Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Сүйүү - өмүрдө бир келчү, кайталангыс, өлбөс-өчпөс сезим эмеспи. Мындай аруу сезимди өмүр бою аяр сактап келгендер арабызда жок эмес. Караколдук ардагер мугалим Токтобек Жолдошевдин нускалуу өмүрүн Ыйык Валентин күнүндө анын ыр саптарынан билели.

Ак дасторкон үстүндө отурган аксакалдын бүгүн туулган күнү экен. Аны деле жээн небереси менен келини Токтобек аганын баласы телефон чалып куттуктаганда билишти. Анын алдында аксакал бир топ кыйылып атып, сандыгында сары майдай сактап, эч кимге карматпаган эки-үч калың ыр дептерин үйүнөн алдырып, ошондон окуп берип отурган. Элпек, сыйчыл келин кырдаалды илгиртпей баамдап, чыгып кетти да, кагаз кутуга салынган көйнөк көтөрүп келди. Ал эми толмочунан келген жайдактаган жээн небереси таятасына «кабарчы келбесе, ыр дептериңди көргөзбөйт элең» деп таарынгансып, «өлүп калсаң ошол бойдон калат, андан көрө мен чыгарып берейин» деп тамашага чалды.


«СУЛУУСУ ЭЛЕҢ КАЛТАРДЫН»
Тамаша сөзгө кебелбестен, аксакал сөзүн улады. Көп жылдар Таш-Кыяда мугалим, мектеп директору болгон ардагер агартуучу байбичесине туулган күнүнө арнап ыр жазганын эскерди. Тагдырдын буйругу менен, бул тилектер таш каап, эки жыл айланбай, дарыгерлер байбичесине айыкпас оорунун диагнозун коет. Токтобек аксакал үмүтүн үзбөй, кемпирин чарк айланып, жараткан өмүр берсе, бир кесим нан болсо да, бирге жесек деп тилейт.

Токтобек Жолдошев: 28 - август, 1998 - жылы Эркингүлүмдүн туулган күнүнө арнап, 13 жыл мурда ушул айда, ушул күндө жазылган ыр:

Көп эле санаа тартып кейибечи,
Агаласы көбөйгөндөй саамайыңдын,
Андан көрө салабатуу карыйлычы.
Өзүң мага, мен өзүңө таалаймын,
Мен өлсөм да сен жашагын көп жылдар
Бактылуу жаш, узун өмүр каалаймын.

Ак кагазга тизмектелип жазылды
Сага каалоо айтуучу менин үнүм
Түгөйүм, экинчи ирет кайталангыс
Куттуу болсун бүгүнкү туулган күнүң.

Эстесем биз баш кошкон жаш кезекте,
Сулуусу да сындуусу элең бүт калтардын.
Азыр өзүң бактылуу байбичесиң,
Буйуруп жыргалын көр бул балдардын.

Кудайым өмүр берип, жакшы көрүп,
Экөөбүз бир кылымга тололучу.
Канчалык кыйналсак да, оорусак да,
Жарык жүз чал-кемпирден бололучу.
Ушул күндүн кыркын дагы өткөрсөк деп,
Тилек тилеп тос көтөрүп коёлучу.


«ШУМ АЖАЛДАН БОЛУШУНЧА ТАЛАШТЫМ»

Токтобек Жолдошев: Дарыгерлер сакалдуу кишисиз, баарын түшүнөсүз, шишик болуп калыптыр, кайрат кылыңыз, өзүнө да, балдарга да айтпаңыз - эмесе тез күчөп кетет деди. Ошондо 2010-жылдын 15-январында Каракол шаарына оокукананын терапия бөлүмүнө жаткырып, 3-4 күн болгондон кийин бир күнү үйгө келип жазган ырым:

Кудайым, мен ыраазы, бирок сурайм,
Жаш куюлтуп көзүмдү жайнатпачы.
Карыганда түгөйүмдү бөлүп менден,
Жалгыз коюп шорумду кайнатпачы.

Неге сен ооруп калдың, эркетайым,
Элүү жылдык өмүр жолун тойлоор кезде.
Узак жаша, жыргалын көр балдарыңдын,
Соксойтуп мени жалгыз таштап кетпе.

Элүү жыл эркелешип бир жашадык,
Керек болсо жашоо үчүн дүнүйө курап.
Азыр болсо жаш төгүп турган кезим,
Бир өзүңө кудайдан өмүр сурап.

