Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

“Дордой” финалга чыгуу далалатында


23-сентябрда Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө “Дордой” клубу катышууда.

23-сентябрда Малайзиянын Малакка шаарында Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү башталды. Жазында АФК президентинин кубогунун мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрүндө 12 команда катышып, 6 команда финалдык оюндарга иргелген.

А тобунда Непал, Түркмөнстан жана Монголия өлкөлөрүнүн чемпиондору атаандашып, алардын жеңүүчүсү баш байгеге талапкердин бири болот.
В тобунда болсо Кыргызстан, Палестина, жана Пакистан мамлекеттеринин футболчулары беттешүүдө. Жыйынтыгында ким жеңип чыкса, ал финалда ойноого укук алат.

23-сентябрда кечинде “Дордой” футбол клубу Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен ойнойт. Команданын даярдыгы, атаандаштары тууралуу “Азаттыкка” “Дордой” клубунун вице-президенти Улугбек Салымбеков айтып берди.

- Даярдык жакшы болду. Жаздан бери бир нече жолу чет өлкөлүк командалар менен ойнодук. Жаракат алган оюнчулар да жок. Пакистандын футболчулары мурда утуп эле жүргөнбүз. Быйыл баш байгени утуп алууга аракет кылабыз.

Быйыл 8-майда Непалда өткөн мыктыларды иргөө оюндарында Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

25-сентябрда “дордойчулардын” кезектеги атаандашы Палестинанын чемпиону “Ал-Кудс Хилал Клаб" командасы болмокчу.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, “Дордой” клубунун финалдык топтогу негизги атаандаштары Түркмөнстан жана Пакистандын командалары болот.

- “Дордой” футбол клубунун быйылкы негизги максаты - АФК президентинин кубогун утуп, келээрки жылы Азия кубогуна талапкер болуу.

Футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаевдин пикиринде, бул ирет “Дордой” клубу өз тобунда лидер болгону менен баш байгеге талапкер болушу күмөн.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене- тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, “Дордой” клубу Азиядагы начар командаларды утканы менен өздөрүнүн деңгээли да төмөндөп кеткен.

- Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жаңы уюшулган атаандаштарынан утуп, алдыга чыкпай калуу чынында эле уят иш болот. Быйылкы атаандаштарынын деле деңгээли төмөн экен. Тилекке каршы «Дордой» командасы 2010-жылы финалда атаандашы мьянмалык футболчуларга утулуп калган. Ал эми былтыр иргеп алуу мелдештеринде эле утулуп, финалдык топко кирбей калган. Жазында Бутан менен Филиппиндерди утканын чоң жеңиш деп айтууга болбойт.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден-бир команда болуп саналат.

"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. Ошондой эле “дордойчулар” төрт ирет финалда утулуп, 2005, 2008, 2009-2010-жылдары экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

Биринчи орунду ээлеген командага 50 миң доллар жана күмүш кубок сыйлык катары тапшырылып келатат.

Финалдык беттешүү 29-сентябрга белгиленди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG