Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Сирияда немис журналисти ымыркайы менен чогуу туткундан бошотулду


Алеппо
Алеппо

Сирияда согушкерлердин колунда бир жылдан бери кармалып жаткан немис журналисти Янина Финдайзен туткундан бошотулду. Учурда ал Түркияда экенин, мекенине кайтууга даярдык көрүп жатканын Германиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Немис массалык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 2015-жылдын октябрынан бери ал "Жебат ан-Нусра" экстремисттик тобунда туткунда жаткан. Террорчулар ал үчүн 5 миллион евро талап кылышкан. Туткунда жүргөн кезинде ал балалуу болгон.

Сирияда согуш башталган алты жылдан бери бул өлкөдө 200дөй журналист каза тапты. Дагы 50 кабарчы түрмөдө же туткунда жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG