Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Москвадагы басмакана 6,6 млн рубль айыппулга жыгылды


Өткөн жылы 27-августта Москвадагы Алтуфьев шоссесинде басмаканада өрт чыгып, анда иштеген 17 киши набыт кеткен.
Өткөн жылы 27-августта Москвадагы Алтуфьев шоссесинде басмаканада өрт чыгып, анда иштеген 17 киши набыт кеткен.

Кыргызстандык мигранттардын өмүрүн алган басмакана 6,6 млн рубль айыппулга жыгылды. Анда айтылгандай, аймактын прокуратурасы басмакана жана анын башкы директорун чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз иштеткен деп таап, 6,6 млн рублга айыпка жыккан. Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасына шилтеме кылып, ТАСС кабарлады.

Өткөн жылы 27-августта Москвадагы Алтуфьев шоссесиндеги "Басма экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген 17 киши набыт кеткен, алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG