Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Дүйнө жүзү ар жыл сайын 21-февралда эне тил күнүн белгилейт. Каадалуу майрамды белгилөө чечимин ЮНЕСКО 1999-жылы башкы конференциясында кабыл алган. Чечим дүйнө элдеринин маданий ар түрдүүлүгү катары эне тилдерди сактоо максатында кабыл алынган.

ЮНЕСКОнун “Дүйнөдө жоголуп бараткан тилдер” аттуу 2010-жылы чыгарган атласына 2500 тил колдонуудан чыгып баратканы жазылган. Ал эми ааламдашуу доорунда Кыргызстанда эне тилдин келечеги менен тагдыры кандай болот, аны өнүктүрүү аракети алгылыктуубу? Көпчүлүктү ойго салган мына ушул суроого жоопту “Арай көз чарай” издеди.

Талкууга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жана АКШнын Эл аралык республикалык институтунун директору Жон Диппиро катышты.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, ушул жумады дүйнөлүк Google интернет кызматында түрдүү элдердин тилинен кыргыз тилине которгон программа пайда болду. Эми аны өнүктүрүү боюнча дагы кандай аракеттер алдыда турат?

Бишкекте кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылдык жок. Эгер зарылдык болсо үйрөнүшөт эле.

Эгемберди Эрматов: Мен дагы жалпы кыргыз элин эне тил майрамы менен жана Google Translate котормо кызматынын ишке кириши менен кызуу куттуктайм. Бул үч-төрт жылдан берки аракетибиздин натыйжасы болду. Биз муну менен бардык маселе чечилди деген ойдо эмеспиз. Аны өркүндөтүп, сапатын жакшыртып жана кыргыз тилинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Жон мырза, сиз Америкадан келип Кыргызстанда иштеп жатканыңызга канча жыл болду? Кыргыз тилин кантип үйрөндүңүз?

Жон Диппиро: Мен Кыргызстанга 2011-жылы мартта келдим. Биринчи Кантта кыргыз үй-бүлө менен жашадым жана кыргыз тилин күнүгө сегиз саат окуп, үйрөнө баштадым. Андан кийин Ысык-Көлгө бардым, ал жерде тилди жакшыраак үйрөнүп, үч айдан кийин сүйлөшө баштадым. Андан кийинки алты айдын ичинде кыргызча жакшы сүйлөп калдым.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, ааламдашуу доорунда кыргыз тилинин жоголуп кетпеши үчүн жаштар IT-технологияда кыргыз тилин киргизүү боюнча дагы башка долбоорлорду тезинен ишке ашыруу керек деп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз дагы дүйнөдөгү 200 мамлекет Windows жана Мac ОS (Macintosh операциялык системасы) системасына өз тамгаларын толук киргизген, биз дагы ө,ү, ң тамгаларын киргизишибиз керек деп билдирди. Бул иш качан ишке ашат? Аракеттер барбы?

Эгемберди Эрматов: Бул маселе боюнча бир жылдан бери иштеп жатабыз. "Майкрософт" компаниясынын жетекчилигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу ошол биздин тамгабызды киргизүү боюнча бир нече жолу кат жибердик. Windowsдун 8-программасында ал тамгалар бар, эми 10-программасына киргизүү аракетин көрүп жатабыз.

Угармандын суроосу: Менин суроом Эгемберди Эрматовдун өзүнө. Кыргыз тилин таза сүйлөтүү үчүн сегиз тамганы алып таштоо керек деп айтып жатышат, ага Эрматов каршы деген маалымат бар. Ушул чынбы? Эмне үчүн каршысыз?

Быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тесттен өткөндөн кийин тилди үйрөнө башташат. Тилди билгенине жараша кызматтык абалдары каралат.

Эгемберди Эрматов: Сиз туура эмес маалыматты угуптурсуз. Бул маселе боюнча тил комиссиясына бир нече адам кайрылган. Ал маселе маданият жана тарых жылына арналган жыйында президент Алмаз Атамбаевдин көзүнчө да көтөрүлүп, анын негизинде атайын топ түзүлдү. Ал топ өз сунуштарын берди, эми ал сунуштар кеңештин кезектеги жыйынында каралат.

Угармандын пикири: Айрым сөздөрдү башка тилден кыргыз тилине которуп пайдаланууну иреттеген атайын комиссия иштебесе болбой калды. Мисалы, чубалгы, жол кайгуул деген сөздөр эмнени түшүндүрөт?

Эгемберди Эрматов: Өкмөттүн токтому менен терминком кайра түзүлдү. Ага окумуштуулар, тилчилер кирди. Терминкомдун жумушчу тобу да түзүлдү. Алар эми бардык теминдер менен сөздөрдү иреттей баштайт.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, ЮНЕСКОнун мурдагы баш катчысы Мацуура “Эне тил элдин өткөнү, азыркысы жана келечегин байланыштырган көпүрө” деп айткан. Мына быйыл тарых жана маданият жылы, Көчмөндөрдүн экинчи оюну өткөрүлгөн жатат. Ушул окуялар өз тилибиздин байлыгын көрсөтө турган учур болот. Бирок, Жогорку Кеңеште мыйзамдар, өкмөттө токтомдор адегенде орус тилинде даярдалып, кыргыз тилинде чайналып которулат. Сиз өзүңүз депутат кезде мыйзамдар адегенде кыргызча жазылсын деп талап кылчу элеңиз. Ошол талабыңызды орундатууга чамаңыз жетип атабы?

Эгемберди Эрматов: Биз бул маселени Жогорку Кеңештен да, өкмөттөн да талап кылып жатабыз. Бирок, юридикалык терминдерди жакшы билген адистер жок болгондуктан абал ушундай болуп жатат.

“Азаттык”: Жон мырза, мына сиз чет өлкөдөн келип, кыргыз тилин үйрөнүп алыптырсыз. Кыргыздардын өз эне тилин үйрөнө албай жатышына эмне себеп деген ойдосуз?

Жон Диппиро: Бишкекте кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылдык жок. Эгер зарылдык болсо үйрөнүшөт эле.

Эгемберди Эрматов: Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын негизинде азыр зарылдык түзүлдү. Кыргыз тилинин тест программасы даярдалды. 2015-жылы 20дан ашык министрлик менен мекемелердин кызматкерлери сынактан өтүштү. Тилди үйрөнүү боюнча окуу программалары компьютерлерге киргизилди. Быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тесттен өткөндөн кийин тилди үйрөнө башташат. Тилди билгенине жараша кызматтык абалдары каралат. Муну мен зарылдык түзүлдү деп эсептейм.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG