек-рим күрөшүнөн үмүт жаратып жаткан балбандардын да барар-барбасы арсар болуп калдыбы?

Мурат Саралинов: Бээжин олимпиадасынын алдында да биз дүйнөлүк мелдештерде орундарга илинген эмеспиз. Бирок олимпиадага чейинки турнирлерибиз бар. Мен өзүбүздүн балбандарыбызга ишенем. Февраль айынан баштап ошол турнирлер башталат. Азыр даярдануу жакшы болуп жатат. Дүйнөлүк биринчиликти мен өзүм барып көрүп келгем, анча-мынча гана спорттук ийгиликтер гана жетишпей калды. Анткени ошол эле Канатбек Бегалиевдин бир топ жеңиштери бар. Ошол эле Эралиев, ошол эле Макеналиевге анча-мынча гана ийгилик жетишпей калышты.

Биздин балбандар дүйнөлүк аренада жакшы атаандаштыкка ээ, ошондуктан алдыдагы турнирлерден сөзсүз түрдө жолдомо алабыз деп ишенем.
Биз дүйнө жүзүн кыдырып жүрөбүз да, биздин спортчулар дүйнөгө көп чыгышат. Мурда биз Спорт сарайда Азия биринчилигин өткөргөнбүз.

Азыр Лондон олимпиадасына эки жолдомобуз бар. Биздин анализ боюнча алдыдагы турнирлерде 12-15 жолдомо алабыз.

“Азаттык”: Улуттук олимпиада комитеттин өзү жөнүндө айтып бересизби? Комитетти ким каржылайт, бийлик менен мамилеңер канчалык?

Мурат Саралинов: Бийлик менен мамилебиз абдан жакшы. Биз дайыма алардан колдоо көрүп жатабыз. Кайсы гана суроо менен президентке, мэрияга чыкпайлы баарын аткарып берип жатышат. Акча жагынан жакшы сыйлыктарды берип, бул жактан проблема жок.

Улуттук олимпиада комитети негизи бийликтен көз каранды болбош керек. Ошондуктан бизди Эл аралык олимпиада комитети каржылайт. Биз болсо спортчуларга кепил болуп, бийлик болобу, дин жагынан болобу спортчуларга эл аралык мелдештерге барууга тыюу салынса, биз аларга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Ошондо Эл аралык олимпиада комитетинин желеги менен чыгышы мүмкүн. Бирок кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө андай кырдаалдар жок.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG