Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Кыргызстандын Коммунисттер партиясы Иосиф Сталинге эстелик тургузуу үчүн шаардыктардан кол жана акча топтой баштады.

Сталиндин эстелигин тургузууну Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жаштар канаты көтөрүп чыкты. Алар атүгүл макетин даярдап, айкелди Жаш гвардия бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине тургузууну да мерчемдеп жиберишкен.

Жаш "сталинчилердин" бири Жалил Жапиев аз убакыт ичинде эле эстелик тургузууну үч миң адам колдогонун айтууда.

- Азыр кол топтоп жатабыз. Эл келе баштады. 3-4 миңдей кол топтодук. Көбүнчө карапайым пенсионерлер 50-100 сомдон берип жатышат. 500 сомдон 1000 сомго чейин бергендер да бар. Кудай буюрса эстеликти Сталиндин туулган күнүндө, 21-декабрда ачууну пландап жатабыз.

Коммунисттер 11-декабрдагы шаардык кеңеш депутаттарын шайлоого да катышат. Мындан улам бул демилгени добуш топтоо аракети катары баалагандар да жок эмес.

Коммунисттердин сунушу коомчулукта кызуу талаш жаратты. Интернет колдонуучулардын көбү он миңдеген кыргызстандыкты репрессиялаган режимдин башында турган Сталинге эстелик тургузууну маңкуртчулук катары баалап жатышат. Алардын бири - коомдук ишмер Эдил Байсалов.

- Сталинге эстелик тургузабыз дегендик - кыргыз элине чыккынчылык. Улуттук, мамлекеттик идеологиянын жоктугунан болуп жатат. Бир сөз менен айтканда маңкуртчулук. Сталиндик репрессиялар бизде масштабдуу болгон. Ар бир айылдан, ар бир бригададан атылган. Он миңдеген адамдар сүргүнгө айдалган, өлтүрүлгөн. Биз анын баарын унутуп, 138 кишини эле эскерип жатабыз.

"Керт башка сыйынуунун" трагедиясы

1956-жылы 25-февралда КПССтин XX съезддинин делегаттарын СССРдин ал кездеги көсөмү Никита Хрущёвдун “Керт башка сыйынуу жана анын кесепеттери” деген жашыруун баяндамасын угушат.

Байсалов постсоветтик өлкөлөрдө керек болсо Лениндин эстеликтери кулатылып, советтик-тоталитардык режим эл эсинен эчак чыкканын кошумчалайт.

Деген менен дагы бир коммунист, парламент депутаты Исхак Масалиев жаш "сталинчилердин" демилгесин кубаттайт. Ал эстелик үчүн өз жанынан каражат бөлүүгө да даяр. Масалиев Сталинге айкел тургузуу муктаждыгын мындайча чечмелейт.

- СССР бөлүнүп жатканда Кыргыз ССРинин өзүнчө болушуна салымы чоң. Казакстан, Өзбекстанга кошпой, өзүнчө Кыргызстан болсун деп кызыл калеми менен чечим чыгарган. Коммунисттик партия репрессияны толугу менен моюндап, айрымдарын актаган. Алардын ысымдары көчөлөргө берилди. Бул маңкуртчулук эмес. Кыргызстан үчүн Сталиндин эмгеги чоң.

Унутулган курмандыктар...

Анткен менен Масалиев баштаган коммунисттердин жүйөсүн тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев толугу менен четке кагат. Тарыхчы Сталин СССРди башкарып турганда “эл душманы” деген шылтоо менен бейкүнөө атылган 138 кыргыз интеллигентинен тышкары 40 миңге жакын адам репрессияланганын эске салды.

- Сталинге эстелик тургузуу орунсуз демилге. Ал, тескерисинче, кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн интеллигенция өкүлдөрүн репрессиялаган, аттырган. Жалпысынан 40 миңге жакын кыргыз Сталиндин репрессия курмандыгына айланган. Ак жеринен күнөөлөнүп, жаш бойдон кете берген. Тарыхты бурмалаган болбойт. Өзгөчө жаш муунга тарыхыбызды эске салып, репрессия курмандыктарын эскерип турушубуз керек. Азыркы учурда буга жетиштүү көңүл бурулбай жатат.

"Ата-Бейит"

"Ата-Бейит"

Сталиндин тушунда жалпысынан 20 миллионго жакын адам сүргүнгө айдалып, аёосуз кыйноодон улам көбү ошол жерде жан беришкен. Жүз миңдеген адамдар бейкүнөө атылган.

Кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баштаган интеллигенция өкүлдөрү да Сталиндик репрессиянын курмандыгына айланышкан.

8-ноябрь Кыргызстанда Респрессия курмандыктарын эскерүү күнү делгени менен, бул дата расмий түрдө белгиленбей келет. Эксперттер муну кыргыз бийлигинин Кремлден болгон көз карандылыгы менен байланыштырышат.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG