Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Эгемендик – бабалар күрөшүнүн мөмөсү


Эгемендикти талап кылган ураандар элдик жыйындарда чакырылып турган. 1990.

Эгемендикти талап кылган ураандар элдик жыйындарда чакырылып турган. 1990.

Пост-советтик Кыргызстан – көз каранды эмес мамлекет. Анын эгемендикке жетиши жагдайлардын көктөн түшкөн ыңгайлуу удулунун натыйжасы эмес, кылымдар карыткан карт тарыхы бар кыргыз элинин көз каранды эмес мамлекет куруу үчүн жүргүзгөн ырааттуу күрөшүнүн жемиши болду.

Ала-Тоодо бүгүн майрам, бүгүн той. Ал эми жалпы мамлекеттик уруксат кылынган той, демейде, бул тойдун маңыз-мазмунуна сүйүнгөндөр үчүн да, тойго кайдыгер мамиле кылгандар үчүн да, ал түгүл, дал ушул тойду жек көргөндөр үчүн да көктөгү Күн сымал өз нурун бирдей чачыратып турат.

Мурдагы партократиялык түзүлүштүн мыкчегерлери, адатта, “Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигине кокусунан тынч жол менен жетишип калды” деген эски ырын ырдашат. Алардын бир далайы эски турмушту самаарын айтат, совет доорундагы кыйла жагымдуу өзгөрүүлөрдү эскеришет, бирок анын өксүк жактарын көз жумдуда калтырышат.

Анын сыры эмнеде? Эң оболу – эгемендик үчүн күрөшкөн бабаларыбыздын эрдиктерин жана максат-мүдөөлөрүн ар тараптуу жана калыс үйрөнбөгөнүбүздө, бул жаатта архивдик маалыматтар дагы эле катылып жаткандыгында.

Жакында (28.8.2015) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында бир кызыктуу жыйын болду. Ал башкеңсеси Астана шаарында жайгашкан Түрк академиясынын басмадан жарыяланган олуттуу китептеринин Кыргызстандагы бет ачар аземи болчу.

Бул аземге катышкан казакстандык жоон топ окумуштуулардын жана өнөрпоздордун арасында айтылуу казак тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Мамбет Койгелдиев болду.

Мамбет агай бир суроону кабыргасынан койду: “Сиздер, кыргыз боорлорум, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн баатырлары, падышалык Орусиядан өз атажуртуңардын эгемен болушу үчүн күрөшкөн бабаларыңыздар жөнүндө чагылдырган архивдик маалыматтарды солгун жарыялап жатасыздар. Маселен, кыргыз менен казактын улуттук кызыкчылыктары үчүн тайманбай күрөшкөн “Алаш” кыймылы жана анын Кыргызстандагы тобу тууралуу көп маалымат жабылуу бойдон калып жатат. Алардын арасында Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдык уулу сыяктуу залкарлар бар эмеспи!”

Албетте, бул кыймыл жана анын көрүнүктүү өкүлдөрү тууралуу маалымат бизде деле ачыкка чыгып жатат. Бул ойду каяша катары айтаарымда, Мамбет агай өз сөзүнүн учугун андан ары улады:

“Сиздердин бир академигиңиздер Абдыкерим Сыдык уулу менен байланыштуу жазып жатып, анын Социал-Туран партиясы деген партияны куруу аракетин жасаганын жана бул аракет “жарамсыз иш болгонун” пост-советтик китепте жазып отурат. Дароо айта кетелик, бул идея, эгерде чындап эле Борбордук Азиядагы түрк калктарынын орток жана демократиялуу мамлекетин курууга багытталган болсо, арийне, эч кандай жарамсыз идея эмес. Азыр да биз Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара бекеттеринин калайык үчүн ачылып, жеңилдеп жатышына кубанып турабыз. Ушундай кадамдарды башка да борбордук азиялык боордош мамлекеттер менен биргеликте жүргүзсөк жакшы болоор эле.

Бирок, эң башкысы – Социал-Туран партиясы эч болгон эмес. Алиги В.Плоских деген академигиңиздер жалган сүйлөп тур. Сталиндик доордо “ушундай партияны түздү” деген жалган жалаа менен кыргызстандык нечендеген мурдагы алашчыларды жана алардын тарапкерлерин, нечендеген чыгаан азаматтарды жазыксыз жерден мерт кылып, жазалашкан” – деп баса белгилеп, профессор Мамбет Койгелдиев элдик ыңкылаптан кийин парламенттик демократиялык багытка жол чаап жаткан кыргыз бийлигин Кыргызстандагы мурдагы КГБнын 1920-50-жылдардагы архивдик корунун мазмунун дүйнө коомчулугу үчүн ачык жарыялоого чакырды.

Чын эле, ойлонто турган иш. Аны аткаруу үчүн саясий гана эрк керек.

1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын жүз жылдык мааракесин белгилээр алдында Орусия, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу чет өлкөлөргө кыргызстандык архив таануучуларды жана башка илимпоздорду аттандыруу маселеси курч коюлуп жатат. Мындай иликтөөлөр башка мамлекеттердин архивдеринде жана китепканаларында катылган мол маалыматты иргеп-иликтөөгө багытталышы керек.

Ошол эле учурда биздин өлкөбүздө катылып жаткан далай сырларды чыгаруубуз абзел. Кыргызстандын жана аймактын эгемендиги, көп партиялуу жана демократиялуу багыты үчүн жүргүзүлгөн күрөш жана аны жүргүзгөн бабалардын тагдырлары толук изилдене элек.

Алашчыларга, Кокон автономиясы үчүн күрөш жүргүзгөндөргө, көп жылдарга созулган басмачылык кыймылына жана “кулактардын козголоңу” сыяктуу аталган башка кыймылдарга, бул кыймылдарга жан тарткан казалчы акын Казыбек Мамбетимин сыяктуу айдыңдардын тагдырларына байланыштуу архивдик маалыматтарды арбын жарыялоо керек. Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн айрым коомдук ишмерлердин артынан сая түшүп, тээ Батыш Кытайга (Чыгыш Теңир-Тоо, Тарим өрөөнү, Тарбагатайга) чейин качкан өкүлдөрүн эч кандай соту жок эле атып кетип турган атайын болшевиктик тыңчы аскер топтору болгон. Алар жөнүндө архивдик жана башка даректердин негизинде ачык чагылдыруу керек.

СССРдин өз доорундагы башмыйзамдарына таянуу менен, Кыргызстандын автономдук жана Совет Биримдигиндеги жумурият катары макамын чыңдоого жетишкен бабалар тууралуу ырааттуу баяндоо керек. Алардын бири – Эшенаалы Арабай уулу тууралуу даректүү тасма тартуу долбоорун жүзөгө ашыра албай, тарыхчы Аида Кубатова эки жылдан бери каражат издеп чуркап жүрөт.

Ал эми укук адиси Кубаныч Нурбеков (1928-1985) тууралуу кеңири коомчулук дурус билеби? Дал ушул инсан “Кыргызстан СССРден чыгуу укугуна ээ тарап” деп жазып, советтик конституциялык укукту илимий эмгегинде белгилегени үчүн эле куугунтукка учураган. Бул илимпоз да Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөштүн идеялык имаратына, бери дегенде эле, бир чакан кыш коюп кеткен.

Сталинизм 1922-1953-жылдары Кыргызстандагы нечендеген терең билимдүү жана башкача ойлоно билген кишилерди камап, сүргүнгө айдап, бир далайын биротоло тындым кылган. Ал бабаларыбыздын бир тобу Бишкектен түштүк-чыгышта жайгашкан Чоң-Таш айылынын түштүк ыптасындагы дөңсөөгө жашырылган экен. Алардын жашыруун көмүлгөн сөөктөрүн ачыктоого демилгечи болгон карапайым кыргыз атуулу Бүбүйра Кыдыралиева апа да эгемендикти жакындатууга өз үлүшүн кошту десек болот.

“Сенектик” делген коммунисттик доордо эле манасчылар, төкмөлөр, өнөрпоздор, айылдык санжырачылар, ошондой эле чыгаан жазуучулар жана акындар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Казат Акматов, Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев, Шүкүрбек Бейшеналиев, режиссёрлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев, Мелис Убукееев, илимпоздор Зыяш Бектенов, Кусейин Карасаев, Асанбек Табалдиев, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Имел Молдобаев, ж.б. инсандар кыргыз элинин даңазалуу доорлору, эгемендиги болгон учурлар жөнүндө жазып, эркин ойлоого чакырып, элди ойготуп келишкен.

“Ашарчылар”, КДКчылар, Кыргызстандын акыркы чакырылыштагы советтик парламентинин интеллектуал депутаттары, жана башка Кайра куруулар доорундагы алатоолук демократтар, демек, асмандан түшкөн эмес. Алар да бабалардын эркиндик үчүн күрөшүнүн жаңы улантуучуларынан болушту.

Демек, эгемендик бизге асмандан түшө калган эмес. Эми Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин ар тараптуу чыңдоо түйшүгү азыркы муундардын ар бир өкүлүнүн мойнунда турган атуулдук парыз экенин айтпасак да түшүнүктүү.

Майрамыңыздар менен, кадырлуу мекендештер!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG