Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19
Мен сегиз жыл студент болуп жашадым. Тагдырдын тамашасыбы, быйыл аспирантурага тапшырганы жатам. Досторум «түбөлүк студент» деп көргөн жерден сөз менен чымчылагандарын койбойт.

Менин студенттик күндөрүм аябай кызыктуу өттү. Ар бир күнү кайталангыс. Мушташкан, ач калган күндөр, жатаканага кечигип калып сыртта калган күндөр, бир чака сууну тамашалашып балдардын үстүнө куюп салган күндөр... Аябай көп жана бири-бирине окшобогон күндөр!

Абитуриенттин ачуу көз жашы...

Балекеттин баары абитуриенттик күндөн башталат эмеспи. Орто билимдин ээси деген өңү кызыл аттестат колго тийди. Үйдө ата-энемдин сыймыктанган тун баласымын. Жалпы республикалык тестти да тапшыргам. Бул шумдук а кезде жаңы башталган. Медицина академиясына тапшырам деген ниет менен даярдана баштадым. Эртең тест тапшырасыңар деген күнү таңга маал жарым саат гана уктадым. Тестке киргенде, көзүм илиним кетиптир. Канча уктаганымды так айта албайм. Чочуп ойгонсом, жанымдан текшерүүчү өтүп баратыптыр, бир нерселерди кыйкырып. Шатырата тегеректей баштадым.

Убагында райондук лицейдин алдыңкы окуучуларынын катарында болчумун. Мугалимдерибиз аябай күчтүү эле. Биздин үй айыл четинен орун алган. Тамашалап, "фазенда" деп атап коёбуз. Анткени биздин жаныбызда үй да, керек болсо короо да жок. Жаз мезгили болсо керек... Айлана жашылга бөлөнүп калган. Апам менен атам жумушта. Мен сарайды тазалап, малдын кыгын чарбакка төгүп жаткам. Бир маалда жумуштан тажап, көчөдө жыйылып турган самандын үстүнө чыгып жатып алдым. Оозумда бир тал саман чимирилет, оюм болсо алыста...

Мени кичинемде чоң энем баккан. А киши менен мектепке чогуу барам деп жүрчү элем. Тилекке каршы, ал күнгө жетпедик. Азыр ойлонсом чоң энем катуу ооруп жаткан экен. Мектептеги баргандан аз өтпөй дүйнө салды. Ошондо менде оорудан өч алуу сезими пайда болгон. «Мен чоңойгондо врач болуп, рак оорусун жеңем!» - деп алдыма план койгом. Анткени чоң энемдин өмүрүн кыскарткан дарт – рак!

Оозумдагы чимирилген самандын талы менен кошо оюм алыска кетти. Кыялымда ак халат кийип, Медакадемиянын коридорунда кетип бара жатам. Өткөн-кеткендин баары мени тааныйт, анткени мен мыкты окуйм да. Ооба, дал ушундай болот! Менден буюруса мыкты врач чыгат, көптөгөн өмүрлөрдү сактап калам!!! Кыял тереңине сүңгүп баратып, алыстан бир үн уктум. Башымды шак көтөрүп, көчөнүн башына көз салдым. Апакем бир нерселерди кобуранып эле алыстан чуркап келе жатыптыр. Томпоңдогон апамдын ал кезде кырктан ашып калган курагы. Чуркаганын мурда көргөн эмесмин. Азыр болсо, сумкасын билегине аскан, пальтосун бүктөп, сумкасынын жанына көтөрүп алган, чекесинен тер агып, чачтары шамалга сербелип, саксайган, маңдайкы алтын тиши алыстан жалтырайт, жүзүндө күлкү. Жаман бир нерсе болдубу деп чочуп, секирип турдум да, апамды көздөй учтум...

- Ураа, менин балам эң акылду, ураа!!!, – деп эле келе жатты апакем.
Мен түшүнбөдүм. Чарчап калган апамдын жанына тез эле жеттим. Чарчаганынан:
- Уффф, өффф, - деп эле жатат. Оозуна сөзү келбейт.
- Апа! Эмне болду? Баары жайындабы?
- Ананчы... Менин балам райондун эң акылдуусу! Мен сени менен сыймыктанам!!!

Жумуштан келе жаткан апамды райОНОнун кишилери көрүп калып, чакыртышып, чай-пайга сындырышып, тестимдин жыйынтыгын айтышыптыр. Жалпы тест – 191. Биология – 136. Райондо биринчи орун!!! Анан баласынын ийгилигин жуудуртушуптур. Ошентип тестимдин жыйынтыгын көтөрүп алып Бишкекке келдим. Биринчи классыман он биринчи класска чейин врачтык кесипти эңсеп келгем. Шыр эле Медициналык академияга бардым. Кыргызстанда билим берүү системасы ошондо эле урап баштаган экен. Аны академиянын ыйлаган акыбалы гана эмес, мугалимдердин абитуриенттерге болгон мамилеси, абитуриенттердин эмне кылуу керек экенин билбегендиги жана башка нерселер кабар берет. Эң негизгиси жана менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөнү болуп ушундай жогорку балл менен Медициналык академияга өтпөй калышым болду.
- Сен химияны тапшырбаптырсың. Химиянын тест жыйынтыгы болбосо биз кабыл ала албайбыз, - деди чатакташып жатканыман чакырылган декан.

Башымды шылкыйткан бойдон чыгып кеттим. Тесттин башталары алдында директордун өзүнөн канча жолу такташтырдым эле. Химияны, англис тилин да тапшырса болбой турганын кайра-кайра какшабады беле.

- Кандай немесиң өзү! Айттым го, жалпы тесттен башка бир гана кошумча тест алса болот. Кошумча тест төрт сабак, биология, химия, англис тили жана немис тили. Каалаган бирөөсүн таңда!

Эми... Эми кеч! Эгерде врач болбой калганымдын күнөөкөрлөрү бүгүн табылып калса, анда мен алардын жакасына асылбайт элем. Анткени чоң энемден алган тарбия бар да...

Кыргызстандын региондорунун жашоочулары менен таанышуу...

Кыргыздар бир калк болгонубуз менен бири-бирибизден айырмаланып турат эмеспизби. Бысмылла дегенде эле диалект, анан өзүбүздү алып жүрүүбүз... Кыргыз-түрк Манас университетинин Туризм жана мейманкана иши факультетинин даярдоо курсунда окуп жатканда жатаканада жашап калдым. Бир бөлмөдө алты бала жашайбыз. Биздин бөлмөнүн бетмаңдайындадагы бөлмөдө он эки бала жашайт эле. Эки бөлмө бир блокко киргендиктен баарыбыз бир чоң үй-бүлө эле болуп калдык. Алардын арасында баткендик, оштук, жалалабаддык, Жалал-Абаддан дайым өзүн бөлүп көрсөткөн токтогулдуктар, чүйлүктөр менен таластыктар, көлдүктөр менен нарындыктар бар эле. Жан досум, кайда жүрбө кан досум болгон тааныштарды ошол жатаканадан таптым.

- Нургазы, саарда мени тургузуп койчу, - деди Манас, атына заты жарашкан, бою менден узун досум.
- Эмне?
- Саарда тургузуп койчу, ээ?
- Саар дегениң эмне?, – дедим алгачкы сөзүн кармап.
- Нургазы, - деп калды Самат деген токтогулдук балабыз.
- Саар деп таң эртени түшүнө бер.
- Аа, - дедим мен бир нерсени түшүнгөнсүп, - Эртең менен ойготуп койчу дегениңби?

«Саар» менин студенттик күндөрдө топтогон жалгыз сөзүм эмес. Көлдүктөрдүн «бодободу», нарындыктардын «мискейи», баткендиктер менен оштуктардан алган сөз байлыгымды айтпай эле койсом болот да... Мен деле таластык болгондугум үчүн «тыр» деп далайынын шылдыңына калдым.

Бир айга жеткен кукси...

Акча жок! Акча мага жетиштүү деген студентти көрө элекмин. Университеттен 10 доллар стипендия алам. Стипендия аларым менен түшкү тамактануу талонун алып коем. Спорт менен машыккан балага түшкү тамак эмне болуп калыптыр? Курсагымдын ачкалыгынан канчалаган машыгуулар калып кетти десең. Балким так ушул себептен спорт жаатында жигердүү жетишкендикке жете албай калгандырмын. Бир күнү, досум айткандай, «саарда» ойгонсом, бөлмөдөгү бала акырын кийинип жатыптыр. Күндүн көзү көрүнмөк түгүл жарык тие элек. Көзгө сайса көрүнбөс караңгы.
- Эмне мынча эрте туруп алдың? Каякка бара жатасың?
- Ишке...
Баткендиктерге таң берем! Аябай иштерман келишет. Таңкы саат төрттө, эл терең уйкуда жатканда ишке чыгышат!
- Кайсы жакка?
- "Баткен" базарына...
- Мен да барсам болобу?
- Болот.
- Бирок, үч минутада чыгып кетишим керек. Кечигип жатам!
- Болду, түшүндүм. Азыр!

Колума тийген кийимди кийдим да артынан жөнөдүм. Ошентип Баткен базарына бардык. Азыр ал базар курулуш материалдарын сатып калды. Мурун картөшкө, пияз, сабиз, кыскасы, дыйкандардын базары эле. Жөө басканыбыздын себеби, мынча эрте маршрутка, автобус жана троллейбустар жүрбөйт. Кеч чыксаң жумуш орду жок каласың. Экөөбүздүн жумуш ордубуз бир жерде турбаган орун. Ал – тачка! Залог катары студенттик билетиңди же паспортуңду таштайсың. Тачканы алып, кечинде тачка менен кошо жыйырма беш сом бересиң. Тачкист болуп иштей баштадым. Кара жумушка көнгөн мага иш оор деле эмес. Кардардын артынан жүрөсүң, бир кап 2 же 3 сом. Кардар «местный» болсо 1 сом да болуп калышы мүмкүн. Бул «местный» сатуучулар сооданы талкалайт да, «бир сомго көн, болбосо башка бирөө» деп зирилдетет. Көнөсүң, болгондо да жүзүңдөгү күлкү менен. Саат 10:00го чейин иштеп, кайра жатаканага барып, жуунуп, сабакка келмей. Иш графиги, эми 25 сом болсо тачканы 5 минутага деле алса болот. Болгону тачка калбай кала электе барып, алып коюшуң керек. Ошентип кыш да келди. Жаңы жылга жакындап калса керек. Анткени бөлмөдөгү балдардын көбү кетип калышкан. Айылга баргыча акча табалы деп Манас досум экөөбүз калдык. Менин боюм 167 см., аныкы 188 болсо керек. Күрөшө кетип, буттан алып көтөрсөм, буту менин алдымда жерге тийсе, аркамда башы жерге тийип калчу. Азыр ал досум Түштүк Кореяда эмгектенип жатат.
- Акча барбы? – деп сурадым.
- Жок, - деп калды.

Ичимден ошол үчүн үйүнө кетпептир да деп ойлоп койдум. Баткенге жаңы жылдын астында жол киренин кымбаттыгын билесиз да... Жаңы жылдын алдында бир аз иштеп, акча таап, элден кем калбай өткөрөлү деп чечтим. Манас уктап жатканда жалгыз Баткен базарына барам. Мурда мени менен барып жүргөн баткендик бала да айылына кетип калган. Жалгыз, караңгы көчөнү араламай. Биринчи күнү жакшы эле иштедим. 300 сом чөнтөктө. Экинчи күнү иш болбой калды. Үчүнчү күнү кырсыкка учурадым. Бош тачканы ардарга жетишейин деп, катуу сүйрөп келе жатып, оор немени башкара албай, кыпкызыл "Жигулинин" капталын сызып өттүм. Дароо артымды карабай чуркадым. Тачкени колумдан чыгарбайм, анткени залог бар. Баткен базарынын кычыгын жакшы билгендигим эле тиги байкенин каардуу муштумунан куткарды. Тачканы тапшырып, чуркаган бойдон жатаканага келдим. Качкындан бетер уялганымды айтпа... Анан эмне кылмак элем? Жанагы байке акчадан мурун өпкөмдү үзмөк. Анан доого жыкмак. Анан... Азыр ошол окуя болгондо, балким башкача болмок беле?..

30-декабрда санасам 500 сом чогулуптур. Манас досумду ээрчитип, "Ош" базарына келдим. 500 сомдун 10 сому экөөбүздүн жол киребизге кетти. 490 сом калды. Эмне алсак?

- Нургазы, кур намысты кой. Таластыктардын өпкөсү жок экенин баары билет. Азыр тарсылдакты алып, анан ачка отурабызбы?, – дейт досум.

- Сенин сунушуң эмне? Куксиге ичибизди толтуруп, жел менен тарсылдатып, жаңы жылды тосолубу?

- Бир коробка кукси алып кое бер. Бир айга жетет. Анын биринчисин жаңы жылга карата ачасың. Калганын бир ай жейбиз. Алдагы тарсылдактарыңды атканча ошол пайдалуу болуп жатпайбы...

Досумдун айтканын туура көрүп, 480 сомго бир коробка кукси алдым. Ал кезде кытайдын бул кесмеси Кыргызстанга жаңы келген. Азыр деле бар. Аны алдык да чөнтөктө калган 10 сом менен жатаканага келдик. Жол кире 5 сомдон болчу...

Жаңы жылдык кече. Досум экөөбүз кычыранып кийинип алганбыз. Экөөбүздүн тең биринчи студенттик жаңы жылыбыз. Үстөлдүн үстүндө демделген эки табак куксиден башка эч нерсе жок.

- Жаңы жылды кандай тоссоң, бүтүн жыл ушундай болот дейт досум. Эч болбоду курсагы ток тосолу, - деп үстөлгө отурдук.

Нан алалы десек акчабыз жок. Кесени (көлдүктөргө которо кетейин, бодобод) жаап турган полиэтиленди ачып, ичинде ысык сууга демделген кесменин жытын бир жыттап алдык. Экөөбүз бирдей кашыкка толгон куксинин суусун оозубузга алып, «пуффф» - деп, какалып, чакалып жөтөлүп жаттык. Стаканда турган суудан ууртап алып, бир аздан кийин бири-бирибизди карап мылжыйдык. Кукси өтө ачуу экен... Нан жок ал балекетти жей албайт экенсиң да. Манастын акылы жетип, кичинекей баштыктагы ачуусу бар татымалын кошпой, кайрадан демдеп, суу менен даамы чыкпаган камырды жеп, жаңы жылды тоскон элек. Кудайга шүгүр, жаңы жылды кандай тоссоң, ошондой болбойт экен...

«Азаттык+», алгачкы телеберүүсү...

Даярдоо курсунда жалгыз гана сабак түрк тили. Кыскасы бош убакыт көп. Ал боштукту толтуруу максатында дебатка жана спортко көп убакыт бөлөт элем. Жогоруда ачка калып, машыгуудан калып калгандарымды айттым. Ал окуялардан бир шиңгил айтып берейин. Күнүгө түшкү тамак ичип алып эле машыгууга бармай. Курсак ач болсо, кайдагы күч? Кышкы каникулда үйгө барып курсак тоюп, бир аз күчтөнүп келдим. Бирок жүрөктө «шум» деген балээ табылды. Күрөштү ошо менен токтоттум, спорт менен машыгуу уланды... Ал эми дебат болсо, ага аракет керек. Кыргыз лигасынын башында турчумун биздин университеттин. Бир күнү Султан Каназаров деген байке менен таанышып калдык. Радиодо дебат долбоору жүрүп жатат деп «Азаттык» радиосуна алып келип, дебат кылдык. Кийин, дагы бир жолу кайрылды:

- Жакында «Азаттык+» деген долбоор КТРде иштеп баштайт. Ал программанын бир бөлүгү дебат болот. Келип, катышып бербейсиңерби...

КТУ «Манастын» дебат клубунун башында Мээрим деген эже бар эле. Султан байке экөө мени жана Азамат деген баланы тандап алды. Ошентип бактыма жараша «Азаттык+» программасынын тушоо кесүү аземинде менин да салымым бар болуп калды. Тушоо кесүү эч эсимден кетпейт. Азап менен даярдалган эле биринчи берүү. Кышта зал суук болот экен. Үшүгөн мында турсун, тоңуп калгам. Түшкү саат он экилер чамасында баштасак керек, ошону менен саат кечки ондордо бүттүк. Алгач залды жасашты.

- Жок, ал эмес, тиги. Андай койбо, мындай кой!, – деп Султан байке жүрөт.
Эфирге даярданып жатышат. КТРКнын имаратына биринчи жолу киргем. Телекөрсөтүү кантип жарала турганын толук түшүнбөсөм да, билгендей болуп калдым. Кечки саат сегиздерде арткы фон даяр болгонсуду. Жеңи узун көк, ак сызыгы бар футболка кийип барсам керек эле. Азаматтын үстүндө жемпир. Акчанын тартыштыгы киймимден байкалат.

Азамат экөөбүздүн дебатыбыз катуу болду. Жаңылбасам, интернет жөнүндө болсо керек эле. Дебат башталганда эле режисер «Токто!» деди. Көнүмүш адатына айландырып алдыбы, айтор, бул сөздү кайра-кайра кайталай берди. Кайсы жерден күлүш керек экенине чейин үйрөттү. Эки саат тарткан ишибизди кийин 3 минутага жеткирбей эле берип койду... Саат ондордо караңгы кирип калат да, чөнтөктө акча жок, КТРКнын имаратынан Жал кичи районундагы жатаканага чейин жөө баргам. Эх, чирин, ошол кадрларды дагы бир ирет көрсөм гана...

Айтматовдон бир элес...

Туризмди бүтүрүп, орто кесиптин ээси болгондон кийин, билимимди жогорулатайын деп чечтим. 2008-жылы Чыңгыз Айтматов өтүп кетпедиби. Акчанын тартыштыгы КУАУга алып келди. Бул жакта окуп жүрүп, Айтматовду кайра-кайра эстейм. Эстен такыр чыкпайт. Акыркы жолу Манас университетине келгенде көргөм. Айтматов менен болгон жолугушууда кофе - брейкти уюштуруу Туризм клубунун жетекчиси катары мага тапшырылган. Май айлары беле... Кофе-брейк убагында Чыңгыз абаны жалгыз фойеден жолуктуруп калдым. Учурашып, колун кармадым. Кийин Айтматовду көрдүм деп сыймыктанып жүрдүм. Көпкө чейин... Биздеги жолугушуудан кийин Казан шаарына кетип бара жатып комага түшүп калбадыбы. Июнь айында каза тапты. Оюмда жогоркудагы нерселер: эми ким анын ордун басат? Же кыргыздын атын алыска даңазалаган жазуучу ушуну менен чыкпай калабы? Ушуга окшогон суроолор көпкө чейин башымды оорутту. Акыры... Жаштыктын деми да «МЕН БАСАМ!» дедим. Анан башталды... Мурун такыр жазып көргөн эмесмин. Дил баяндан бир гана жолу, он биринчи классты бүтүрүп жатканда беш алгам. Аны да мугалимим көтөрмөлөп эле койгонун айтып калат. Өжөрлөнүп жатып 2009-жылы январь айында биринчи аңгемем толук бойдон жазылып бүттү. Анан экинчисин жаздым. Бара-бара бул өнөрүм да калып кетти.

2010-жыл. КУАУда жыл сайын «Айтматовдук окуу» деген конференция болуп турат. «Тоолор кулаганда» романы боюнча жазган макалам мыкты деп табылып, эл алдына чыгып сүйлөө укугун алдым. Опера-балет театрынын залында, кеминде эки миңге чукул киши бар. Ошончо кишинин алдына чыгып сөз сүйлөгөнүм такыр эсимден кетпейт.

Жыйынтык...

Азыр алдымда минген машинем, буюрса бүтөйүн деп калган үйүм бар. Келинчегим, алтыным, жакында төрөп, ата кылганы турат. Жаратканга ушул күндөрдү башыман өткөргөнү үчүн терең ыраазылык билдирем. Студенттик күндөр адамды калыптандыра турган күн. Андыктан бул күндөрдү жашап жаткандарга аябай дыкат мамиле кылуу керек. Дал ушул адамдар Кыргызстандын келечеги эмеспи.

Макаланын автору: Нургазы Маматов (2005-2008жылы Кыргыз-түрк Манас, 2008-2013-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетте окуган. 2005 - 2013-жылдары жатаканда жашаган)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG