Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Атамбаев: Референдумдан кийин инверсторлор өзүн суудагы балыктай сезишет


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Декабрда өтчү референдумдан соң Кыргызстанда инвесторлор өзүн суудагы балыктай эркин сезишет. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тогуз мамлекеттин элчилерин кабыл алган учурда айтты:

- Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр күч тармактарында реформа жүргүзүүнү шарттайт. Бизнести жөнү жок текшерүүлөрдү азайтууну көздөйт. Кыргызстанда ишкерлер үчүн бейиш түзүлөт. Текшерүү азайып, колдоо көбөйөт. 1-январдан мүмкүнчүлүктөр кеңейет. Бул КМШдагы эң жакшы көрсөткүч болот.

Мамлекет башчы Кыргызстан өнөктөштөрдөн реалдуу долбоорлорду күтүп жатканын кошумчалап, Кыргызстан ишкерлер үчүн ыңгайлуу мамлекет болушун кааларын, бул үчүн бардык шарттарды жаратуу аракеттери күчүндө экенин белгиледи. Ишкерликтен улам карапайым калк байыганы - мамлекеттин өнүгүүсү экенин айтты.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевге Жапония, Иран, Франция, Кытай, Шри-Ланка, Ирландия, Австрия, Ватикан жана Молдова элчилери ишеним грамоталарын тапшырды.

Дүйнөлүк банк ишкерлерге жаратылган шарттар боюнча жарыялаган Doing Business-2017 рейтингинде быйыл Кыргызстан 75-орунду алды. Былтыр 67-тепкичте болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG