Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

"Элге окшошпогондор"


The Wood Helicopter тобу
The Wood Helicopter тобу

Бишкекте салттуу маданияттан четтеп, жүрүм-туруму, кийими жана сырткы өң-түсү менен айырмаланган жаштар топтору көпчүлүктү таңдандырбай койбойт.

Батышта мындай топторго субкультура деген жалпы түшүнүк ыйгарышкан. Субкультура деген эмне? Рок музыканын тегерегинде кандай субкультуралык топтор чогулган? Салттуу маданияттан алар эмнеси менен өзгөчөлөнүп, эмне жалпылыгы бар?

Бишкектеги “Цеппелин” рок-клубунда отурам. Келгендердин көбү сырткы кебетеси аркылуу эле рок-музыканын ышкыбоздору экенин билдергенге аракет кылгандай. Ошентсе да алардын арасынан бул эки кыз өзгөчө айырмаланып, дароо көзгө урунат: башынан бутуна чейин капкара кийинген, ошол эле өңдө боёнгон; бетинин ар кайсы жактарында жана кулагына үч-төрт сөйкө тагынып алышкан; андан тышкары мойнунда, колунда жана кийиминде чынжыр, иши кылса ар түркүн темир жасалгалар илинип турат.

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:



Таанышып маектешейин деп аларды көздөй акырындан жылып баратам. Алардын сүрдүү кебетесинен улам майнап чыгарынан күмөн санап турдум. Бирок иш жүзүндө экөө тең – Наталья Бондаренко менен Елизавета Степанюк – ак көңүл кыздар экен, мени кызыктырган бардык суроолорума жооп берип, бул сырдуу кебетенин артында жаткан философиясын ачыкка чыгарышты.

Адегенде Наталья Бондаренкого кулак салалы:

Наталья Бондаренко менен Елизавета Степанюк
Наталья Бондаренко менен Елизавета Степанюк
- Биз – кибер-готпуз. Кибер-готтор келечекте адамзаттын жашоосунда машинелер чоң ролду ойноп, кишиге жардам берет деп ишенет, ошол үчүн биз ар кандай техникалык прогресстерди колдойбуз. Бул субкультура Батышта 90-жылдары интернет чыккандан кийин жаралып, өнүгүп келатат. Готторго окшоп, кибер-готтор да кара түстү жакшы көрөт, бирок аларга караганда биздин субкультура тескерисинче шаан-шөкөттөргө жакын болуп, клубдарга барып, бийлеп, жыргап турабыз.

12 жашынан бери рок-музыканын тегерегиндеги субкультураларга ынтызарланып жүргөн Наталья Бондаренко мектепте жалаң бешке окуп, университетти кызыл диплом менен бүтүрүптүр. Ал эми практикасын орто мектептердин биринде өтүп, классты да жетектептир.

- Мектепке мен эми ушундай кебетем менен эмес, бирок кара шым, кара көйнөк, кичине кара өңдүү боёнуп, пирсинг тагынып барчумун. Алгачкы сабактарым бүткөндөн кийин балдар: “Сен биологияны билет турбайсыңбы” деп таң калышкан. Мен болсо аларга темаларды кызыктуураак түшүндүрүп берип, субкультуралар тууралуу суроолоруна жооп берип, авторитет болгом. Практикам бүткөндөн кийин мектепте мени кал деп, жумуш сунуштаган, анткени алар менин өңү-түсүмө карабай, менин билимимди баалашты.

Татьяна Чернова
Татьяна Чернова
Бирок ошол эле учурда көчө-көйдөгү көпчүлүктүн мамилеси одоно болорун белгилей кетти.

- Эшикте кетип баратсам көптөрү таң калат, башкалары жаман көзү менен карап, бизге жаман сөздөрдү сүйлөшөт. Бейбаш өспүрүмдөр ата-энелерин укпай, арак ичип, маңзат сайынып, кыздар бош жүрүп, калп эле “биз неформалбыз!” деп кыйкырып жүрүшөт. Анан коомчулук неформалдар, субкультуранын мүчөлөрү ушундай болот турбайбы деп ойлойт. Жок, бул андай эмес.

Өзгөчөлөнгөн адамдар

Бишкектин көчөлөрүндө кетип баратып сиз, балким, Наталья жана Елизаветага окшоп кийинген кыздар-балдарды кезиктирсеңиз керек. Алар ким? Алар – Бишкектеги айрым субкультуралардын өкүлдөрү.

Адегенде субкультура деген сөздү чечмелей кетели. Александр Грицановдун 2003-жылы басылган Социология энциклопедиясында субкультура – бул салттуу маданияттан жүрүм-туруму, сырткы өңү жана/же башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турган топтор деп түшүндүрүлгөн.

Ошол эле кезде субкультуралар жалпы маданияттын бир бөлүгү деп саналат; субкультуралар сөзсүз эле түрдө маданияттын терс көрүнүшү болуп эсептелбейт.

"Цеппелин" рок клубу
"Цеппелин" рок клубу
Маселен, Бишкекте хип-хоп, рэп, граффити, феминисттер, анимэ жана башка ушул өңдүү кызыкчылыктардын тегерегинде чогулган чакан топтор бар. Борбор калаабызда рок музыканын тегерегинде панк, гот, кибер-гот, металлист жана эмо субкультуралардын мүчөлөрү чогулган. Биз бүгүн ошолор тууралуу баяндап жатабыз.

Рок музыка да ар кандай тармактарга бөлүнүп, аталган субкультуралардын көбүндө жок дегенде бир музыкалык топ бар. Панк-рок стилинде чыгып жүргөн Wood helicopter тобу 2000-жылдардын башында 18 жаштагы панктардан куралып, бүгүнкү күнгө чейин ышкыбоздоруна чыгармачылыгы менен дем берип турат экен.

Айырма бар, идеология бир

Негизи ар бир субкультуранын ичинде Батышта болобу же Кыргызстандабы бир эле маселеге анын мүчөлөрү ар кандай пикирди тутунганы кызык. Маселен, панктардын бир бөлүгү чачынын жасалгасына, кара булгаарыдан тигилген кийимдерге, дегеле, кара түскө басым жасаса, Wood helicopter тобунун мүчөлөрү ага эски мода катары терс карап, көпчүлүккө окшоп классикалык кийимдерди жакташат экен. Бирок түпкү идеологиясы бир.

Валерий Зубанов
Валерий Зубанов
"Панктар жарым-жартылай же толук анархияны колдойт. Эң башкы принцип – мамлекет кишинин жашоосуна азыраак кийлигиши керек, башкы ролду авторитеттер ойнош керек. Андан тышкары панктар ачык-айрым келет – алар бул же тигил маселе, адам жөнүндө эмне ойлосо, эч нерсени ойлонбой туруп дароо бетке айтат. Эч кандай жасалмалуулук болбош керек. Ошол эле учурда бизде сый деген нерсе эң башында турат. Өзүн мен чыныгы панкмын дегендер маршруткада улууларга сөзсүз түрдө орун бошотушат, машине айдап баратса да, жолду бошотуп берет", - деди топтун мүчөсү Валерий Зубанов.

Топтун мүчөлөрү он жыл мурун сабактардан качып чыгып, бат-баттан репетицияларды уюштурууга ашыгышса, азыр болсо сабактардын ордун жумуш менен үй түйшүгү ээлеп, эми оңой кача албайсың деп тамашалап калышат.

Александр Дегтярев
Александр Дегтярев
Бишкектеги ар бир субкультура мүчөлөрү ичинен true же not true деп бөлүнөт экен. Башкача айтканда, бири бул топтун чыныгы мүчөсү болуп, анын көз карашын кабыл алып жашоого даяр. Ал эми экинчиси болсо субкультуралардын идеологиясын түшүнбөй эле кирип алган. Мен маектешкен субкультуралардын мүчөлөрүнүн көбү университетти бүтүрүп, кээ бирлери үйлөнүп-жайланып, иштеп жаткандар.

Алардын айтымында, ар бир субкультуранын чыныгы мүчөсүнүн саны аз, бирок Not true мүчөлөрүнүн жардамы менен бул сан бирде көбөйүп, бирде азайып турат. Сөз панк субкультура өкүлү, Wood helicopter тобунун мүчөсүндө.

- Бизде канча мүчө бар экенин мен айта албайм, анткени сан дайыма өзгөрүп турат. Балдар менен кыздар өспүрүм чагында кыйкырып келишет биз неформалбыз деп, анан 17-18 чыкканда биринчи бөлүгү кетет, калгандары университеттерди бүтүрүп, үйлөнүп-жайлангандан кийин кетет. Анан кайра 13-14 жаштагылар келишет. Мындай туруктуу мүчөлөр аз да. Элүү чакты болот го.

Түшүнүп-түшүнбөстөн...

Субкультура деген бул жалпы маданияттан бөлүнүп, өзүнчө бир кичинекей маданияттын мүчөсү дегенди билдирет. Эмне себептен адамдардын көбү жалпы маданиятты карманса, кээ бири субкультураларга өтүп кетет?

Психолог Евгения Михайлованын айтымында, көпчүлүк балдар менен кыздар өспүрүм чагында кризиске чалдыгат да, кээ бирлери бул кризистен оңой чыгып кетет, башкалары кризистен чыгуунун ар кандай жолдорун издей баштайт.

Wood helicopter тобунун мүчөсү Авраам
Wood helicopter тобунун мүчөсү Авраам
Өспүрүм чагында балдар үчүн кандайдыр бир топтун мүчөсү болуп, ошонун ичинде өзүнүн керектүүлүгүн сезүү абдан маанилүү, анан кээ бирлери ошол субкультуралар аркылуу кризистен чыга алабыз деп ишенишет, дейт Михайлова.

- Кризиске чалдыккан балдардын бир бөлүгү өзү чыныгы сүйгөн нерсе, кызыктырган топторго, мисалы, адабиятты сүйгөн балдардын тобуна кирип алып ошол жакта ички кризиси менен алпурушат. Ал эми кээ бири
өтмө курактагылар өзүнүн ким экенин тынбай анализдеген маал эмеспи: мисалы, эмолорду көрүп: “О, мага кара менен кызыл өң жагат, алар дайыма кайгылуу болуп жүрөт, сонун экен” деп кирип алат. Бирок эмонун идеологиясы кандай, жашоого көз карашы кандай – аны менен иши жок.


Михайлованын сөзүнө караганда, өспүрүм чак өткөндөн кийин бала: субкультура ага кызыктуубу, анын көз караштарына дал келеби же ага субкультурасыз эле өз алдынча өсө береби? – деген суроолорго жооп издейт. Жакпай калганы топтон чыгып кетет, жакканы болсо андан ары уланта берет.

- Айылдарда эмне үчүн субкультуралар жок? Сиз Нарында гот же эмону көрдүңүз беле? Субкультура – бул цивилизациянын табылгасы, мурун мындай жок болчу. Айылдагылар калыптанып калган маданиятына байланыштуу мындай нерселерди түшүнө албайт. Менин узун чачтуу эркек таанышым бар. Алар ошондой түрү менен элет жерлерге барганда ал жактын тургундары менен тил табыша албай койгон. Анткени ал башкалардан бөтөнчө айырмаланып жатат да. Шаарларга караганда айылдарда андайларды кабыл албайт.

Рустам Жумалиев
Рустам Жумалиев
12-13 жаштарында субкультураларга кызыгы түшө баштаган кибер-гот Наталья Бондаренко жана металлист Александр Петрионов 10 жылдын ичинде Бишкекте аларга көпчүлүктүн мамилеси кыйла өзгөрдү деген ойдон алыс.

Александр Петрионов азыр Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин орус филология факультетин бүтүрүп жаткан кези.

- Биринчи чачымды жасалгалап, кара булгаарыдан жасалган кийимимди кийип, кулагыма сөйкө тагынып келгенде мени көргөндөр чочулап жүрчү. Анан мугалим, студенттер менен сүйлөшө баштаганда алар менин алардай эле жөнөкөй бала экенин көрүп, азыр деканым кайсыл жериңе жаңы пирсинг тактың деп сурай берет. Он жылдын ичинде бизге мамиле өзгөргөн деле жок. Азыр эл азыраак көңүл буруп, жинденгендер азыраак болуп калды. Бирок ошол эле учурда алар өзүнүн дүйнөсүндө эле жумуш-үй-жумуш-үй деп, алардын дүйнөсүнөн сырткары эмне бар экенине кызыкпаганы кабатырлантат.

Кыргызстанда ар кандай субкультуралардын өнүгүшү 90-жылдардын экинчи бөлүгүнө туура келет. СССР убагында 70-80-жылдары Москвадан окуудан келген саналуу гана балдар кыздар рок-музыканын тегерегинде металлист, хиппи өңдүү субкультураларды жаратса, доор урагандан кийин субкультуралар Бишкекте көбөйө баштады. Азыркы топтордун мүчөлөрү субкультура мындан ары өнүгүп, ар түрдүү жана көп сандуу болот деп ишенишет.
XS
SM
MD
LG