Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Кыргызстан Египеттеги жарандарын чыгарып кетүүгө камынууда


Аскерлер Тахрир аянтынын жанында демонстранттарды тосуп турат, Каир. 7-февраль.
Аскерлер Тахрир аянтынын жанында демонстранттарды тосуп турат, Каир. 7-февраль.

Каирдеги кыргыздар байырлаган Наср районунда атайын штаб ачылып, аларды мекенине кайтаруу аракети башталды.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул милдет Сауд Арабстандагы элчилик өкүлдөрүнө жүктөлүп, элчиликтин үч кызматкери Каирге барганын бүгүн кабарлады.

Египеттен кетүүнү каалаган кыргызстандыктар көппү?

Египеттеги кыргыз жарандарын өз жерине алып келүү иштери тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Тышкы иштер министрлиги Египеттеги кырдаалга жараша Каир шаарында штаб түзүп, жарандарыбызды ошол жактан чыгарууга даярдоо иштерин көрүп жатат. Бүгүнкү күндө кетүүгө макулмун дегендер 175 адамды түздү, анын ичинде 37си жаш балдар.

Башка мамлекеттер өз жарандарын мурдатан эле чыгара баштаган. Эмне себептен кыргыз бийликтери башкаларга караганда кеч аракет кыла баштады деген суроого Нурлан Айтмурзаев Египетте азыр деле чукул кырдаал жок экенин жүйөө кармады:

- Азыр деле бул эвакуация маселеси курч туруп жаткан жок. Биз ишти шашылыш түрүндө эмес, пландоо түрүндө алып барып жатабыз.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилигинин үч кызматкери учурда Египеттин Каир шаарында жарандарды эвакуацияга даярдоо, кеңеш берүү иштери менен алектенип жатканын билдирди.

Биз учурда Египетте жүргөн Сауд Арабиядагы элчиликтин кызматкери Абдулазиз Ботбаев менен байланыштык:

- Биз бүгүн кечке чейин дагы тизмесин тактайбыз. Себеби, биз башка шаарлар менен дагы иштеп жатабыз. Александрия, Тооба, Хургадо деген шаарларда да биздин жарандарыбыз бар. Алардын акыбалдары жакшы, тынч. Бирок, ал жердеги бардык мейманкана, пансионаттар жабылганына байланыштуу алар кетүүгө мажбур болуп жатышат. Албетте, бул жакта, Египетте жарандарыбыз көп. Ошондуктан, консулдук ачуу маселесин караштырышыбыз керек. Анткени, бул жакта паспортторду узартуу керек. Балдар төрөлүп жатат жана укук коргоо маселелери бар.

Египетте канча кыргыз жараны бар?

Египеттеги кыргыз жарандарынын көбү студенттер. Андан тышкары, кызмат көрсөтүү тармактарында, мисалы, мейманкаларда иштегендер да бар. Египеттеги кыргыз жарандарынын саны расмий 245, бирок чындыгында алардын саны кыйла көп болушу мүмкүн. Буга акыркы күндөрү Каирдеги штабга келип, атайын каттоодон өтүп жаткандардын саны көп болуп жатканы далил.

Айтылуу “Аль-Азхар” университетинде окуп жаткан Кожалы Абазовдон Каирдеги бүгүнкү кырдаалды сурадык.

- Кырдаал эки күндө бери жакшы болуп калды. Митингге чыккан элдин баары тарап кетишти. Эки күндөн бери коркунуч деле болбой калды. Эки күн мурда көчөдө жүрүү коркунучтуу болчу, көчөгө чыгарбай жаткан. Документсиз чыкан балдарды кармап аткан. Азыр эки күндөн бери жакшы эле, бирок текшерип жатышат

- Башаламандыкта, кыргыздардан зыян тарткандар болгон жокпу?

- Жок, кыргыздардан эч ким зыян көргөн жок. Бизден башка деле чет элдик жарандар зыян тарткан жок болуш керек.

- Эми Кыргызстанга кетебиз деген маанай күчпү же кала беребиз деп жатышабы? Эмне себептен кетебиз дешет?

- Кыргызстанга кетебиз деген жарандар көп. Бул болгон тополоңго байланыштуу, биринчиден. Экинчиден, келечекти билбейт эч ким, кандай болуп кетет? Туруп-туруп эле, дагы булардын бир нерсеси башталып кетеби? Бул жерде үй-бүлөлүүлөр бар. Көпчүлүгү үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар. Ошолор кетип жатышат. Иштегендерди билбедим, алар аз болуш керек. Көпчүлүгү студенттер.

Мына ушул сааттарда бул өлкөдөн Кыргызстанга кетүүнү каалагандардын саны такталып, абал курчуса аларды дароо чыгарып кетүүгө даярдык иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG