Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:22

Коопсуздук түшүнүгү глобалдашкан азыркы заманда Кыргызстан кайсы милдеттерди аркалап, аны кантип ишке ашыруусу керек?

Кыргызстандын улуттук кеңеши өлкөнү 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны 14-январда кабыл алды. Беш жылда аткарыла турган бул стратегиялык документке улуттук коопсуздукту сактоо жаатындагы милдеттер да киргизилген.

Согуштук, террорчул аракеттер дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиянын баш оорусуна айланып турган бүгүнкү шарттагы Кыргызстандын багыт-милдеттерин “Азаттык” "арай көз чарай" талкуулады.

Ага мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдер доктору Аликбек Жекшенкулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, дин социология илимдер доктору Маметбек Мырзабаев катышты.

“Азаттык”: Чындыгында эле дүйнөдө болуп жаткан окуялар алдыда коркунучтар жана тобокелчиликтер бар экендигинен кабар берип турат. Ушундай жагдайда улуттук коопсуздукту сактоо багытында алдын алуучу чараларды көрүү ар бир мамлекеттин эле башкы багыттарынын бири болуп калды. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Жаңы кабыл алынган стратегияга коопсуздук чараларынын өзүнчө бөлүп киргизилиши да мындан кабар берип турат. Анда дээрлик өлкөнү тышкы-ички коркунучтардан сактоо, аймактык бүтүндүктү, чек араны бекемдөө, Конституциялык түзүлүштү коргоо өндүү багыттар белгиленген экен. Кандай дейсиздер, Кыргызстан улуттук коопсуздук жаатында бүгүн кечигүүсүз колго ала турган маселелер кайсылар?

Аликбек Жекшенкулов: Мен бул чоң документти окуп чыктым. Негизинен эки чоң багыт бар. Бул – улуттук идеология, коопсуздук маселелери жана экономика. Эгер улуттук коопсуздук маселелерин айтсак, менимче, аракеттер негизинен текстте байкалат. Бирок, тилекке каршы, бул документ үстүртөн болуп калган. Мына ошол эле стратегияны талкуулаганда дагы чек ара маселеси айтылган турбайбы. Менин оюмча биринчи кезекте чек ара Өзбекстан, Тажикстан менен негизинен чечилиш керек деп жазыш керек.

Негизи коопсуздукка коркунуч келтире турган, глобалдык алкакта такталган өзөктүү маселелер терроризм, экстремизм, наркотрафик, легалдуу эмес миграция, адам сатуу өңдүүлөр экендиги жалпыга белгилүү. Ошолордун ичинен биз тандашыбыз керек.

Бул жерде (стратегияда – ред.) бир жакшы нерсе жазылып турат: адамдын жеке коопсуздугун коргош керек деп. Биринчиден, чек ара, андан кийин адамдын жеке коопсуздугу сакталышы керек, артыкчылык берилиши керек. Ошондо жалпы мамлекеттин көз карашы өзгөрүлгөн болот.

Мен кандайдыр бир бул ар кандай документтерден чогултулган деген пикирде калдым. Мисалы, экинчи баптагы 2.8, 2.9 деген пункттарда тышкы саясатта эң биринчи инвестиция маселеси коюлган. Тарыхын карасак негизи тышкы саясат коопсуздук маселелерден келип жаралган. Эгерде Кыргызстанда стабилдүүлүк жана тынчтык болсо инвестиция келет. Баш аламандык болуп же терроризм күчөп турса эч ким келбейт. Ошон үчүн эң орчундуу маселе тышкы саясатта коопсуздук болушу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Маметбек Мырзабаев: Коопсуздук жөнүндө түшүнүгүбүз акыркы кездери өзгөрбөй эле илгерки бойдон калып калгандай. Ал эми дүйнө жүзүндө, эл аралык мамилелерде, тышкы саясатта коопсуздук түшүнүгү өзгөрүп жатат. Илгери, мисалы, Союз убагында мамлекеттик коопсуздук биринчи орунда турчу.

Чек араны бекемдешибиз керек, мамлекеттин бүтүндүгүн сакташыбыз керек деген сыяктуу. Азыркы кезде коопсуздук теориясы, коопсуздук концепциясы өзгөрдү. Кандай өзгөрдү? Азыркы кезде жарандын коопсуздугу, аймактын коопсуздугу алдыга чыгып атат.

Стратегияны окуп көрсөңүздөр, чынында эле Аликбек агай айткандай жарандык коопсуздук биринчи жолу алдыга коюлуп жатат. Муну мен алдыга жылыш катары эсептейм. Ал эми регионалдык коопсуздукту глобалдуу түрдө карабасак чече албайбыз. Коңшулар менен эсептешип, алар менен сүйлөшүп, диалог аркылуу чечүү керектигин бул документтен көрсө болот.

Ал эми диний терроризм жана экстремизм жөнүндө айта турган болсок диний радикализм коркунучу глобалдашып баратат күн өткөн сайын. Азыр күн өткөн сайын диний агымдар, топтор глобалдуу иштерди алып барып атышат. Булар белгилүү бир, мисалы, Өзбекстан ислам кыймылын алып карайлы, Өзбекстандан эчак эле чыгып кеткен. Булар Тажикстанда, Кыргызстанда, Ооганстанда бар, көптөгөн мамлекеттерде бар. Ошондуктан коопсуздук маселесинин диний тармагына да глобалдуу өңүттө карашыбыз керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG