Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Акыркы кездери Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салган, же өз жанын кыйгандар айрыкча жаштар арасында көп жолугууда.

Алардын бири жакында Балыкчы шаарында катталды. Жамийла аттуу мектеп окуучусу күмөндүү жагдайда мерт болуп калган арзыган жигити, аскерий окуу жайдын тарбиялануучусу Таалайбектин артынан өмүрүн кыйган. Жакындарын кайгыга салган мындай ырайымсыз кадамдардын себептери, алдын алуу жолдору тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна психолог-адис Нургүл Мусаева жооп берди.

"Азаттык": Билим берүү министрлигинин эсеби боюнча ушундай көрүнүштөр абдан көбөйүп жаткан экен. Мисалы, 2009-жылы 76 факт катталса, былтыр 94кө чейин өсүптүр. Эмне үчүн ушундай жолдорго барып жатышат, айрыкча өспүрүм курактагылар?

Нургүл Мусаева: Бул азыркы учурдун орчундуу проблемаларынан болуп эсептелет. Өзүнүн өмүрүнө кол салган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Дүйнө жүзү боюнча алып караганда да статистикалык маалыматтарга таянсак, курч өсүп келе жаткан проблема болуп эсептелинет. Психологдордун айтуусу боюнча, жашоо темпинин өсүшү менен, кризистик кырдаалдардын күчтүүлүгү, адамдын психологиялык күчүнүн эркинин начарлоосу менен түшүндүрүлөт.

Ар бир адам өз жанынан кечүү жөнүндө ойлонушу мүмкүн. Суициддик фантазиялар мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көбүнчө адамдар кыйналып кеткенде өзүнүн жанын өзү кыйганга барышы мүмкүн.

Суицидге көбүнчө 15 жаштан 22 жашка чейинки өспүрүмдөр барышат. Мектеп жашындагы окуучулар көп барышы мүмкүн. Бул өспүрүмдүк кризис менен байланышкан, өсүп жаткан куракта балдар ар бир нерсени жүрөгүнө жакын алып, курч реакция жасайт. Ошондуктан алардын сезимдеринин калыптанып, өөрчүп турган кезинде жөнөкөй гана проблеманы алар оор кабыл алып, жанын кыйганга барышы мүмкүн. Мунун эң негизги себептери экономикалык кыйынчылыктар, карыз болуу, жакын адамынан ажыроо, жаңжал, өзүн-өзү жазалоо, же өзүн көрсөтүү максатында болот.

"Азаттык": Кээде өспүрүмдөр атайын коркутуу үчүн да ушуга барышат, анын артында өлүм тургандыгын сезбейт деген да пикирлер айтылып жүрөт. Психологияда бул кандай түшүндүрүлөт?

Нургүл Мусаева: Суициддин үч түрү болот, чыныгы, демонстративдик, аффекттик. Чыныгы - бул чын эле адам бул жашоодон кеткиси келип, өзүнүн өмүрүн кыйган учурлар. Аффекттик – депрессиянын эң жеткен чегине жеткенде, эмоциянын бийик деңгээлине жеткенде аффектке алдырып, өз өмүрүн кыйган учурлар. Ал эми демонстративдүү – бул өзүнө көңүл бурдуруу, же коркутуу максатында барышат.

"Азаттык": Өмүргө арзыбаган кадамдарга барып жатышат, ошону түшүнбөй туруп чоң өмүрдү жоготуп атышат. Ушуну алдын алуучу чаралар керек го. Кандай чаралар зарыл, адистер кандай кеңеш бере алат?

Нургүл Мусаева: Эң негизгиси - байкоо жүргүзүш керек. Адамдын суицидге жакындыгы эрте эле сөздөрүнөн, жүрүш-турушунан байкаса болот. Азыркы учурда мектептердеги иштеген психологдор эрте диагностика кылып, тесттерди өткөрүп, балдардын суицидге шыктуулугунун деңгээлин аныктап туруш керек. Ошондой эле консультациялык иштерди жүргүзүп туруш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG