Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүсү жыйынтыкталды


Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы ок атышпоо келишимин көзөмөлдөгөн механизм түзүүнү макулдашты.

Казакстандын борборунда өткөн эки күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тынчтыктын сакталышына көз салуудан тышкары аталган үч кепил өлкө түрдүү чагымчылдыктардын алдын алууга да аракеттенет. Ок атышууну толук токтотууга алып келе турган шарт-талаптарды аныктайт.

Ошондой эле үч өлкө “Ислам мамлекети” террордук тобуна жана "Фатех-ал-шам" ("Ан-Нусра") террор тобуна каршы күрөштү, айрым оппозициялык бөлүктөрдү алардан ажыратуу ишин улантарын бышыкташты. Кийинки сүйлөшүү БУУнун көмөгү менен 8-февралда Женевада өтөт.

Сириядагы ок атышпоо келишими өткөн жылдын декабрынын аягында жетишилген.

2011-жылы башталган жарандык согуш 300 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адамдар өлкөнүн тынчыраак аймагына жана чет өлкөлөргө качышты.

XS
SM
MD
LG