Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Эркин күрөш чемпиондору тандалды


Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев 97 кг. салмакта финалда Иран балбаны Реза Йаздани менен күрөшүүдө. 29-сентябрь, 2014
Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев 97 кг. салмакта финалда Иран балбаны Реза Йаздани менен күрөшүүдө. 29-сентябрь, 2014

Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Ага 206 балбан катышып, 8 салмак категориясында күч сынашты.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу 6-7-февралда, эки күн бою Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. 8 салмак ченинде ойнотула турган байгелер үчүн 206 балбан килем үстүндө күч сынашты.

Кыргызстандын 8 жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси Талант Жекшенов мелдештер күчтүү атаандаштыкта өткөнүн, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш, мыкты балбандар өсүп келе жатканын баамдаганын айтты.

- Акыркы эки-үч жылда эркин күрөш жакшы өнүгүп баратат. Таланттуу, мыкты балбандар көбөйүп калды. Эл аралык мелдештерде татыктуу күч сынаша турган бир нече балбандарыбыз бар. Бир өкүнүчтүүсү - оор салмакта бизде татыктуу күч сынаша тургандар жок. Ошондуктан сырттан спортчуларга муктажбыз.

Эркин күрөш боюнча ачык чемпионатка Кыргызстандын аймактарынан, ошондой эле Орусиядан да бир нече балбандар келишкен. Орусиялык "легионерлер" оор деп саналган 74, 97 жана 125 кг. салмактарында күч сынашты. Алардын катарында көп убакыттан бери кыргыз жарандыгын алып, эл аралык мелдештерге катышып жүрүшкөн Иннокентий Иннокентьев, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев да бар.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов оор салмактарда эл аралык мелдештерде татыктуу күрөшө турган жергиликтүү балбандар жок болгондуктан "легионерлерди" чакыруу зарылдыгы чыгып жатканын айтты.

- Оор салмакта жогорку даражадагы балбандарыбыз жок. Улуттук курамабыз толук болуш үчүн башка жактан балбандарды чакырууга муктажбыз. Ошондуктан Орусиядан кыргыз жарандыгын алган балбандарды чемпионатка чакырып, мыктыларын улуттук курамага алууну көздөп жатабыз. Алардын тажрыйбасы менен жаш балбандарды да тарбиялап калуу максатыбыз бар.

Мелдештин биринчи күнүндө 57, 65, 74 жана 97 кг. салмакта күч сынашуулар болду. Килемге бул күнү 102 балбан чыкты.

57 кг. салмакта байге ээлери. 6-февраль, 2015-ж. Бишкек.
57 кг. салмакта байге ээлери. 6-февраль, 2015-ж. Бишкек.

57 кг. салмакта алтын медалды Улукбек Жолдошбеков тагынды. Ал финалда Курманбек уулу Эрмек менен беттешип, аны утуп алды. Коло байгени Иманбек Исаков жана Нургазы Абдразаков алды.

65 кг. салмакта Кочкор-Ата шаарынын күрөш мектебинин атынан чыккан Сардарбек Эргешов менен Бакберген Үсөнов финалда күч сынашып, 13:10 эсеби менен Сардарбек Эргешов жеңишке жетишти. 3-орунду Ислам уулу Майрамбек жана Туратбек уулу Арген ээледи.

74 кг. салмакта легионерлер бир топто, кыргызстандыктар бир топто таймашты. Ачык чемпионатта күчүн сынап көрүүнү чечишкен коноктордун арасынан Абдусаид Гасанов, Муслив Евлоев, Ахмед Вараев чемпиондук титул үчүн ар бири жан үрөп таймашты. Натыйжада бул салмакта бир нече жыл биринчи орунду бербей жүргөн Иннокентий Иннокентьевди жарым финалда Муслим Евлоев утуп, алтын байгеден куру калтырды. Финалда Муслим Евлоев Нарбек Изабеков менен беттешип 4:1 эсебинде утуп, алтын медалды тагынды.

97 кг. салмакта финалда 2011-жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, мелдештерге чыгып жүргөн Магомед Мусаев менен Магомед Будунов беттешти. Бул таймашта Мусаев атаандашына упай алууга мүмкүнчүлүк бербей, 45 секундада эле килемге таза басып, жеңишке жетти. Коло байгени бул салмакта Эмил Ашыралиев алды. Магомед Мусаев:

- Кыргызстандын чемпионатынын деңгээли да жылдан-жылга өсүп баратканын байкап жүрөм. Өзгөчө жеңил салмактарда атаандаштык күч болуп баратат. Кыргызстандын атынан мелдештерге чыккан мага абдан жагат. Анткени элдери күрөштү абдан жакшы көрүшөт. Күрөшкөн учурда колдоп, сүрөөнгө алып турушат. Кыргыз желегин желбиретип, эл аралык мелдештерде байгеге жетүү мен үчүн сыймык. Буюрса алдыда маанилүү мелдештер көп. Эң башкы максатым: лицензияга ээ болуп, Олимпиадада байгеге жеткен үч балбандын катарына кошулуу.

Мелдештин экинчи күнүндө 61, 70, 86 жана 125 кг. салмакта күч сынашуу болду. 61 кг. салмакта Медербек Алыгулов менен Жолболду уулу Жоодарбек беттешип, экинчи айлампа башталганда Жолболду уулу Жоодарбек атаандашынын далысын килемге таза басып, жеңишке жетишти. 3-орунду Нурис Акылбеков менен Молдояр Ураимов ээледи.

70 кг. салмакта алтын байгени Улукман Маматов алды. Ал финалда Булат Каюмовду жеңип алды. Рустам Анапияев менен Кудрет Белеков бул салмакта коло медалды тагынышты.

86 кг. салмакта Бекжан Мээрбеков Карагул уулу Бактиярды финалда утуп, чемпион болду. Жыргалбек Айтиев менен Азат Айтыев коло медалды тагынышты.

125 кг. салмакта эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону Айаал Лазарев. 7-февраль, 2015-ж. Бишкек.
125 кг. салмакта эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону Айаал Лазарев. 7-февраль, 2015-ж. Бишкек.

125 кг. салмакта Айаал Лазарев менен буга чейин грек-рим күрөшүнөн мелдештерге чыгып жүргөн Мурат Рамонов күч сынашты. Якутиядан келип, Кыргызстандын атынан 2009-жылдан бери эл аралык мелдештерде чыгып жүргөн Айаал Лазарев бул таймашта кайрадан чемпиондук наамын сактап кала алды.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге катыша турган Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасынын мүчөлөрү аныкталат. Кыргыз балбандары алдыда Азиянын, Дүйнөнүн чемпиондугуна жана бир нече эл аралык мелдештерге катышат. Дүйнө чемпиондугунда Бразилияда өтө турган олимпиадага лицензия ойнотулат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG