Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Алиянын табышмактуу өлүмү, сырдуу каты


Маркум Алия Сактанова.
Маркум Алия Сактанова.

Бишкектеги №54 мектепте 7-класста окуган Алия Сактанованын өз жанын кыйышы туугандарын түмөн ойго салып, өлүмдүн себеби табышмак бойдон турат.

Маркумдун ата-энеси муну мектептеги рекетчиликке да байланыштырууда. Ал эми мугалимдер буга билим уясындагы көрүнүштөр тиешелүү эмес деген пикирде. Каргашадан бери бир жумадан ашуун убакыт өтсө да, факт боюнча кылмыш ишин козгогон милиция маркумдун жакындарына келип, окуянын чоо-жайын териштире элек.

Табышмактуу өлүм

“Эжеке, апа, досторум. Суранам, мени өлүмгө түрткөн адамды издебегиле! Ал силерди да өлтүрүшү мүмкүн...”

Бул сөздөрдү 13 жашар Алия өз жанын кыярдан мурда жазып калтырган. Кейиштүү окуя быйыл 10-майда күндүз Бишкектеги конуштардын биринде болду. Эркесинен ажырап, кабыргасы кайышып турган Гүлпари Сактанова кызынын сөөгү короодогу сарайдан табылганын айтууда:

- Кызым ак көңүл эле. Сырттан издейм, үйдөн издейм. Таппайм. Окуудан кайтканда күнүгө “мен келдим” деп жаркылдап кирип келчү. Эми жок... Коштошуу катын өзүн асып алардан эки күн мурун курбу кызына берип, “10-май күнү окугун" деп дайындаган экен. Эртерээк билсек, мындай жаман иш болбой калар беле...

Гүлпари Сактанова жана маркум Алиянын эжеси.
Гүлпари Сактанова жана маркум Алиянын эжеси.

Гүлпари эже Алиянын өлүмүн мектеп рекетчилигине байланыштырат. Анын айтымында, кызы соңку кездери аз сүйлөп, ойлуу болуп калган. Өз жанын кыйгандан соң анын курбулары мектепте чоң класстын кыздары акча талап кылып жүргөнүн, алып келбегендерди коркутуп, урарын айтышкан. Алардын божомолунда, Алия акыркы кездери ошол топтун кысымына көп дуушар боло баштаган:

- Төрт жашар бөбөгүн бала бакчадан дайыма алып келер эле. Күн сайын кеч кире баштаганда “Апа, бала бакчага сиз барасызбы же менби?” деп сурай берчү. Акыркы күндөрү антпей калды. Баланы алып келишин сурансам, “Өзүңүз эле барыңызчы” деп дубалга сүйөнүп, кайгылуу эле туруп калчу. Көчөгө чыккандан эмнегедир коркуп жүргөн.

Бирок кыздын бул абалына анчейин маани бербей, өткөөл курактагы көрүнүш катары кабыл алып жүргөн ата-эне ошол учурда эмне болуп жатканын Алиядан такап сурабаганы үчүн өздөрүн жемелеп отурушат. Бирок андан кимдер акча талап кылганын да билишпейт. Болгону аларда “чоң класстын окуучу кыздары эле” деген маалымат гана бар.

Асилбек Сактанов.
Асилбек Сактанов.

- Кызым окуган мектепте рекетчилик мурда балдардын арасында болор эле. Эми кыздар чыгыптыр, - деп таң калган атасы Асилбек кызынын жанын кыйганын рекетчиликтен сырткары, мугалимдер аны гинекологиялык текшерүүдөн өткөргөнү да ушул жолго барууга түрткү болдубу деген ойдо.

Көрсө, мурдараак мектепте Алиянын кош бойлуулугу тууралуу айың-кеп тарап, мугалимдер аны медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн. Бирок бул жөнүндө ата-энесине, жакындарына маалымдашкан эмес. Медициналык тыянак Алия жөнүндөгү ушактар калп экенин, жыныстык жашоого аралашпаганын тастыктаган. Догдурлардын тастыктамасын ата-эне анын ак экенин далилдөө максатында сактап жүрөт.

- Бул окуя кызымдын намысына тийип, акыры өз жанын кыюуга мажбурладыбы, кудай билет. Эмне үчүн бул тууралуу убагында бизге айтышкан эмес? Алардын кандай акысы бар эле биздин уруксатыбыз жок туруп, кызымды гинекологго алып барганга? Же болбосо тиги салык салган кыздардан корктубу, айтор миң түркүн ой келип жатат. Өлүмүнөн бир апта мурда чоң класстын кыздары аны ээрчитип алып, Пригородное аймагындагы бир мектепке барышканын уктук. Ал жакта кандайдыр “териштирүү” жасашмак экен. Курбуларынын айтымында, Алия аларга карыз болгону үчүн өздөрү менен кошо алып барышыптыр.

Көкүрөгү кирдеп турган Асилбек менен Гүлпари кызы көз жумган күнү мугалимдер келип кеткенин айтышат. Мектеп менен үйлөрүнүн ортосу беш жүз метрге жетпеген аралык болсо да, мектептегилер окуянын чоо-жайына кызыкпай, андан бери кабар албай жатканына кейип турушат.

- Өз кайгыбыз өзүбүз менен болуп, милицияга арыз жаза элекпиз. Эми жазууга камданып атабыз. Бирок фактынын негизинде кылмыш иши ачылып, териштирүү башталган. Ага карабай тергөөчү келип, сурак жүргүзгөн жок. Башында бир келип кеткен бойдон кабарсыз.

Мектеп күнөөнү ата-энеге коёт

Мектеп директору Ирина Борисова бул окуяга мектептин тиешеси жок экенин айтып, баарын тергөө чечерин белгилөөдө:

- Алия жакшынакай кыз, жакшы окуучу болчу. Бирок окуя боюнча толук комментарий бере албайбыз. Баарын тергөө чечсин.

Ирина айым баш болгон мугалимдер Алияга гинекологиялык текшерүү жүргүзүлгөнүн тастыкташты. Муну алар ушак-айыңдарды басуу максатында жасашканын билдиришти.

Алия таалим алган мектеп.
Алия таалим алган мектеп.

- Биздин мектепте мурда да ушундай окуя болгон. Бир кыз кош бойлуу экени тууралуу сөз тарап, аны текшертүү керектигин апасына айтканбыз. Ызаланган энеси кызын катуу урушкан. Ошондо ал кыз тамырын кесип, аман калган. Кийин билсек анын боюнда жок экен. Ошондуктан, Алия менен да ушундай окуя болбосун деп ата-энесине айтпай, медициналык кароодон өткөрдүк,- дейт Борисова.

Ал эми мектептин медайымы Лариса Брежнева окуучуларды ата-эненин уруксаты жок эле текшертүүгө мектеп акылуу экенин белгилейт:

- Биздин буга акыбыз бар. Негизи, бул жерде сөз болуп жаткандай гинекологиялык текшерүү болгон эмес. УЗИге гана түшүрүп, кош бойлуу эместигин тастыктаганбыз, - дейт Лариса айым.

Мектеп жамааты да кыздын өлүмүн кабыргасы кайышып кабыл алганын белгилешүүдө. Бирок рекетчилик тууралуу маалыматты тактоого алсыз экендиктерин айтып, кыздын өлүмү үчүн ата-энеси жоопкер деген негизди карманып жатышат.

Алиянын жакындары ал шайыр, ак көңүл кыз болгонун белгилешүүдө.
Алиянын жакындары ал шайыр, ак көңүл кыз болгонун белгилешүүдө.

Баса, Алия негизи Асилбек менен Гүлпаринин жээн небереси, кызынын кызы болот. Ымыркай кезинде эле аны өздөрүнө каттатып алышкан. Мугалимдер кыз бул тууралуу жакында билгенин, ата-энеси ажырашып, таята-таенесинин колунда чоңойгону тууралуу чындыкты кабыл алуу оор болуп, өз жанын кыйган болушу мүмкүн деп божомолдошот. Бирок маркумдун туугандары ал кичинесинен эле мындан кабардар экенин айтышты.

Алия Сактанованын өлүмүнө байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү фактынын негизинде кылмыш ишин козгогон. Бирок арадан он күндөй убакыт өтсө да милиция ишти жандуу териштербей жатканын мугалимдер да, маркумдун жакындары белгилешүүдө. Өлүм алдында жазылган кат да анализге берилбей турат.

Ишти карап жаткан тергөөчү Төлөгөн Жамбыл уулу бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- Иликтөө жүрүп жатат. Кыз өзүн асып алардан мурда калтырып кеткен жазуулар текшерилет. Дептерлерине да жазган билдирүүлөрү бар экен. Аны алганбыз. Мектепке өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери барып, териштирип келишкен. Азыр экспертизанын корутундусун күтүп жатабыз. Тергөө ошого карап уланат.

Ал арада милициянын ишине канааттанбаган жакындары окуяны териштирүүнү суранып, Биринчи Май райондук прокуратурасына арыз жазды. Кайгылуу окуянын себептери иликтене баштады.

Алиянын туугандарынын айтымында, ал соңку кезде ыр да жаза баштаган болчу. Төмөнкү саптар анын калемине таандык соңку ырлардын бири:

Дүйнөдөгү ай чырайым, асылым,

Дүйнөдөгү бар бакытым, алтыным.

Акак, алмаз, бийик тоолор татыксыз,

Бул дүйнөнүн эң асылы, байлыгым.

Бейиш десе, элестетем өзүңдү,

Бакыт десе, уккум келет сөзүңдү.

Бул дүйнөнү тартуу кылган ал экен,

Төрүмдөгү эң кымбатым, энекем!..

XS
SM
MD
LG