Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

"Цукерберг бизге үлгү"


Марк Цукербергдин өзү негиздеген Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы.
Марк Цукербергдин өзү негиздеген Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы.
“Студент” деген сөздү укканда эле алгач оюңарда кимди элестетесиңер? Көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга жалкоо, эртең экзамен деген күнү гана китептерин барактаган, карды ач же чала тойгон, чөнтөгүндө бүгүн коротсо эртеңкиге жетпеген шарактаган тыйындарынан башка акчасы жок, бирок аны капарына албай күлүп-жайнаган, өмүрүнүн эң бейкапар, бактылуу бөлүгүн жашап жаткан жылаңач баатыр элестейт. Жадагалса биз, студенттер, өзүбүз да ушул сыяктуу сыпаттоолорду улуулардан уга берип, алдыдагы беш жылыбызды дал ушундай элестеткенбиз. Көрсө, мунун баары жөн гана куру сөздөр, стереотип тура.

Бүгүнкү күндө көчө таптап, максатсыз далдырап жүргөн студентти аз кезиктиресиң. Өзүңө ишенип, билимиңди тереңдетип, өнөрүңдү өркүндөтпөсөң, келечекте катардагы дипломдуу жумушсузга айланып каларын баары түшүнүп турат. А бирок, азыркы жаштардын дымагы ай чапчыйт. Ошондуктан алар диплом колго тийип, университетти бүтүрөрүн күтпөй эле, өз киндиктерин өздөрү кесип, чоң турмушка эрте аралашууда. Азыр коомдогу ар бир жумуштан студентти кезиктирүүгө болот. “Жаш кезинде татыктуу билим алып алса, кийин деле иштеп, жетишет” деп айтчулар чыгаар. Бирок бул ойго кошулайын десең, биздин ЖОЖдордогу берилген билим бүгүнкү күндүн талабына дал келбей жатпайбы. Билим берүү системасы, андагы мугалимдер “бизге ишенип отура бербегиле, эртең ачка каласыңар,” дегенсийт. Ошол себептүү студент 1-курсунан тарта жанталашып аракеттенбегенде кантет? Кошумчалай кетчү нерсе, көпчүлүк студенттердин пикири боюнча, жумуштагы карьерасында бийиктиктерди экзаменди жалаң бешке тапшырып, кызыл диплом менен бүткөн студентке караганда, дал ошол сабагына жетишпесе дагы өз алдынча аракеттенип, коомго эрте аралашкан активдүү студент багындырат.

Жаш кезинде баары “мен дүйнөнү багындырам” деген кыял менен жашары белгилүү эмеспи. Дал ушул ой жөн гана кыял эместиги, аны ишке ашырууга толук мүмкүн экендигигине азыркынын ар бир студентинин көзү жетип калды. Студент кезинде эле Фейсбукту негиздеген Марк Цукербергдин окуясы кыргыз студенттери үчүн да үлгү, чоң стимул болду. Эмне үчүн сиздин айланаңызда эле жүргөн, сиз күн сайын эле көрүп, бирок этибарга албай жүргөн карапайым кыргыз студентинен Цукерберг, Жобс сыяктуулар чыкпасын? Сураныч, мыйыгыңыздан жылмайбаңыз. Биздикилерде кыялыңды, максатыңды айтсаң, “ии сага, көрөм го, сен эле болсоң кыйратарсың,” деген ой сөзсүз ичинде калат эмеспи. Сиз да өз кезегинде дал ошол студенттердей кыялдангансыз, өзүңүздү аты дүйнөнү дүңгүрөткөн, атактуу инсан катары элестеткенсиз. Тилекке каршы, мунун баары кыял бойдон кала берди. Ошондуктан азыркы студенттерге да ишенбейсиз. Бирок бүгүнкү күндүн жаштарында аракет да, мээнет да, өжөрдүк да бар. Аракет болуп, тер төгүлгөн жерде ийгилик сөзсүз түрдө жараларына ишенебиз. Демек, “азыркынын студенти” деген сөз менен баштапкы сыпаттоолоруңузду байланыштарбай эле койгонуңуз туура.

Султан Шабданбеков, Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин 1-курсунун студенти
XS
SM
MD
LG