Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03
Кыш. Күн суук. Бизде болсо сессия убагы. Бир жыл мурун, тактап айтканда, 2-курстун кышкы семестриндеги сессияларды тапшырып жаткан кезим. Мындай карасаң бардык эле сабактар оңойдой сезилет. Бирок негедир, бир сабактан тапшырабыз деп, бир-эки күн жөн эле жүрө беребиз. Бул - ар сессия убагында кайталанат. Дагы кышкы сессия жакшы. Жаңы Жылга шылтоолоп, бат-баттан бүтүрө аласың. Жайкы сессияда го, эшиктин ысыгы аз келгенсип, өзүң кошо эзилесиң.

"Көптөн күткөн" сессия да келди. Бүт эле сабактардан ийгиликтүү, бат-баттан эле тапшырып жаттым. Университетибизде жашы боюнча да, наамы боюнча да эң улуу агайыбыз бар. Жашы 80ден ашып калды. Аты – Абдыкадыр Садыков. Садыков агай, Садыков дейбиз. Ал агай бизге сабак берет. Садыков агайдын сабагы 2-курста биринчи жолу кирип жаткандыктан, экзаменди андан кандай тапшыраарыбызды деле билбейт болчубуз. Тапшырып жатабыз. Бирден кирип, кайра чыгып, кайра экинчи-үчүнчү жолу кирип жаткандар. Мен дагы кирип чыктым.

Карыган киши анча-мынчага маани бербей калат же укпай калат дегендерди угуп эле жүргөм. Агайдын жашы 80ден ашып калса, экзаменди кантип алат дечү элем. Айрым тың студенттердин көбү алдап эле баа алса керек деп да ойлоп койдум. Кайдан? Карыды деген агайыбыздын акыл-эси анча-мынча жаштарга караганда мыкты экен. Ошентип, мен да эртеңкиге даярданып келмей болдум.

Түн кирди. Үйдөгүлөрдүн баары таттуу уйкуда жатышат. Мен болсо уктап калбайын деп, ары-бери басып коюп окуп жүрөм. Түнү менен окуп, эртең такылдап жооп берейин дегем да. Эх, жашоодо не деген гана кызыктар болбойт. Жада калса түндө дагы. Саат түнкү 2 болуп калды. Чайнектин түбүнөн эле суу койдум, кофе ичейин деп.

Ары-бери китепти кармап алып басып жүрөм. Өзүмдүн жаткан бөлмөм эле. Жанымда сабак окуган стол, анан диван турат. Бир убакта чалкалап жатып алып окуй баштадым. Өзүмдү бир чети ушунчалык аядым. Көзүм жумулуп кетет, кайра чочуп ачып коем. Кайра ирмелет, кайра ачам. Азыр эми кичине-е эле уктай турайын, 5 мүнөттөн кийин ойгонуп, кофе ичем деп өзүмдү алдадымбы, же уйкуну таарынтпайын дедимби, айтор көзүмдү жуумп, "кичине-е" уктадым.

Ойгондум. Атып туруп, саатты карасам, таңкы саат 6:00 болуптур. Тиги чай ичкен бөлмөгө чыксам, ичи толо буу, чайнек плиткага жабышып калыптыр. Капкагы мырыйып кыйшайган... Эмне кыларымды билбей, эшик-терезенин баарын ачтым. Чайнекти плиткадан эптеп алдым да, раковинага барып, болушунча жуудум. Ишенесиңерби, чайнекти плиткадан чыгарып жатып, аябай күлкүм келди. Күлүп дагы, таң калып да жаттым. Эмне кылам анан?

Үйдөгүлөр акырындап ойгонуп баштады. Мен болсо, кылгылыкты кылып коюп, окууну көздөй шашкалактап жаттым. Үйдөн жатканда чайнекти иничегим кайрадан жууп жаткан, "Буга эмне болгон?" деп.


Окуудан келгиче аны да ойлонуп келдим, жооп даярдап барайын деп. Үйгө барсам, эч ким эч нерсе дебейт. Таң калдым. Чайнектин жанында туруп, ага чай койсом да эч нерсе дешпейт. Ошол күндөн бери бири да чайнектин капкагынын кыйшайып калганын менден сурашкан жок. А мен ал күнү экзаменди да ийгиликтүү тапшырып, үйдөгү кызыктуу жоругумду да эстеп, жыргап жүрдүм. Азыр да ошол окуя эстен кетпейт. Эми экзамен десе эле, ошол түнкү даярдык эсиме түшчү болду.


Болотбек кызы Жылдыз, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG