Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Шахмат: Семетей - чемпион


12-мартта Бишкекте жаштардын грек-рим күрөшүнөн өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Футзалдан Азия чемпионатынын атаандаштары аныкталды.


Жаш жөө күлүктөр сыналды
12-мартта Түркиянын Стамбул шаарында жабык имаратта жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын эки жөө күлүк коргоду.

Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, башка спорт түрлөрүнөн айырмаланып, жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн континенталдык биринчиликтерде, эл аралык Гран-при мелдештеринде жолдомо алуу зарыл.

Стамбулдагы дүйнөлүк жарыштарга кыргызстандык Валерий Пономарев менен Анна Буланова катышты. Тилекке каршы, 60 мерт кыска аралыкка чуркоодо Валерий Пономарев байгелүү орунга жетпей калды. Жаш жөө күлүк Анна Буланова дагы 60 метр аралыкка жарышта өз тобунда алтынчы болуп, мыктылар сабына илинген жок.

Жеңүүчүлөр Алматыга Азия чемпионатына барышат
12-мартта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Жаштардын күч сынашуусуна өлкө аймагынан келишкен 150дөн ашуун балбан катышты. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Максат Дайырбек уулу “Азаттыкка” билдирди.

- Чемпионат 1992-1995-жылдары туулган уландар, жаштар арасында өткөрүлдү. 2010-жылкы Сингапур жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов баштаган мыкты балбандар жеңүүчү болушту. Жеңүүчүлөр май айында Алматыда өтүүчү Азия чемпионатына барышат. Анда мыкты ийгиликтерге жетишкендер, күзүндө Таиландда өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргошот.

Жеңил салмактарда Өскөнбай Абдупатаев менен Мирхат Максатов өлкө чемпиону аталды. 60 кило салмакта 2010-жылкы Сингапур жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов табында экени далилдеди.

Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Арсен Айылчиев 66 кг. салмакта кийин атактуу балбан Канатбек Бегалиевге атаандаш болоорун айгинеледи. Данияр Көбөновдун салмагында Самат Шердаков жеңүүчү болсо, былтыр 84 кг. салмакта Азия чемпиону болгон Рашид Абыканов да биринчи орунду ээледи. Оор салмактарда Тынчтык Токторбаев менен Азамат Коңурбаев өлкө чемпиондору аталды.

Шахмат: Семетей - чемпион
11-мартта шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги соңуна чыкты. Мында элүүдөн ашуун шахматчы уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөнтегин биринчи орунду ээледи. Швейцариялык система менен 9 оюнда Семетей атаандаштарын 8 ирет утуп, бир жолу гана тең чыкты. Экинчи орун эл аралык спорт чебери Эрик Молдобаевге ыйгарылды. Кыз-келиндердин акыл таймашында экөө бирдей 7 упай топтогон Динана Олбода менен Алымбай кызы Айжан жеңүүчү деп таанылды.

Эркин күрөш: Бишкек биринчилиги
Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде уландар арасында эркин күрөштөн шаардын биринчилиги өткөрүлдү. Мында 15-17 жаштагы жүздөн ашуун улан күч сынашты. Жеңил салмактарда Курманбек уулу Эрмек, Адилет Капаров,Бектемир уулу Жоомарт жана Улук Жолдошев жеңүүчү болушту. Мындан сырткары Арстан Акматов, Асанбек уулу Баястан, Жолдош уулу Арзымат жана башкалар баш байгенин ээлери болушту.

Футзал: Азия чемпионатына даярдык
Футзал боюнча Азия чемпионаты 12-майдан 22-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Чүчүкулак кармоо менен Кыргызстандын тандалма командасынын атаандаштары аныкталды. “А” тобунда кыргыз спортчулары Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркмөнстан футболчулары менен беттешмек болду. "2006-жылы футзалдан Азиянын чемпионатында коло байге уткан Кыргызстандын командасы баш байгеге талапкерлердин болушу мүмкүн", - дейт футзал ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев.

Азиядан тандалган 16 мамлекеттин футзал командалары 4 топко бөлүнүп, мөрөй талашат. Мыктылары иргелип, баш байге үчүн талапкер болушмакчы.

Кыздардын кылыч сыноосу
Испаниянын Барселона шаарында фехтования боюнча дүйнө кубогу үчүн мелдештер болду. Кыз-келиндердин таймашуусуна 27 өлкөнүн командасы катышып, 250 спортчу беттешти. Мында кыргызстандан үч спортчу Лариса Андреева, Ирина Кирейчева жана Вера Каминская ийгиликке жетпей калды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG