Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

“Ынтымак” кубогун кенчилер утту


Кечээ Бишкекте өкмөт өкүлдөрү, депутаттар, журналисттер, жаш ишкерлер, кенчилер жана маданият, спорт ишмерлери катышкан кичи-футбол боюнча “Ынтымак” кубогу болуп өттү.

Финалга “Кумтөр” командасы менен “Журналисттер” командасы чыгып, кенчилер 5:2 эсебинде журналисттерди утуп алышты.

Ал эми Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү 3-орунду камсыздашты.

Байгелүү 3 орунду ээлегендердин баары китеп, топ жана спорттук форма менен сыйланышты.

Спорттук иш-чараны АKAEV IDEA company уюму менен «Де-Факто» гезити биргеликте уюштурушкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG