Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Стюардесса болуунун сырлары


Бишкек-Нарын каттамындагы стюардесса, 16-июль, 2013-жыл.
Бишкек-Нарын каттамындагы стюардесса, 16-июль, 2013-жыл.

“Романтикалуу кесиптин ээлери” деген атка конгон стюардессалар же стюарддар Кыргызстанда кантип даярдаларын билесизби?

Бул кесиптин ээлери мыкты даярдыктан өтпөсө, кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөбөсө, сырткы келбети талапка шайкеш келбесе, анда ишке орношо албайт. Эски ыкмалар менен даярдалган адистер жаңы учактарда иштөө үчүн кайрадан окуудан өтүп туруш керек.

Бийикте жүрүү үчүн бийик деңгээл керек

Учакта кооз кийинген, тыкан, сулуу кыздар сизди тейлегенде алар кантип даярдыктан өтөрүнө, кандай кесипти окууруна кызыксаңыз керек. Кыргызстанда учакта коштоочуларды эки жерде даярдайт. Биринчиси - 1973-жылдан бери иштеп келаткан авиациялык коллеж, экинчиси - атайын курстар. Биз орто билим берген коллежде окуп жаткан келечектеги стюарддар менен стюардессаларга бардык.

Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык коллеж бир короодо жайгашкан бир нече майда имараттардан турат. Өткөн кылымдан бери турган имараттар өз тарыхынан кабар бергендей заманбап шартка жооп бербегени дароо байкалат.

Сабактар катардагы эле окуу бөлмөлөрдө өтөт. Студенттер психология, этика, медициналык жардам, дене тарбия, авиациянын негиздери жана башка бир нече сабактарды окушат. Алардын ичинен бир тобун пенсия курагындагы педагог Людмила Ольховская өзү берет. Ольховская окуу жай ачылгандан тарта ушул жерде иштейт.

Окуу жайдын директорунун орун басары Эркинбек Манапбаев тармакка тиешелүү кадр табыш оңой эмес дейт.

- Бардыгын эле ала бербейбиз, мисалы англис тилчи керек болсо ал атайын биздин тармак боюнча болуш керек. Тилди жакшы билген, жакшы окуткан педагогдон сырткары, биздин терминдерди, авиацияны билген адам керек. Ошондуктан мугалимдердин өзүн да окутууга туура келет.

Медициналык жардам, психология, этика жана башка бир нече сабакты окуткан Людмила Ольховская студенттеринин келечеги тууралуу буларды айтып берди:

- Борткоштоочулук кесипти окуганы айрымдары жөн эле келип калышат. Балким кийими, сырткы көрүнүшү жагып калгандыр. Кээ бирлери авиатордун үй-бүлөсүндө чоңойгондор, кичинесинен ушул тармакка даярдалып жүргөндөр келишет. Стюарддар менен стюардессалар биздин окуу жайда гана даярдалгандыктан авиакомпаниялар бүтүрүүчүлөрдү бизден алып кетишет. Бирок баары эле иш таап кете бербейт. Компаниялардын кесиптик талаптары бар. Андан сырткары чет тилин билиши керек, дикциясы жакшы болушу керек, жакшы сүйлөш керек, акценти болбошу керек.

Коллежден эки топ бүтсө анын жарымы чет өлкөдөн келгендер. Басымдуу бөлүгү тажикстандык студенттер экен. Бүтүрүүчүлөрдүн жылда 25-30 пайызы ишке орношот. Совет учурундагыдай мамлекеттик программа менен бөлүштүрүү жок болгондуктан, атаандаштыкка туруштук бере албасаң жумушсуз каласың. Авиакомпаниялар кыргыз, орус, англис тилин бирдей билсин деген талап койот.

Окуу жайга өтүү оңой эмес

Окуу жайда борткоштоочуларды даярдаган эки топто тең кыздар басымдуулук кылат. Биринчи курста окуп жаткан Кымбат окуу жайга өтүү оңой эмес болгонун айтып берди:

- Бул жерге кириш үчүн эки турдан өтүшүң керек. Биринчиси - медициналык кароодон жарамдуу деген документ керек. Ички органдарыңан тарта сырткы келбетиң, күчүң текшерилет. Кан тапшырып жатканда биринчи турдан өтпөй калгандар көп болгон. Экинчи турда тилдерден сынак бересиң, кыргыз тилинен тест алат. Ошентип өтүп окуп жатам.

Айтмакчы, асманда учууну каалагандар кандай талаптарга жооп бериш керектигин “Кыргызаэронавигация” ишканасынын медициналык борборунан билдик. Учкуч, борткоштоочу же ушул тармактагы башка адистердин баары бул жайдын медициналык-санитардык кароосунан өтмөйүн иштей албайт. Абитуриенттер хирургдан тарта тиш дарыгерине чейин беш дарыгер-эксперттин текшерүүсүнөн өтөт. Көздүн өзү эле он чакты аппараттан таза чыгыш керек экен. Боюң менен салмагын дал келбесе да болбойт. Кыздар 150 сантиметрден кыска болсо стюардесса болууга уруксат жок. Жада калса колуңдун көрүнөө жеринде тырык же так болсо да алышпайт. Отургучка отургузуп айландыргандан кийин дароо түз болуп туруп калбасаң өтпөйсүң.

Бул медициналык жай берген “ден соолугу жарамдуу” деген кагаз коллежден сырткары атайын борткоштоочуларды даярдоочу борбордо окуш үчүн да жарайт. Бишкекте андай борбордо үч ай окуп, стюард же стюардесса деген документти алсаң болот.

Авиациялык коллежде борткоштоочулар Ан-24 учагына даярдалат. Бирок Кыргызстанда соңку жылдары бул учак жүргүнчү ташуудан чыгарылган. Азыр көпчүлүгү Боинг, авиакомпанияларга жараша Боингдин да ар түрдүүсү келип жаткандыктан коллеждин бүтүрүүчүлөрү айтылган курстардан кайра өтүүгө мажбур болуп жатышыптыр. Коллеждин бүтүрүүчүлөрү ушул борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып кайра окушат, ушул жерде тил үйрөнүшөт.

Асманды багындырган сулуулар

Асманды багындырган сулуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00
XS
SM
MD
LG