Мен өзүңсүз эч качан жашай албайм,
Бир күнү көрбөй калсам кусаланам.
"Ден-соолук бер түгөйүмө" деп жалдырап,
Уктабай жараткандан мен суранам.

Түндө жалгыз заманам ай куурулду,
Ой санаалар камыр кылып жууруду.
Өзүм менен өзүм болуп таң атты,
Кимден кантип чыгарамын бугумду.

Дагы көпкө кол кармашып экөөбүз,
Жашайлычы оорубай, ойго чөкпөй.
Айыгып кет жаныңда мен болоюн,
Сагынтып, кусалантып көз жаш төкпөй.

Жакшы көрүп, көпкө тиктеп калчумун,
Же менин көзүм сага тийди бекен.
Токсон жашка жетип анан бир өлсөк деп.
Тилеген тилегиме жетсем экен.

Өткөн жылы ажыраган бир көзүмөн,
Кудайым бөлбөсө экен бир өзүңдөн.
Эки көзүм көрбөй калса мейли элем,
Сен аман бол таза көзгө көрүнгөн.

Беш күн болду жалгызмын ушаланып,
Сен болбосоң менде күнүм кусаланып.
Ойлой берип доктурга да ишенбей,
Денемди жулмалаймын туталанып.

Мен сени бир көрүүгө шашып барам,
Узун жолду узатып жашып барам.
Өзүңдү капа кылып албайын деп,
Маңдайыңа барганда күлүп калам.

Доктурга барсам сенден кетким келбейт,
Тымызын чапташып калгым келип.
Өмүр бою бөлүнүшпөй жүрсөк экен.
Тилеп жүргөн тилекти кудай берип.

Жалгыз жатсам деги эле атпайт таң.
Эч бөлүнгүс кылып койчу, жараткан.
Карысак да бетти бырыш басса да,
Бирге жүрсөк шактуу гүлдөй жарашкан.
Боздотпочу бирдей ынак түгөйүңдү,
Бото өңдөнтүп энесинен адашкан.

“ӨМҮР БОЮ СЕН ДЕП ЖАШАЙМ ТЕҢСЕЛИП”
2010-жылы операциядан кийин үч күн реанимация бөлүмүндө жатты, үч күндөн кийин көзүн ачып мени таанып карап жылмайып күлүп койду, анан ошондо муну улаганым:
Эң кымбатым, эркетайым, асылым,
Сен мен үчүн экинчи ирет төрөлдүң.
Мени тиктеп таанып койгон учурда,
Сурай көрбө мен бакытка бөлөндүм.

Сен мен үчүн, мен сен үчүн туулганмын
Ошондуктан түгөй кылган кудайым.
Тирүү жүрчү арабызда кыбырап,
Баарыбызга тумар кылып тутайын.

Отуз күндө чейрек кылым жол бастым,
Көп кайгыдан, акылымдан адаштым.
Ооруң кыйын аны билип турсам да,
Шум ажалдан болушунча талаштым.

Мен ыраазымын кудайыма, доктурга
Байбичемди салып берген колума.
Эгер мени жакшы көрсөң чын эле
Эркетайым, экинчи ирет ооруба!

Сен да мени сүйдүң бекен менчелик,
Өмүр бою сен деп жашайм теңселип.
Тез айыкчы, кагылайын кымбатым,
Жетелешип туулган жерге кетелик.

Токсон жашты жашабасаң өзүң бил,
Сексен тогуз жашыңа да макулмун.
Канча өмүр жашасак да жанаша
Экөөбүзгө келбесинчи кайгы муң.

Кыйнады жаным жакшы эле
Кайсынысын айтайын.
Кайгылуу келгем Бишкекке
Кубаныч менен кайтайын.

Өз жазган сенин жазган абышкаң
Он сегиз жашта табышкан
Ооруңдү кесип таштады
Өпкөңө барып жабышкан.


“СҮРӨТҮҢӨ АШЫК БОЛО БАШТАДЫМ”
Таш-Кыя Караколдун оң кол ыптасындагы тоо таянган айыл. Чыгыштан батышка кеткен Телман көчөсүнүн батыш кыйырындагы таш төшөлгөн көчөгө бурулганда шаар бүтүп, айыл башталганын деле байкабай каласын. Себеби аны көрсөткөн жазуу деле жок. Шар аккан суунун үстүнө салынган даңгыраган кенен көпүрөдөн өтүп, сууну оң жагынан бир аз бойлоп бассаңыз, Токтобек мырзанын дарбазасы жок короосуна туш келесиз. Төрдөн ар түстөгү төрт бурчтуктар менен кооздолгон, көгүш-боз түстөгү тыкан үй көзгө урунат. Арык-чырай, чыйрак отурган аксакал, шурудай тизип жазган ырларын окуп жатты. Чөнтөгүнөн бырышкан агыш-көк түстөгү чатыраш бет аарчысын алып, көз жашын сүртөт. Ошентип, реанимацияга түшкөндөн үч ай айланбай, байбичеси 50 жылдык алтын тойго аз калганда, шум ажалдын торуна түшүп берет.

Токтобек Жолдошев: 2010-жыл 26-май көз жумган күнү.

Кайгылуу күн
Арыктап сөөгүм калганда,
Жетимиштен ашып барганда.
Эркем ай, жалгыз калтырдың.
Эзилтем алып арманга,
Башыма түшкөн кайгымды
Өзүң жок кимдер таратат.
Тамчылай берип көз жашым
Муунум да кетип баратат.

Сүрөтүң менен сүйлөшөм.
Өзүңө эмес, сүрөткө ашык боло баштадым,
Сагынып ыйлап, эрте кеч жашык боло баштадым,
Самандай кылып саргартып неге сен мени таштадың ...


«ӨЛҮМДӨН КАЛГАН КӨЗ ИРМЕМ»
Аксакал үнү каргылданып, бул ырын аягына чыгара албады. Өлгөндүн артынан эч ким өлбөйт экен, аксакал байбичесин узаткандан кийин аны күн сайын эскерип, ичине батпаган арманын кагазга түшүрүп жүрөт. Кайгыны көтөрө албай, бир күнү өзү ооруп калат. Аны да рак илдети менен ооруйт деп, Бишкекке алып келишет. Тагдырдын тамашасыбы, Токтобек аксакал кемпири акыркы демин чыгарган керебетке түшөт. Ошондо байбичемдин керээзин аткарып, неберелеримди эл катарына кошуп, анан өлсөм экен деп тилейт. Кийин врачтар аны кайгыдан сыркоолоп калгандыгын айтып, ооруканадан чыгарышат.

Токтобек Жолдошев: Карабайсыңбы, бул тагдырдын кызыгын. 5-июнда эки жыл, төрт ай, жыйырма күн болгондо ооруп доктурга барып калдым, так ошол байбичем жаткан бөлмөдө, ошол жаткан керебетке жатып калып жатпаймынбы. Замир деген онкологиянын доктуру келип "Өпкөңүз жаш баланыкындай экен. Рак эмес эчтеке жок, жөн эле катуу кайгыдан жүрөгүңүздү бузуп алыпсыз. Ошол жүрөк дем албырбай, денеңизди шишитип жатыптыр" деди.

"Замир айткан сүйүнчү" деген ыр жаралды:

Замир айткан сүйүнчү
Таратты бардык күйүттү.
Мактанып жүргөн жүрөгүм
Ушунча неге күйүктү?

Жылмайып күлүп турсам да
Көз жашым акты булактай.
Чуркагым келип турган кез
Жетилген тентек улактай.

Балдарым үчүн жашайын
Аларга бакыт жаратып.
Жашоого кайра келдимби
Үмүтүм үзүп баратып.

Санаасы жок жашаган
Карасаң кандай ырахат.
Жашоого берген чоң үмүт
Замирге айтам ырахмат!

“КИЙИМИН ЭМЕС, КҮЛҮН ДАГЫ КЫЙБАДЫМ!»
Сакайып үйүнө кайтып келген Токтобек аксакал күнүмдүк тириликке, неберелерине алаксыйт. Бир уулу тың чыгат, бирок ал жаш кезинде эле куурулган баклажанга ууланып каза табат. Калган уул-кыздары аксакалдын алдынан кыя өтпөй, Ата деп сыйлап турушат. Бирок бир ирет, уул-келини анын жаралуу жүрөгүн кайра жаралантат. Алар молдокелердин сөзүнө кирип, энесинин кийимдерин бүт өрттөп салышат. Ошондо Токтобек аксакал байбичесин экинчи жолу жоготкондой, ичи эңшерилет.

Токтобек Жолдошев: Чөнтөгүмдө такай калем менен кагаз салып жүрөм. Мектеп директору, партогр, жумушчу да болуп иштедим. Азыр кийимди таратпай, өрттөп коёрун билбептирмин. Өзүм менен өзүм болуп, ал жок ушунчалык кыйналып, кара жердин үстүнө бата албай жүргөн кезде бир күнү огороддун башында түтүн чыгып, от жалындап турат. Ой, бул менин багымда эмне өрт чыктыбы деп жакындап барып карасам, Жайна менен Чынар экен. Жакын барып карасам, байбичемдин кийимин өрттөп жатышыптыр. “Эмне өрттөп жатасыңар?” деп сурасам. “Азыр элге таратканда эч ким кийбейт экен, ар кайсы жерге таштап салса убал болот, өрттөп койгон жакшы” дешти. Анан өрттөнүп жаткан кийимдерди карап туруп, эч нерсе айта албай кайта кеттим. Көз алдымда көп нерсе элестеп туруп, көп нерсени жаздым. Ырдын жогору жагын окубай эле коёюн:
...
А балким турмуш деген ушундайдыр,
Өткөн өмүр калтырбаган элесин.
Эс акылы кирди чыкты болсо да,
Кандай адам эстебесин энесин.

Ичтегимди кимге айтып түгөтөм
Сурай көрбө баштан далай күн өттү.
"Кантели деп" бир ооз менден сурабай,
Байбичемдин киймин бүтүн өрттөдү.

Алма күйдү, мен да күйдүм ыйладым,
Киймин эмес күлүн дагы кыйбадым.
Түшкө кирип ошол жер күндө жанып,
Өчүрө албай канча күнү кыйналдым.

Түтөткөнчө бактын баарын ыш кылып,
Койсо боло жаздыгыма тыш кылып.
Сагынганда бир кучактап жатмакмын,
Өзү бардай көйнөктөрүн жыт кылып.

Кесип берип көкүрөктөн көйнөктүн,
Белек кылып жүз аарчыга бербеди.
Сагынганда көзүн сүртүп жүрсүн деп.
Неге экөө эс акылга келбеди?

Атаке, деп менден кеңеш сураса
Айта кой, деп кулагымды түрмөкмүн.
Юбкасынан кесип берсе кичине,
Бут ооруса ороп алып жүрмөкмүн.

Бирөө жаштык, бирөө кастык кылдыбы
Мейли кечтим сактабаймын кек кылып.
Мындан ары ыйман берсин кудайым
Акыл эсин ичтен берсин бек кылып.

“АЯЛ ДЕГЕН БИР ЧОҢ ШААРДЫН ЭРКЕСИ”
Өткөндү эстеп, көзүнөн жашы кылгырган аксакал жары менен карагат терип, кечээ жакында эле кудум жаш кездегидей тамашалашканын эстеп, бир сыйра күлүп алды. Анан эр ортону 50 жашында жазган ырын окуп берди. Ошондо бакты-таалай дегендин сыры ачылгандай, бул жубайлардын жарым кылым кор кармашып, бактылуу сүргөн өмүрү көз алдыма кинодой тартылып жатты.

Аял деген ким?
Аял деген жигит үчүн үйдүн куту,
Аялсыз өмүр болсун кайдан таттуу?
Аялы жакшы болсо эр жигиттин
Ал дагы жараткандан ыйык тартуу.

Жакшы аял жигит үчүн эки канат,
Ансыз ал кош канатын кантип кагат.
Мээрим төгүп кадырлап турса эгер
Күйөөсү таш эритип алтын табат.

Аял деген эркектин эс-акылы,
Аял деген өмүрдүн эң жакыны.
Акылдуу болсо анын алган жары,
Алтыным деп алдап коёт эң акыры.

Аял деген ыйык дарак мөмө берген,
Жазда гүлдөп багыңдын көркүн ачкан.
Аял деген эркектин океаны,
Бакытка термелтип бала тапкан.

Аял деген уул-кыздардын энеси,
Аял деген үй-бүлөнүн денеси.
Баарын билип калыс болсо турмушта
Ошол аял бир чоң шаардын эркеси.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG