Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Далысы жерге тийбеген Тапанча балбан


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ибрагим Узаков спорт күйөрмандарына Тапанча балбан деген ат менен таанымал.

СССРдин спорт чебери бул каймана атты Кара-Суу шаарында 1968-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн мелдеште алган. Азыр ооруп, пенсияда жүргөн Ибрагим Узаковдон жүздөгөн балбан спортчулар, анын катарында Кыргыз эл баатыры Раатбек Санатбаев жана Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты Баяман Эркинбаев таалим алган.

90-жылдары Бишкекте өткөн балбандардын мелдешинде жалалабаддык Ибрагим Узаков таймашка чыгып, 110 килограммдык салмак боюнча күрөштө өз атаандашын 39 секундда жерге жыккан.

Ибрагим Узаковдун күрөшкө болгон өнөрү бала чагында башталган. "Айыл-кыштактарда өткөн той-аш менен эл чогулган жерде күрөш болсо, Ибрагим сөзсүз утуп чыгаар эле", - дешет анын оюнун көргөндөр.

- Негизинен бел боолуу күрөш боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын, ал эми грек-рим күрөшү боюнча мурунку союздук республикалардын тең жарымындагы мелдештерге катышып чыктым. Украина, Беларуста болдук. Союз маалында бизге кыйын эле, орустар бизди алдыга өткөрчү эмес, мизибизди Бишкектен эле майтарып турчу.

Тапанча балбан деген ат ага бою кичинекей болгону менен өзүнөн оор салмактагы он бир адамды жыкканы үчүн ак бата менен ыйгарылган экен. "1968-жыл эле, орто мектепти жаңы бүткөм, мелдеш Борбор Азия республикаларынын арасында Кара-Суу шаарында өткөн болчу", - деп эскерет ал учурун Ибрагим Узаков:

- Кара-Сууда чоң күрөш болгон. Ал жерде аксакалдар, акимдер, райкомдун секретарлары оюнду карап турушкан, мен болсо чекесинен жагы бергем. Өзүм кичинекей элем, оор салмактагы балбандарды көп жыккам. Ошол мелдеште оор салмактагы он бир балбанды жыгып, лидер болуп чыккам. Ошондо адамдар мени токтотуп, "чыныгы тапанча экен, буга ат берели", - дешкен.

Кийин Тапанча балбан Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда, анан Бишкектеги Дене-тарбия институтунда билим алат. Облус борборундагы балдардын спорт мектебине алгач машыктыруучу болуп ишке орношуп, анан директорлук кызматка дейре көтөрүлөт. Иштеген жылдарында спорттун жүздөгөн күйөрмандарын тарбиялайт.

"Байге чабылса, күлүктүн төрт аягы тыбырайт" демекчи, Ибрагим Узаков жаш балбандардан кеп-кеңешин аябайт:

- Спорттон кетүү аябай кыйын экен. Машыктыруучу саяпкердей жакшы болуп, жеткиликтүү үйрөтпөсө, бала орто жолдо калып кете берет экен. Ошонун өзү да спортчуга чоң дем берет. Атты кандай таптаса, адамды да ошондой кылып тапташ керек. Мисалы, азыр балдар дүйнөлүк чемпионаттарга, олимпиадаларга барып атышат, бирок көбү мөөрөйгө жетпей калууда. Жетиштүү түрдө машыгыш керек, ал болгондон кийин жетиштүү түрдө витаминдүү тамак-ашы болуш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG