Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Евробиримдиктин министрлери климат келишимин жактырды


Европа Биримдигинин айлана-чөйрөнү коргоо министрлери климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган Париж макулдашуусун колдошту.

Француз министри Сеголен Руаяль бул чечимди жеңиш деп атады.

Европа парламенти Париж макулдашуусун кийинки аптада ратификациялайт деп күтүлүүдө.

Макулдашууга дүйнөнүн 170 лидери кол койгон. Бирок ал глобалдык калдыктардын кеминде 55 пайызын чыгарган 55 өлкөдө ратификациядан өтмөйүнчө күчүнө кирбейт.

Азырынча ратификациялап жетишкен 61 өлкөгө калдыктардын 48 пайызы гана туура келет. Евробиримдиктин ратификациясы менен бул көрсөткүч 55 пайыздан ашмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG