Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда 1-июлдан тарта көмүскө мүлктү чарасыз мыйзамдаштыруу өнөктүгү башталат.

Кыргызстандагы ири бизнесмендер жана саясатчылар салыктан жашыруун калган мүлктү чарасыз мыйзамдаштыруу өнөктүгүн колдойт. Алардын айтымында, өлкөнүн ишкердик чөйрөсүндө көптөгөн каражаттар көмүскөдө айланып, экономикага терс таасирин тийгизип жатат. Бирок алар бул демилге натыйжалуу болот дегенден алыс, анткени капиталын мыйзамдаштырган ишкерди чиновниктер жөн коёт деген кепилдик жок.

Биз кайрылган ири ишкерлер менен саясатчылар бул өнөктүктү колдогону менен өздөрү ага катышпай турганын билдиришти. Анткени алардын жашыруун сакталып келген мүлктөрү жок, баары мыйзамдуу түрдө жана салык төлөнүп жатат.

Маселен “Шоро” компаниясынын жана “Супара” ресторанынын ээси Табылды Эгембердиев көмүскөдө жүргөн акчаларды мыйзамдаштырып, аны өлкө ичинде эле жүгүртүп, тынч уктайлы деген ишкерлер көп деген ойдо. Бирок мамлекет өзүнүн демилгесин кепилдик менен бекемдеген жок:

- Жыйырма жыл өттү, бир тобубуз оңолдук болушубуз керек. Байлыкты тиги дүйнөгө алып кетебизби? Ошон үчүн бул өнөктүктү колдошубуз керек. Ишмердигим толугу менен мыйзамдаштырылган, кыргызча айтканда, итиме чейин легализацияланган. Бирок ошол эле учурда буга ишенич аз, анткени бизде эреже деген тез өзгөрүп жатат. Эгер ишенич пайда болсо, буга кызыкдар адамдар көп эле деп ойлойм.

Өлкөдөгү эң ири ишкерлердин бири, “Дордой” ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбековдун да легалдаштыра турган капиталы жок, бирок ал Кыргызстандын шартында жогорудагы кадамга бара тургандардын эртең ошол мүлк менен эрксиз бөлүшүү же дегеле андан айрылып калуу коркунучу бар экенин белгилейт.

- Чын эле мамлекет легалдаштырууга барган ишкерлер үчүн туруп береби, же салыкчыларга жана криминалдык чөйрөгө булар жем катары таштап койсо, корголбосо, анда эч ким барбайт. Айрыкча чиновниктердикин чыгарыш керек болуп жатпайбы: айлыгы 20 миң сом, жүргөн-турганы эки миллион сомдон ашат.

Ири ишкерлердин бири жана саясатчы Кубатбек Байболов да мүлктү жана капиталды легалдаштыруу өнөктүгү натыйжа берерине анчалык ишенбейт. Ал “Азаттык” менен маегинде:

- Анткени эч ким эч кимге ишенбейт. Майда-чүйдө салыктан качкандар келиши мүмкүн, ал эми ири деңгээлдеги бизнес ачыкка чыкпайт. Чынын айтканда, бул кампаниянын ишке ашып кетишин каалабайт элем, себеби элдин эбегейсиз байлыгын сууруп, алып кеткенге аракеттенген адамдар акыры келип жооп бериш керек деп ойлойм.

Бизнесмен Бегалы Наргозуев да капиталды легалдаштыруу кампаниясына катышпайт, анткени бардык мүлктөрү каттоого алынып, салык төлөнүп жатат. Бирок көмүскөдө айланып жүргөн акчаны ачыкка чыгарыш үчүн биринчи кезекте мамлекет өзү ачык иштегенин көрсөтүш керек,- дейт Наргозуев.

- Бул жакшы нерсе болгону менен бүгүнкү кыргыз коомчулугунун абалын карап, жакшы натыйжа алып келээрине ишенбейм. Себеби өзүңүз көрүп тургандай, кыргыз бийлиги толук коррупцияга малынып бүттү, мурунку бийликтин коррупциялык схемаларын басып ашып кетти. Элге бир сөз айтат, иш жүзүндө башка иш жүргүзөт.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев мыйзамдын - ачыкталган мүлктүн же акчанын булагы суралбайт; декларация - буга чейинки салык милдеттемелери аткарылгандыгын таануу; декларацияланган мүлккө процессуалдык аракеттер жүргүзүлбөйт; декларацияда көргөзүлгөн маалыматтар кылмыш же административдик ишке далил катары колдонулбайт деген жоболору мамлекет тарабынан берилген кепилдик деп эсептейт.

Депутат Молдобаев акчасынын баарын Кыргызстанда сактай турганын жана анын мыйзамсыз мүлкү болбогонун ырастайт:

- Жашыргандар болуш керек, сыртка акчасын чыгарып жүргөндөрдү көп эле билебиз. Бирок ошолордун акчасы Кыргызстанга келип иштеп берсе деген эле тилек болуп жатпайбы. Көп кишилердин Орусияда жана Казакстанда бизнестери бар, ошолорго силер бул жакка келип иштебейсиңерби деген сунуш болуп жатат. Алар алып келгенден коркот, анткени бизде саясий туруктуулук жакшы болбой атат. Экинчиден, бул акчаны каяктан алып келдиң деп сураганы жатышат. Ошолор үчүн биз мыйзамды кабыл алдык, андай суроолор болбойт.

Мыйзамдаштыруу өнөктүгү ушул жылдын 1-июлунан тарта башталат. Анда 2012-жылдын аягына чейин жашыруун калган мүлктү эч кандай чарасыз мыйзамдаштырууга мүмкүн болот. Бирок ушул тапта ири бизнесмендердин жана саясатчылардын арасында бул демилге натыйжалуу болбойт деген күмөн күч. Кампания өзүн актайбы же жокпу - 1-июлда көрөбүз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG